Интервью

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
22/10 14:29
 

Талант Осмонов: Маданиятты өнүктүрүү – мамлекетти өнүктүрүү менен барабар


А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын солисти Талант Осмонов ушул жылдын 14-октябрынан 18-октябрга чейин Грозный шаарында (Чечен Республикасы) өткөн Махмуд Эсамбаев атындагы жеке бий эл аралык фестивалында ийгиликке жетишти. Бийчи “Эстрада бийи” номинациясында үчүнчү орунду алып, фестивалдын лауреаты болду. Аталган фестивалга 13 өлкөдөн 40тан ашуун адам катышкан. Т. Осмонов үчүнчү орунга ээ болуу менен, Чечен Республикасынын маданият министри Дикалу Музакаевдин атайын сыйлыгына арзыды.

Талант Осмонов 1985-жылы туулган. 2004-жылы Бишкектеги Ч. Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайын аяктап, чыгармачылык жолун Казакстандын мамлекеттик академиялык театрында баштаган. 2008-жылдын май айынан тартып, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында эмгектене баштады. Аз убакыт аралыгында классикалык репертуарларда алдыңкы партияларды аткарды. Алсак, Л. Минкустун “Дон Кихот” чыгармасында Базилдин, ушул эле автордун “Корсар” чыгармасында Конраддын, А. Адандын “Жизелинде” Альберттин, А. Хачатуряндын “Спартак” балетинде Спартактын, К. Молдобасановдун “Саманчынын жолунда” чыгармасында Касымдын ролун жараткан.

Фестиваль жөнүндө

Мен таланттуу бийчи Махмуд Эсамбаевдин мекенине барып бийлегиниме сыймыктанам. Баарыбыз билгендей, ал кишинин чыгармачылык жолу бизде, Кыргызстанда, башталган. Ал убакта чечен эли депортацияланып, Махмуд Эсамбаев тагдыр буйругу менен Кыргызстанга келген болчу. Фестивалга катышуу мага көп таасир калтырды. Таланттуу адамдар менен жолугушуп, көп досторду күттүм.

Баарынан да мени чечен элинин меймандостугу суктандырды. Мүмкүнчүлүгүм болсо Чечен Республикасына дагы баргым келет. Ал эми Махмуд Эсамбаев атындагы эл аралык сынакка кийинки жолу катышамбы же жокпу, аны убакыт көрсөтөт. Бирок мен жыл өткөн сайын бул фестиваль маданият жана искусство жаатында дүйнөлүк деңгээлге көтөрүлөт деп ишенем.

Казакстандан кайтып келүү

Бишкектеги Чолпонбек Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайын аяктагандан кийин тандоо жолу менен Казакстандын мамлекеттик академиялык театрына алып кетишкен. Ал жерде Булат Аюхановдун жетекчилиги астында чыгармачылык жолумду баштап, жеке вариацияларды аткара баштадым. Кыргызстанга үй-бүлөлүк шартка байланыштуу, ошондой эле биздин театрдын алгылыктуу сунуштарынан улам кайтып келдим. 2005-жылы мен окууну аяктаган соң, чет өлкөдөн иш издөөгө аргасыз элем. Азыр болсо биздин театрдын мүмкүнчүлүктөрү кеңейди. Театр жетекчилиги шарттарды жакшыртып, айлык акыларды көтөрүү аракетинде.

Кыргыз балети тууралуу

Алдыда талыкпай иштеш керек. Бул жолу үчүнчү орунду алсам, кийинки сынактарда экинчи, биринчи, кудай буюрса, баш байгени алганга аракет кылам. Мени биздин академиялык опера жана балет театрдын репертуарынын бай экендиги сыймыктандырат. Репертуарды дагы байытып, кыргыз балетин жаңы бийиктикке көтөрүүгө өз салымымды кошкум келет. Болгону моралдык, каржы жагынан колдоо болсо, иш алга жылат. Антпесе эл аралык фестиваль, сынактарга катышайын десек, каражат тартыш. Каражат издөө менен алек болуп, даярдык жагынан аксап калабыз. Бул ирет Махмуд Эсамбаев атындагы эл аралык сынакка барган-келген жол кире, жашаган жайыбызга чейин Кыргызстандагы Россия элчилиги колго алды. Биздин бийлик да маданиятка көбүрөөк көңүл бурса, бийиктиктерди багындырууга болоор эле. Анткени, маданият –тмамлекеттин жүзү. Маданиятыбыз бийик болгондо гана, бүгүнкү күңдөгү саясый өңүттөгү ар кандай маселелер жаралбайт беле?! (даярдаган Мээрим Ибраева)


Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу