Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
26/10 15:26
 

Ф.Ниязов: КСДПнын жана “Республиканын” лидерлери башкаруучу коалицияга катышуу жөнүндө макулдашты

БИШКЕК, 26-октябрь. (КАБАР). Суроо:-Шайоодон кийин эки апта өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыктары чыгарыла элек. Коомчулук белгисиздикке тынчсызданууда. КСДПнын расмий өкүлү катары Жогогрку Кеңеш ишин качан баштай тургандыгын жана башкаруучу коалицияга кимдер кире тургандыгын айтып бере аласызбы?

Жооп:-Биздин партиябыз бардык калган партиялардай эле, Боршайкомдон шайлоонун расмий жыйынтыктарын тезирээк жарыяланышын күтүүдө. КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаев 11-октябрда эле: “Биз элдин тандоосун урматтайбыз жана Боршайкомдун расмий натыйжаларын кабыл алабыз”,- деп билдирген.

Биз протоколдорду салыштыруу жолу менен процессти создуктуруунун демилгечилери болуп чыккан эмеспиз. КСДП “Ар-Намыс” жана “Бүтүн Кыргызстан” партияларынын өкүлдөрүнүн оозунан чыккан бул сыяктуу сунушка макул гана болгон.
Башкаруучу коалиция жөнүндөгү маселе Жогорку Кеңеш өзүнүн биринчи сессиясына чогулгандан кийин гана чечилет. Парламенттеги орундарга атаандаштык кылышкан партиялардын лидерлеринин ортосундагы сүйлөшүүлөр добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча алдын ала маалыматтар пайда болгондон кийин эле дароо башталгандыгы жашыруун эмес. Бирок аныгы бүгүн эмес, жаңы парламенттин ишинин биринчи күнүндө белгилүү болот деп ойлоймун.

Суроо:-Алмазбек Атамбаев жеңип чыккан башка партиялардын лидерлеринен айырмаланып, өзүлөрүнүн өнөктөштөрүнөн кимди көргүсү келгендигин бир да жолу айта элек.

Жооп:-КСДПнын саясый кеңеши түшүндүрмө берүүгө добуш берүүнүн расмий жыйынтыктары жарыяланганга чейин киришүүнү каалаган эмес. Бирок Атамбаев негизги позицияларын дароо эле белгилеген. КСДПнын башкы шарты биздин программалык эң маанилүү максаттарыбызды ишке ашыруу боюнча ачык-айкын биргелешип иштөөдө турат. Бул өлкөдө туруктуулукту жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу; жаңы жумуш орундарын түзүү жана инвестицияларды тартуу; пенсионерлерди жана жарды-жармачтарды колдоо программаларын ишке ашыруу; Россия менен стратегиялык өнөктөштүктү жана коңшулаш мамлекеттер менен мамилелерди жолго салууну эсепке алуу менен тышкы саясатта улуттук кызыкчылыктарды сактоо. Атамбаевдин башка партиялардын лидерлери менен сүйлөшүүлөрү ушундай негизде жүргүзүлгөн.

Суроо:-Эмнелер жөнүндө макулдашылды?

Жооп:-Бүгүнкү күндө КСДПнын мүмкүн болуучу башкаруучу коалицияда биргелешип иштеши жөнүндө “Республика” партиясынын лидери менен макулдашуу бар. Үчүнчү катышуучунун орду бош турат. “Ата-Мекендин” лидерлери менен сүйлөшүүлөр улантылууда, бирок айрым позициялар боюнча, атап айтканда тышкы саясат жагында айырмачылыктар бар. Ошондуктан башка варианттар мүмкүн. Эң башкысы оорчулуктун өсүшүнө жол бербөө жана элдин биримдигин камсыз кылуу. Шайлоодогу башкы жеңүүчү кандайдыр бир партия эмес, Кыргызстандын эли болууга тийиш.

Суроо:-Сиздин көз карашыңызда өлкө парламенти жана өкмөтү качан түзүлөт?

Жооп:-БШК маалыматтарды текшерүүнү ушул аптанын аягына чейин бүтүрүп, жыйынтыктарды жарыялай ала тургандыгына ишенемин. Ушундан кийин Боршайком тарабынан жеңүүчүлөр деп жарыяланган партиялар парламенттин биринчи отурумун даярдоо үчүн Конституцияда берилген 15 күндү күтүп отурушпайт. Коомдо туруктуулук керек, ага баарыбыз умтулууга тийишпиз. (которгон Ж.Тынаев)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу