Интервью

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
07/10 10:31
 

К. Турдумамбетов: Жалал-Абад облустук прокуратурасында шайлоого карата ишеним телефондору иштеп жатат

Жалал-Абад 7-октябрь (КАБАР) Облустун прокурору Каныбек Турдумамбетов кабарчыбыздын суроолоруна жооп берди.

- Каныбек Жолдошбекович, 10-октябрда боло турган шайлоо учурунда мыйзамдуулуктун сакталышы боюнча кандай иштер аткарылып жатат?

-Жалал-Абад облусунун прокуратура органдары өз кызматтык милдеттеринин чектеринде КР Башкы прокурорунун буйруктарын жана көрсөтмөлөрүнүн негизинде мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөлдүк жүргүзүп жатат.
Облустук прокуратурада шайлоону өткөрүүдө мыйзам бузуулардын алдын алуу жана аныкталган мыйзам бузууларга карата өз убагында чара көрүү үчүн штабдар райондордун жана шаарлардын прокуратураларында түзүлгөн.
Шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде арыз кайрылууларды өз убагында каттап чечүү үчүн прокуратура органдарында ишеним телефондору уюштурулуп, жергиликтүү массалык маалымат каражаттарына жарыяланган.

Прокуратура органдары бүгүнкү күндө облустук жана район шаарлардын шайлоо комиссиялары менен тыгыз байланышта иштеп жатышат.

Мыйзамдуулукту так көзөмөлдөө максатында 2010-жылдын 28-августунда Жалал-Абад облусттук прокуратурасынын имаратында облустук шайлоо комиссиясынын төрагасынын катышуусунда прокуратура кызматкерлери менен шайлоону өткөрүүдө мыйзам бузуулардын алдын алуу жана аныкталган мыйзам бузууларга карата өз убагында чара көрүү үчүн семинар өткөрүлгөн.

- Шайлоо жакындап калган мезгилде жана шайлоо күнү ар кандай мыйзам бузуулар көп болот эмеспи. Ошону алдын алуу боюнча кандай иш-чаралар кабыл алынды?

-Жалал-Абад облусунун прокурору жана ички иштер башкармалыгынын башчысы тарабынан ар кандай укук бузууларга карата өз убагында процессуалдык жактан документтештирүү тобу түзүлдү.
Бул топ шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө, добуш берүү жана жыйынтыгын чыгаруу мезгилинде облусубуздун аймагында катталган же аныкталган мыйзам бузууларга карата токтоосуз түрдө чара көрүү үчүн иштейт.
- Облусубуздун район - шаарларында шайлоого карата даярдыктар боюнча сиздер тараптан кандай текшерүүлөр болду?

-Шайлоону өткөрүүдө облустук, райондук жана участоктук шайлоо комиссияларында бир нече жолу мыйзам бузуулар аныкталып, ага өз убагында чара көрүлдү.

Мисалы, Аксы, Ноокен жана Базар-Коргон районунда шайлоочулардын тизмелерин тактоо мезгилинде кетирилген кемчиликтер прокуратура органдары тарабынан аныкталып, иш убагында мыйзам жолуна салынган.

Жалпысынан облустун прокуратура органдары тарабынан мыйзам бузууларга карата 29 талап жана 3 сунуш келтирилди. Мындан сырткары, шайлоого чейин жана шайлоо күнү добуш берүү жана жыйынтыгын чыгаруу мезгилинде да прокуратура органдары өз иш орундарында ишетешет.

(Маектешкен Анархан Жаңыбаева)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу