Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
28/10 10:02
 

Нарын районундагы Куланак айылында туулуп өскөндөр жердештерине жардам бермей болушту

Нарын 28-октябрь (КАБАР) Нарын районунун Куланак айылында Кыргызстандын булуң-бурчтарында жашап-иштеп атышкан уул-кыздарынын катышуусунда ынтымак курултайы өткөрүлдү. Анын уюштуруучуларынын бири, «Шатен» фирмасынын деректири Жумабек Токтогазиев төмөндөгүлөргө токтолду:

- Курултай бир убактагы же бир жылдык иш-чара эмес. Кыргызстандын аймагында Куланактын 500-600дөй жарандары иштешет. Ушулардан жылына 1000 сомдон эле чогултканда 400-500 миң сом болчудай. Ошентип 2011-жылы айылдын бир жагына, 2012-жылы экинчи бир тарабына жардам берсек, түзүлгөн фонд андан ары иштеп кете бермекчи. Ушинтип жылына жардам берилип турса, айылды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары боюнча иш алга жыла берет. Эң негизгиси – учурдагы социалдык абалы кыйын жактарга биринчи иретте жардам берилиши зарыл.

«Куланак-ынтымак» фондунун төрагасы Бердибек Шаршембиев айылдагы социалдык обьектилердин абалы чынын айтканда начар экенине токтолду. Фонддун мүчөсү ардагер Сыдык Жумабаев: - "Кайсы жерде ынтымак болсо, кандай иш болбосун алдыга жылат. Туш-тушта жашап-иштеп жүргөн жаштарыбыздын туулуп-өскөн айылына жардам беребиз дешкендери эң жакшы. Чоң рахматтан башка эмне дейбиз", - деди.

Ошондой эле Учкун айыл округунун башчысы Ысагаалы Макеналиев ынтымак курултайы Куланак айылында биринчи жолу өткөрүлүп жатканын, ал айыл үчүн чоң мааниге ээ экендигин белгиледи. Мындан ары ал иш-чаранын аркасы менен оңдолуучу жана курулуучу обьектилерди жакшыртып-жаңыртып алууга мүмкүндүк түзүлөөрүнө токтолду. Мында округ башчысы А.Аралбаев атындагы орто мектептин он жылдан бери ремонттоло электигин, мончону, клубду оңдоп, Т.Жумакаева атындагы маданият үйүн жаштар сарайына айлантуу керектигин мисал келтирди.

Курултайда айылдагы көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча көптөгөн ой-пикирлер айтылды. Эң негизгиси куланактыктардын ынтымагы бекем болсо, айылда көп жакшы иштер жасалаарына басым жасалды. Алсак, айыл четинде дренаж ыкмасы менен сазды кургатып, турак үйлөрдү жарылуудан сактап калуу, малдын ылаңдарын убагында дарылап, муну үчүн ветеринардык сервис ачуу, айылдыктарды айдап-себүү, оруп-жыюу өнөктүктөрүндө күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыз кылуу курултайдагы негизги маселелерден болуп калды.

"Менин оюмча", - деди Жумабек Токтогазиев акырында, - "Кыргыздар илгертен эле олуттуу маселелерди курултайларда чечип келген. Мындай курултайлар ар бир айылда, райондо, облуста, акырында мамлекетте болушу керек. Ушундан улам куланактыктар ынтымак коомун түздүк. Мында карыяларыбызды жаштар сыйламайын, алардын асыл акыл-насааттарын укмайын эч убакта ынтымакка келе албайбыз. Буюрса жогорудагы тилегибиз ишке ашса, облустун айылдарына, райондоруна өрнөк болгудай кылып, мамлекеттик деңгээлге алып чыгалы деген ойдобуз.

Курултайда айылдагы мектептин окуучулары меймандарга концерт тартуулашты. Тагдыр чечер кеңешке, топураган тойго эмес, орчун ойлорго үндөгөн айыл курултайы жогорудагыдай жакшы маанайда аяктады. (Таалайбек Дүйшөналиев)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу