Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
10/11 17:59
 

Композитор Т.Чокиев: Кыргызстанда балдар театрын негиздөөгө убакыт жетти

Бишкек, 10-ноябрь. (КАБАР). Кыргыз музыкасынын тарыхында биринчи жолу балдарга арналган “Алтын уя” опереттасы коюлуда.

“КАБАР” агенттигинин суроолоруна Кыргызстан композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев жооп берди.

“КАБАР”: “Алтын уя” кыргыз музыкасынын тарыхындагы биринчи жолу балдарга арналган оперетта дедиңиз, ушунча жыл тарыхы бар кыргыз музыкасы, опера жана балет театры балдар үчүн оперетта коюга эми гана жетиштиби?

Т.Чокиев: Ага бир нерсе гана себеп болгон, балдар үчүн эч ким оперетта жазган эмес. “Алтын уя” биринчи спектакль. Ал эми композиторлор арасында балдар үчүн чыгарма жазгандар болгон, бирок алар коюлган эмес.
Биринчи жолу балдардын өз күчү менен костюмдар тигилип, декорация даярдалды. Балдардын демилгеси болбосо бул чыгарма да коюлмак эмес. Каржы бөлүнүп турса бизде таланттуу балдар көп, бир жылда жок дегенде эки оперетта, спектакль коюга мүмкүн. Биздин балдардын таланты чоң, потенциалы күчтүү.

“КАБАР”: Кыргызстанда орус, кыргыз академиялык драма, жаш көрүүчүлөр, куурчак театры бар. Ал эми балдар театрынын жоктугуна эмне себеп болууда?

Т.Чокиев: Балдар үчүн театр ачуу маселе көтөрүлгөн эмес. Куурчак театры, туура ал балдарга арналган бирок анда алар көрүүчү гана. Сахнада чоң кишилер ойноткон куурчактар. Балдар өздөрү сахнага чыгып, талантын ача турган жер жокко эсе.
“Алтын уяны” коюу менен балдар, биз чоң сахнага чыгууга даярбыз деп жарыя салышты. Мындай театр коңшу Казакстан, Россия, Түркменистан жана башка мамлекеттерде да бар.
Керектүү деңгээлде өкмөттөн каражат бөлүнүп, бул маселе министрликте көтөрүлсө аны ишке ашырууга бизде потенциал күчтүү. Канчалаган жылдан бери маданиятыбыз аксап келет, ага керектүү деңгээлде каражат бөлүнбөйт, маданият кызматкерлери чыныгы өз ишине берилген адамдар десе жарашат. Айлык акынын аздыгына карабай бул жаатта эмгектенип келишет.

“КАБАР”: Үстүбүздөгү жылдагы каргашалуу окуялар маданиятка таасир калтырабы?

Т.Чокиев: Кандай гана мезгил болбосун маданият жашап келет. 7-апрель күнү биз жогоруда айтып өткөн “Алтын уя” опереттасын даярдап жаткан элек, аны үзгүлтүккө учуратпастан улантып, май айында сахнага алып чыктык. Өлкөдө кризис, биз мыйзамсыз талаада жашап жатабыз деп ишти таштап койгон болбойт.
Ал эми чыгарманын баарын эле каргашалуу 7-апрель, түштүктөгү июнь окуяларына гана арнаганга болбойт. Жашоонун башка да жагы бар, аны да унутпоо керек.

“КАБАР”: Келечектеги пландарыңыз менен бөлүшүп кетсеңиз?

Т.Чокиев: Учурда чоң бир опера үстүндө иштөөдөмүн. Композиторлор союзунда көп жылдан бери тыныгуу болду, биз эстрада, жеңил музыкага берилип кеттик. Элди классикалык музыкага тартуу багытында иштөөдөбүз. Маданият адамдын жан дүйнөсүнүн азыгы дейт эмеспи, ушул себептен күнүмдүк турмуштан биз алагды болуп, театр, опера, концерттерге да барып туруу керек.
Эскерте кетүүчү нерсе “Алтын уя” “Ак шоола” театрлаштырылган хордун 25 жылдык юбилейине арналган, ага 3 жаштан 15 жашка чейинки балдар тартылган. (даярдаган М.Момуналиева)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу