13.11.2010, 15:17

Эрнест Абдыжапаров: Кыргыз барда "кыргыз керемети" боло берет


Кыргыз киносу кыйын учурду баштан кечирип жатса да, акыркы жылдары режиссерлор далай ийгиликтерди жаратууда. Албетте мамлекет каржылоонун көлөмүн көбөйткөн менен кино дүркүрөп өнүгөт деп айтууга болбойт. Анткени өз дарамети, күч-аракети менен кино тартып жаткандар жок эмес. Кыргыз киносу өнүгүү жолундабы? Анын өнүгүшүнө мүмкүнчүлүктөр барбы? Ушул жана башка маселелер боюнча белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров ой бөлүшөт.

Кыргыз киносу жөнүндө

Мен кыргыз киносун экиге бөлмөкмүн: кыргыз киносу жана мамлекеттик кино деп. Мамлекеттик кино бүгүнкү күндө өзүнүн дараметин жоготуп, жокко эсе болуп калды. Мамлекеттин каржылоосу менен тартылган акыркы тасма "Белгисиз маршрут" көркөм өнөргө өзүнүн зор салымын кошту. Андан бери мамлекеттик кино, жада калса кыска метраждуу болсо да, тартыла элек. Ал эми кыргыздын киносу өркүндөп өсүп, жаркырап жанып жаткан учуру. Буга мисал, жаштарды даярдаган жайнаган окуу жайлар, Кыргызстанда өтүп жаткан фестивалдар, тышка чыгып орчундуу байгелердин алынып жатканы жана да учурда тартылып жаткан тасмалар. Санап берүү мүмкүн эмес.

Сан сапатка айланат деп айтылат. “Карындагы баланын кан болоорун ким билет” дегендей, мен тасмаларды жакшы-жаман деп бөлбөйт элем. Бүгүнкү күндө кандай болбосун тартылган тасманын ээлерин баатырлар деп эсептейм. Ал эми тартылып бүткөндөн кийин эл өзүнүн деңгээлине жараша мыктыларын тандап алат. Чабалдары өзүнөн-өзү калып калат..

Кино каражатты көп талап кылат, бирок ошончо каражатты кайтарып бере турган да тармак. Тилекке каршы, Кыргызстанда кино рыногу жок. Менин тасмаларым да азырынча актала элек. Ошондуктан, кыргыздар кино тартып, башка өлкөлөрдүн рыногуна чыгышы зарыл.

Ийгилик сыры

Ийгилик - бул элиңдин эмгегине берген алкышы! Кудайга шүгүр, алардан кур эмесмин, бирок негизги башкы ийгилигиме али да жете элекмин деп эсептейм. Анын качан болоорун, мезгилден сурашыбыз керек. Азырынча ошол ийгилике жете турган эмгегим менен алекмин.

Жакында эле Америкага болгон сапарымда кыргыздар дүйнөнү басыл алабыз деген туюм менен кайтып келдим.

Режиссерлор тууралуу

Улуу муундагы режиссерлордун зор салымы алардын тун тасмаларында эле. Чыныгы кыргыздын рухун, касиетин ошол алгачкы тасмаларында укмуштуудай болуп чагылдырылган. Кийин көбү идеологиялык кысымга дуушар болуп, майдаланып кетишкен. Азыркы муундун бир эле кемчилиги бар. Кароосуз жетим балдардайбыз. Ошого карабастан, кыска метраждуу болобу, толук метраждуу болобу, эптеп эле тартылган тасмаларыбыз таамай тийип элдин да, дүйнөлүк сынчылардын да купулуна толуп келүүдө.

“Кыргыз керемети” кайтып келеби

"Кырыз керемети" деген атка бир нече тасма эмес, жалпы кыргыздын ички дүйнөсү татыган. Ошол керемет кинофильм аркылуу дүйнөгө таанылган. Аны кайтаруунун кажети жок. Кыргыз барда "кыргыз керемети" боло берет. Мамлекетибизде туруктуулук болсо, кинобуз да дангыр жолго түшүп калат эле. Ошондо дүйнөнү дүңгүрөтө турган учур келет деп ойлойм. (даярдаган Мээрим Ибраева)