Интервью

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
25/09 11:28
 

С. Бакиров: Улут аралык ар кандай тополоңду уюштуруучуларга катуу жаза колдонулат


Жалал-Абад 25-сентябрь (КАБАР) Өз кабарчыбыз Жалал-Абад облусттук ички иштер башкармасынын начальниги, милициянын полковниги Станбек Бакиров менен азыркы учурдагы коомдук-саясий абал, ар кандай ушак-айыңдар боюнча кыскача маектешти.

- Эл арасында жүрүп жаткан "Жакынкы күндөрдө, кайра улут аралык уруштар чыгат" - деген ушак-кептерге кандай дейсиз?

- Мындай ушак кептерди биз чыгымчылык деп эсептейбиз. Ушактарды облусттук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам жолдор менен такталып, текшерилип турат. Мындай ушактарды криминалдык чөйрөдөгү адамдар чыгарышы мүмкүн.

Мен учурдан пайдаланып айтып кетким келет, биринчиден "жаман айтпай, жакшы жок" дегендей, эгерде кайрадан улут аралык уруштар чыга турган болсо, укук коргоо органдарынын кызматкерлери мындай аракеттерди токтотуу үчүн күчү жана техникасы жетиштүү. Уюштуруучуларга каттуу жаза колдонулат. Азыркы учурда Жалал-Абад облустунун аймагында коомдук-саясий кырдаал тынч жана көзөмөлдө турат.

- Жакында боло турган парламенттик шайлоого карата милиция кызматкерлери тарабынан кандай даярдыктар көрүлүп жатат?

- Облустун аймагында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери эч кандай саясий партиянын үгүт иштерине катышпайт. Алдыда келе жаткан парламенттик шайлоолор боюнча, шайлоого ат салышкан ар бир саясий партия эл менен жолугушуу учурунда, коомдук жана жол коопсуздугун сактоо максатында кызматта болушат.
Эгерде, кайсыл бир милиция кызматкери саясий партиялардын үгүт иштерине катышуусу аныкталса, ошол кызматкер ички иштер органынан бошотулушу ар бир кызматкерге эскертилген.

- Ош, Жалал-Абад окуяларын тергөө амалдарына көз карандысыз эл аралык иликтөөсү керек дегенге кандай карайсыз?

- Катталган окуялар боюнча тергөө иштерин такшалган тергөөчүлөр алып барышууда. Укук коргоо органдары тарабынан катталган кылмыш иштери боюнча улутуна, рассасына, динине, жынысына карабайт. Ата-бабаларыбыз айткандай "кылмыш иши, кырк жылда билинет" - дегендей, азыркы учурда кырк саатта эле билинип калды. Ушул себептен, кылмыш жасаган адам биз үчүн кылмышкер катары эсептелет.
Жакында АКШда болгон БУУнун саммитинин пленардык жыйынында Ош, Жалал-Абад окуялары жөнүндөгү ойлор боюнча айтылган сөздөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын түштүк регионунда жашаган кыргыз, өзбек улутундагы тургундар үчүнчү күчтөр тарабынан терең ойлонуштурулган жана жакшы уюштурулган акциянын барымтасы болду деп билдиргенине кошуламын. Түштүктө жашаган өзбек, кыргыз улутундагы элдердин арасында дили, тили, үрп-адаты, той-тамашасы да бир болуп калган. Жүргүзүлгөн тергөө амалдары КР мыйзамдарынын негизинде аткарылууда. Эгерде көз карандысыз эл аралык иликтөө кызматкерлери аралашса да, ушундай эле чечимге келиши мүмкүн. Ушул себептен башка элдерге көз карандысыз иликтөө кызматкерлери аралашуусу зарыл болсо, мен бул ишке каршылыгым жок.

(Маектешкен Анархан Жаңыбаева)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу