Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
05/11 09:19
 

Кыргыз журналистикасы: сын жана чын

БИШКЕК, 4-ноябрь. (КАБАР). Алдыда 7-ноябрь, маалымат жана басма сөз күнү, белгиленгени турат. Быйылкы жыл Кыргызстан журналисттери үчүн чоң сыноо болду деп айтууга болот. Өлкөдө болгон олуттуу окуялар, тарыхый бурулуш мезгилде журналисттер элге так маалымат жеткире алдыбы, көйгөйлүү маселелер боюнча талдоо жүргүзүүдө объективдүүлүк сакталдыбы, бардык тараптардын ой-пикирин чагылдыра алдыштыбы деген өңдүү суроолор жаралып, жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) ишин сынга алуу көп болду. Маалымат айдыңында жергиликтүү ЖМКлар менен чет элдик ЖМКларды салыштырып, таразалаган учур да болду. Кыргызстандагы сөз эркиндиги, журналисттердин иши тууралуу “КАБАР” агенттигинин суроолоруна маданият жана маалымат министри баштаган журналисттер менен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жооп берди.

- Сиз Маданият жана маалымат министри катары Кыргызстанда сөз эркиндигинин денгээлине кандай баа берет элеңиз? Министр катары цензурага жол берген учур болдубу?

Садык Шер-Нияз, маданият жана маалымат министри:

- Сөз эркиндиги – бул өтө чоң жоопкерчилик. Сөз эркиндиги десе эле, биз баарын кылууга болот деп түшүнбөй, менин кылганым башка бирөөнүн укугун тебелегендикке жатпайбы, залакасы тийбейби деп таразалоо керек. Бул нагыз эркиндик болуп эсептелет. Менимче, маданият министрлигине маданият тармагын гана берүү керек. Ал эми министрликке башка тармактарды кошо берүү натыйжалуу болбойт. Маалымат таптакыр башка тутум. Албетте, маданиятка башка тармакты кошуу аракети башка өлкөлөрдүн тажрыйбасында да болгон. Алсак, маданиятка маалыматты, же туризмди кошуп коюшкан, бирок жыйынтыгы начар болгон. Бүгүнкү күндө маалымат тармагын портфели жок түзүм десек болчудай. Анткени мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары түздөн-түз өкмөткө караштуу болот, эркин басылмалардын өз ээлери бар. Ал эми аларды чогултуп, иш алып баруу кыйынга турат. Ошондуктан, мен өкмөттүн жыйындарында маданият министрлигин өзүнчө эле калтыруу керектигин айтып келатам. Ал эми цензураны мен түбүнөн эле кабыл албайм. Мен муну министр да, чыгармачыл адам катары да айтып жатам. Сөз эркиндиги кылымдар бою кыргыздардын канында келаткан улуттук мурас деп айтаар элем. Алсак, кыргыздар “эрдиги бар, эси жок Манас” деп баатырга тайманбай айта алган. Кыргыздар “элчи менен ырчыга өлүм жок” деп, сөз эркиндигине чек койгон эмес.

- Батыштагы биз суктанган сөз эркиндиги кыргыз элинин менталитетине туура келеби, болбосо ашыкча сөз эркиндигинин азабын чекпейбизби?

Тынчтыкбек Чоротегин, «Азаттык» үналгысынын Прагадагы серепчиси:

- Айтылуу түрк сатириги Азиз Несиндин өткөн кылымдагы расмий Анкарадагы катаал режимди сындаган бир азилин кыскача баяндасам, ал мындай деген: "Батыштан бизге кофе менен демократия экспорттолду. Кофесин биз, түрктөр, жактырдык, бирок демократияны анча сүйүңкүрөбөй кабылдадык". Анын сыңарындай, кофе менен кока-кола, ал түгүл банандан бери Ала-Тоодогу ар бир кокту-колотубузга жетти. Бирок сөз эркиндиги тууралуу көп сөз айтылган менен, анын чыныгы өкүмүнүн шартында жашай элекпиз. Менимче, кока-кола менен вискини ашыкча ичүүдөн чочулаганыбыз туурадыр, бирок коррупциядан, кылмыш дүйнөсүнөн, ар кыл жосунсуз жоруктардан сырткары болгон атуул эч бир өлкөдө, эч бир коомдо эч качан сөз эркиндигинин азабын чекпейт. Тескерисинче, анын убайын гана көрөт. Бул - ар бир эл умтулган жана жетүү үчүн күрөшкөн нукура асыл нарк.Кыргызды эле эмес, дүйнөдөгү эч бир улутту "тарыхый менталитетине жараша сөз жана басма сөз эркиндиги жок түркөй болуп жашашы керек" деп чектөөгө болбойт. Бирок, өкүнүчтүүсү, бийликке жетээр замат өз элинин бул укугун чектегиси келген атка минерлер четтен чыгат.

- Кыргыз журналисттери өздөрүн “төртүнчү бийликтин” өкүлү катары көрсөтө алган учурларды байкадыңыз беле? Мисал келтире аласызбы?

Ибраим Нуракун уулу, Би-би-синин кабарчысы:

- Менин ага-кесиптештерим кыргыз журналисттеринин эң таасирдүү доору 1990-жылдары болгон дешет. Туңгуч президент учурундагы алтын чыры, легендарлуу парламенттин таратылышы, медиадагы сындан тажаган бийликтин авторитардык ыкка бет алганы жаңы тарыхыбыздагы мисалдардан. Өлкөдө майда-барат чечимдерге таасир берген учурлары кыргыз журналисттеринде коңшу авторитардык өлкөлөргө салыштырмалуу абдан эле көп. Аксы окуясы, андан кийин 2005-жылдын март айындагы толкундоолор дал ушул медиадагы курч материалдардан кийин болгон. Маселен, Акаевдин үй-бүлөсүнө таандык деп айтылып жүргөн компаниялардын тизмесинин жарыяланышы коомчуукту үдүргүткөн. Президент Бакиевдин тушунда медиага кысым абдан күчтүү болду. Уруп-сабоо, өлтүрүүлөр орун алды. Ошого карабастан, электрге баанын көтөрүлүшү, үй-бүлөлүк башкаруунун күчөшү сыяктуу темалардын байма-бай козголушу элдин аң-сезимин ойготту. Медиа төртүнчү бийлик экенине жакында өткөн парламенттик шайлоо учурунда дагы көзүбүз жетти көрүнөт. Бирок, ушундай учурларда башка өлкөлөрдүн медиасынын таасири күчтүүрөөк болоору билинди. Андыктан, мен төртүнчү бийликти бир гана кыргыз журналисттерине таандык эмес, жалпы эле дүйнөлүк медиага мүнөздүү чек арасыз бийлик деп баалар элем.

- Кыргыз журналисттери өлкөдө болгон окуяларды туура чагылдыра алдыбы? Чет элдик ЖМКларга эмнеден уттурдук да, эмнеден уттук?

Динара Ошурахунова, “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” коомдук бирикмесинин лидери:

- Мен Кыргызстандагы бардык жалпыга маалымдоо каражаттары окуяларды туура чагылдырды деп айта албайм. Анткени мамлекеттик ЖМКлар баягыдай эле бийлик сөзүн айтып жатышты, ал эми көз карандысыз журналисттер өзүнүн пикирин билдирип жатты. Журналисттер деле адамдар, ошондуктан калыс маалыматты бере алган жок. Башкача айтканда, ЖМКлар деле саясатка киришип кетти, ошондуктан ортодо тура албай калган учурлар болду. Апрель, июнь окуяларын чагылдырууда, жадагаласа “Азаттык” дагы кээ бирде калыс боло албады. Эми ал түшүнүктүү, биз баарыбыз каргашалуу окуяларга көп аралашып бир четти сүйүнүп, бир четти ыйлап жүрдүк. Кээ бир ЖМКлар ал окуяларды колдонуп улутчулдукту, аял кишинин укугун тебелеп, фактыларга таянбаган ушактарды жазып башташты. Мен ал жөнүндө айткым келбейт. Эң негизгиси – бул журналисттердин профессионалдыгы. Эгерде журналист өзүнүн ишин жакшы билсе, ал эмнени жазса да, даярдаган репортаждары же макалалары окурмандарга кызыктуу болот. Эгерде кызык окуяны жаман сапат менен көргөзсө, ал өз ордун таппайт. Бирок азыр бизде сөз эркиндиги бар деп, аны жоопкерчиликсиз колдонбош керек, анткени эртен жоопкерчиликсиз, фактысы жок ушактарга каршы чыккан күчтөрдүн демилгеси менен сөз эркиндигин жоготуп алышыбыз мүмкүн.

Ал эми чет өлкөлүк ЖМКларды биздин ЖМКлар биринчиден фактылар менен ута алышат, анткени чет элдик ЖМКлар көп фактыларды билбейт, алар саясат жагына таянып жазышат. Биздин ЖМклар аларга фактылар менен жана профессионалдык менен жооп бериши зарыл. Эмнеден уттук? Кээ бир чет элдик ЖМКлардын көп чагымчыл материалдарына жооп бербей коюп, аларга теңелбей уттушка ээ болду деп айта алам. Анткени биздин ЖМКлар аларга окурмандын көңүлүн көп бурбай, алар тез унутулуп калды.

- Журналист катары көз карандысыз ММКда иштөө оңойбу же мамлекеттикпи? Мамлекеттик ЖМКда жоопкерчилик көп деп айтууга болобу?

Кубат Оторбаев, Улуттук телерадиоберүүнүн башкы директору:

- Чыныгы журналист үчүн мамлекеттик маалымат каражаты менен эркин маалымат каражаттарында иштөөдө жоопкерчиликтин жүгү бирдей болушу керек деп ойлойм. Ошол эле маалда мамлекеттик маалымат каражаттарынын ар кандай түрлөрү бар. Ага жараша ордулары да ар башка. Эркин басма сөздө да жагдай ошондой. Мисалы, мен мурда иштеген "Азаттык" радиосу бир убакта эркин басма сөздүн бирден бир түркүгү катары кызмат кылган учурлар бар. Ошол эле маалда мамлекеттик делген биринчи каналдын орду да мамлекетте төө көтөргүс. Айрыкча, быйыл апрелден бери болгон окуялар: мурдагы бийликтин урашы, май айындагы Ош, Жалал-Абаддагы бийликти кайтарып алуу аракеттери, июнь айындагы улуттар аралык кыгылышуу, августтагы референдум, 10-октябрдагы шайлоо - булардын баары терең жоопкерчилик менен акылга салып, чагылдыра турган, стандарттык эмес чечкиндүү чечимдерди талап кылган окуялар болду. Кыргызстандагы журналистика бул 6 айда чоң сыноодон өтүп, тажрыйба алып, айрым маселелерде алдыга кадам жасады деп эсептейм. (даярдаган М. Ибраева)


Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу