Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
01/11 19:35
 

Садык Шер-Нияз: Маданият кызматкерлерин бүтүндөй коом колдоого алышы керек


БИШКЕК, 1-ноябрь. (КАБАР). Эртең, 2-ноябрь, маданият кызматкерлеринин күнү. 1926-жылы дал ушул күнү кыргыз драма театрында биринчи драм кружок түзүлгөн. Маданият жана искусствону өнүктүрүү максатында 1995-жылы бул дата маданият кызматкерлеринин күнү катары калыптанган. Кыргызстандын Маданият жана маалымат министри Садык Шер-Нияз маданият кызматкерлеринин социалдык абалы, жалпы эле маданияттын өнүгүшү тууралуу “КАБАР” маалымат агенттигинин суроолоруна жооп берди.

“КАБАР”: Бүгүнкү күндөгү маданият кызматкерлеринин социалдык абалына кандай баа берет элеңиз?


Садык Шер-Нияз: Чындыгында учурда Кыргызстандын маданият кызматкерлеринин абалы жакшы эмес. Албетте, маданият кызматкерлери улуттун алдыңкы интеллигенциясы. Бирок алар жетиштүү деңгээлде камкордукка алынган эмес. Айрыкча, өлкө эгемендүүлүктү алгандан бери эч кандай жыргатаарлык жылыштар болгон жок. Советтик мезгилде маданият кызматкерлери үчүн үйлөр курулуп, татыктуу айлык акы берилип, ар тараптан колдоо көрсөтүлүп тураар эле. Ал эми акыркы 20 жылдын ичинде саясый, экономикалык каатчылыктардын кесепетинен мындай колдоонун 5 пайызы да аткарылган жок. Өлкөдө болгон акыркы окуялардан деле тыянак чыгарууга болот, маданият өнүкмөйүн, саясый, туруктуулук, экономикалык өнүгүү болбойт. Ал эми маданиятты өнүктүрүү үчүн бул тармакта иштеген кызматкерлерди колдоого алуу зарыл.

“КАБАР”: Маданият кызматкерлерин коомчулук кантип колдошу керек?


Садык Шер-Нияз: Эл маданият кызматкерлерин кол чабып колдосо, алар акчага деле кайыл болуп, иштешмек. Учурда 8 театрда спектаклдар коюла баштады. Бирок ага жаштардын баруусу өтө аз. Эгерде жаштарды маданиятка тарта алсак, алар спектакль көрүп, жаңы аңгемелерди окуп, акыркы тартылган кыргыз кинолорун көрүп, ошолорду талкууга алганда гана маданият чөйрөсүнө аралашкан болот эле. Азыркы учурда эң башкы маселе коомду маданиятка тартуу болуп турат. Бүгүнкү күндө коомчулукка маданий жаңылыктар жеткиликтүү эле болууда. Жеткиликтүү деңгээлде спектаклдар коюлуп, көргөзмөлөр уюштурулууда. Бирок коомдун аралашуусу өтө начар. Айрыкча, жаштар көбүрөөк аралашып, алдыңкы саптагылары башкаларга үлгү болуп маданиятка тартылса, жакшы болмок. Албетте, 7-апрелде кыргыз жаштары улуу муунга үлгү болуп, мамлекеттин келечеги үчүн кайдыгер эместигин көрсөтүштү. Эми рухий баалуулуктар да четте калбай, материалдык байлыктан, маданий байлыкты өйдө коюп, руханий баалуулукка тартылса, дагы бир эрдик көрсөткөн болот эле.

“КАБАР”: Кыргызстанда канча маданият кызматкери бар жана алардын алган орточо айлык акылары канча?

Садык Шер-Нияз: Учурда Кыргызстанда 16 миңден ашык маданият кызматкерлери бар. Мында айылдагы клубдардан тартып, китепкана, театрлар, маданият тармагындагы билим берүү мекемелеринде иштегендерге чейин кирет. Ал эми орточо айлык акылары 3 миң сомдун тегерегинде. Анын ичинде өтө аз айлык алып иштегендер бар. Айлык маселеси оор маселе. Бул көйгөй мамлекеттин бюджетинин көлөмүнөн, өлкөнүн экономикалык абалынан көз каранды. Оңой менен чечилбей турган маселе. Анткени биздин финансылык көйгөйлөрүбүз бар. Бирок бул маселени оңой эле чечип коюунун да жолу бар. Ал бүтүндөй коомдун маданият кызматкерлерине көбүрөөк көңүл буруусунда. Учурда башкы маселе айлык акынын аздыгында да эмес, коомдун көңүл бурбагандыгында болуп турат. Ушул маселе чечилгенде гана башка көйгөйлөр чечилмек. 

“КАБАР”: Мамлекеттик казынасын карап отура бербей, башка да жолдор менен чечүүгө болобу?

Садык Шер-Нияз: Туура, каражатты башка да жол менен табууга болот. Алсак, кыргыз эстрадасы бул жаатта алгылыктуу иштерди жасашууда. Алардын уюштуруу иштери жолго салынды десек болот. Бирок азыр эле каржы маселесин чечүүгө мүмкүн эмес. 

“КАБАР”: Айыл жерлерине театр качан барат деген да олуттуу маселе бар. Мурда гастролдоп айыл турмак, алыскы чабандарга чейин жетишчү эле. Бүгүн дал ошондой гастролдорду уюштурууга мүмкүнбү?

Садык Шер-Нияз: Ооба, гастроль маселеси өтө олуттуу көйгөйлөрдүн бири. Мурда советтик мезгилде мындай гастролдор бардык тараптан камсыздалып, мыкты уюштурулчу. Барган район, айылдарда тосуп алышып, унаа менен камсыздалып, акы төлөнчү. Учурда биздин коомдо өзгөрүүлөр болуп жатканда мындай гастролдорду уюштурууга мүмкүн эмес. Алсак, маданий иштерден саясый айдыңдагы иштер кызыктуу болуп, элдин баары ошол тарапка кызыгып турганда, бул өңдүү иштерди жүзөгө ашырууга кыйын болуп калат экен. Ошондуктан, буга ар тараптуу көңүл буруу керек. 20 жылдан бери басмырланып, деңгээли төмөндөп кеткен маданиятты бир айда, же бир жылда кайра көтөрүүгө мүмкүн эмес. 

“КАБАР”: Ашыкча саясатташып кеткен коомду маданиятка кантип тартуу керек?


Садык Шер-Нияз: Маданият жаатында кичинекей жеңиш болсо да, бүтүндөй коомчулукка жарыялап, колдоо керек. Маданий жайларга жарандарды тартып, бул жөрөлгөнү бара-бара бардык айыл жерлеринде жайылтуу керек. Бул көп эмгекти талап кылат. Кеминде 5-6 жылдан кийин айыл жерлеринде көрүүчүлөр залга батпай, артисттердин алганы жогорулайт деп үмүттөнсөк болот. Бул жөрөлгөнү жолго салууга убакыт керек. Эртең эле элдин баары театрга барып, акын-жазуучулардын чыгармаларын окуп, талкууга алат деп айтууга болбойт. Бирок шайлоого жалпы шайлоочулардын 55 пайыздан көбүрөөгүнүн гана келиши элдин саясаттан да чарчаганын көрсөтүп турат. Демек рухий баалуулуктарды жайылтып, маданиятты өнүктүрүү зарылчылыгы бышып жетилди. 

“КАБАР”: Балким маданият тармагына мыкты менеджерлер жетишпей жаткандыр?

Садык Шер-Нияз: Ооба, бизде мыкты уюштуруучулар аз. Маданият тармагындагы иш кыла билгендердин көбү бизнеске аралашып кетти. Ал эми министрлик тууралуу айта турган болсок, акыркы жылдары улам статусу өзгөрүп, бир туруп агенттик, кайра министрлик болуп калыптанды. Бир жылда үч-төрт министр алмашты. Мындай тез-тез өзгөрүүлөрдөн башка маданият кызматкерлери турмак, министрликтин аппаратында иштегендердин да башы айланды. Эми да жаңы өкмөт калыптанганы турат. Азырынча бийликте туруктуулук болмоюн, бир ишти баштоого мүмкүн эмес. Анткени мен өзүмдөн мурдагы министрдин жасай баштаган ишин улантпай коюшум мүмкүн. Же менин баштаган ишим кийинки келген министр тарабынан колдоого татыбай калышы ыктымал. Бирок үч айдан кийин баары бир кетет экенбиз дебей, алгылыктуу иштерди аткардык. Сырттан 1 миллион сомго жакын инвестиция тартуу менен бир катар мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга жетиштик. (М. Ибраева)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу