Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
23/09 11:36
 

Р.Шүкүралиев: Сотторго А.Аскаровдун иши боюнча журналисттер, бейөкмөт уюмдар тарабынан кысым көрсөтүлүүдө

 

Жалал-Абад, 23-сентябрь. (КАБАР). Мындай пикирин 22-сентябрь күнү КР Президентинин маалымат-координациялык борборунун Жалал-Абад облусттук филиалында өткөн маалымат жыйынында облусттук соттун төрагасы Рыспек Шүкүралиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. Ал “КАБАР” Агенттигинин журналистинин төмөндөгү бир нече суроолоруна да жооп берди.

- Рыспек мырза, Жалал-Абад облусттук сот бүгүнкү күндө кандай иштердин үстүндө аракеттенүүдө жана соттор эл ишеничин актап жатат деп айта аласызбы?

- Жалал-Абад облусундагы район-шаардык соттордо азыр иштер абдан көбөйүп жатат. Мурда 49 судья болсо, азыр судьялардын саны 52ге жетти. Бир жактуу ишти караган соттордун баардыгы тең толук иштерди кароого милдеттүү болуп калды. Мен айтаар элем, азыр өзгөчө Жалал-Абад шаардык сотуна, Сузак жана Базар-Коргон райондук сотторуна өтө оорчундуу оор иштер келип түшүп жатат. Азыр ошол иштер бардык журналисттер, маалымат каражаттарынын арасында болобу, кайсы жерде болбосун ушул жөнүндө көп сөз болуп жатат. Өзгөчө жанагы массалык баш аламандык, улуттар аралык жаңжал. Ушул иштер сотторго келип түшүп жатат, каралып да жатат. Өзүңүздөр билесиздер, Базар-Коргон райондук соту тарабынан жакында эле массалык башаламандыкты уюштуруучулардын бирине өкүм чыкты. Ал абдан оор өкүм болду. Ага карата апелляциялык арыз жазылды. Жакын арада түшөт деп күтүп жатабыз.

Ошондой эле башаламандык деп жатпайбызбы, мурунку губернаторубуз Кошбай Масиров баш болгон жоон топ адамдын иши мынакей Жалал-Абад шаардык сотунда каралып жатат. Ал иш аяктоо алдында турат. Акыркы сөздөрү гана калды. Жакын арада бул иштин да аягына чыгабыз.

- Акыркы мезгилде сотторду алмаштыруулар болуп, алардын ордуларына жаңылары дайындалып жатат. Мына ушул дайындоолорго соттордо кандайдыр бир нааразычылыктар жокпу?

- Эми ачыгын айтып коюш керек. Өздөрүнүн ордуларынан ажырап калган соттор тараптан нааразычылыктар бар. Аларга жолугуп да, сүйлөшүп да калып жатабыз. «Эмне себептен бошоп калганыбызды билбей жатабыз? Бизден сурап да койбой жатат? Сурап койсо, биз айтат элек?»- деген сөздөр болуп жатат.

- Акаевдин, Бакиевдин доорунда деле сотторго элдин 90 пайызы ишенбейт, аларга болгон ишенбөөчүлүк күчтүү деп, айтылып келген. Сиздин көз карашыңыз боюнча эки ыңкылаптан кийин деле «сотторго элдер ишенбейт»- деп айтып калышат. Мына ушул айыптоого сиздер кандай көз караштасыздар?


- Бул суроого ар тараптуу жооп берүүгө туура келет. Анткен себеби, коомубуз ооруп турат. Жалаң эле сотту албайлы, эл Президентке, Жогорку Кеңешке деле нааразы болуп келди. Биринчи жана экинчи ыңкылап дейбиз, ошондо кимдер тарады? Ошол эки бийлик бутагы кетип, сот бийлик бутагы калбады беле. Мына ошондо деле Президентибиз кайда? “Акжолчу” депутаттарыбыз кайда? Соттор ордунда эле иштеп жатпайбы. Мен айтат элем, бул өтө чоң татаал маселе да. Анткен себеби, коомубуз ооруп турат деп мен бекеринен айткан жокмун. «Кайсы жерге жумушка барба, бирдеме бермейин орношо албайсың» - деген түшүнүктү баары билет. Мынакей мен айтып кете турган болсом, азыр бизде соттордун жардамчыларына көчөдөн келгендерди кабыл алып жатабыз. Эми муну менен мен айткым келет, сотторго болгон ишеничти ошонун гана үй-бүлөөсү билет. «И бул эч нерсе бербей орношту»- депчи. Мен көчөгө чыгып алып жарыя салбайм да. Ушундай да, соттор баягысындай эле иштеп жатат.

Бизде соттор кеңеши деген бар. Ошол жактан иргелип жатабыз. Пара алып кармалып жаткан соттор өздөрү соттолуп жатат. Аны бөлөк жактан соттор соттобойт, өзүбүздүн эле соттор соттоп жатышат. Туура эмес иш карап койсо, «паланча райондун паланча соту туура эмес чечип койду, ошону жумуштан алып бер», - деп мага келгендер, түз эле Президентке чыгабыз дешкендер да бар. Эми мен айтаар элем, сот бул даяр продукция эмес. Бул узак мезгилде калыптана турган иш да. Анткен себеби, мен соттун ишин жүрөккө операция жасап жаткан хирургдун ишиндей элестетем. Себеби адам тагдыры турат анын алдында. Аны чечүү үчүн тажрыйба керек. Мына бул жерде турган Кодексти билишибиз керек. Мындан башка да Кодекстерибиз бар, алардын баарын айкалыштырып билишибиз өтө зарыл. Ошонун жасап жаткан кылмыш ишине ушул статья туура келеби же туура келбейби? Кээде окшош статьялар да бар, ошондон ажыратып билүү керек. Мына азыр жаңы судьялар келип жатат. Эми ошолордон биз үмүт кылып жатабыз. Албетте, алардын калыптанышы үчүн көп жыл талап кылынат.

- Элдик ыңкылаптан кийин облустта канча судья алмашты?

- Облусттук соттун өзүндө үч судья алмашты. Жалпы облус боюнча да аламашып жатат. Кара-Көл шаарына бир судья келди эле. Эми анын иши жакшы болбой, анын үстүнөн жумуштан бошотуу тууралуу мен өзүм арыз жазууга туура келди. Себеби, арыздар көбөйүп кетти, караган иштери дагы өтө начар. Эл тарабынан арыздар көп келгендиктен, жай аныктамадан да көп чыгардык. Ушунун негизинде жакында бул судья да кызматынан алынды. Андан мурун дагы деле ошол Кара-Көл шаардык сотунда жаңы келген судья бар эле. Ал да өзүнүн жүрүш-турушу менен коомго жат көрүнүштөрдү жасагандыктан, ага да кызматтан бошотуу арызын жазууга туура келди. Ал жигит да кызматынан айрылып калды. Анын ордуна жанагы мен айткан судья келди эле, ал талапка ылайыктуу болбой калды. Мына Кара-Көлдөн экөө катары менен кетти.

- Июнь окуясы боюнча сотко канча кылмыш иши түштү?

- Эми июнь окуясы боюнча сот процесстери азыр каралып да жатат. Кээ бири келип түшүп жатат. Мына азыр Жалал-Абад шаардык сотуна 6 кылмыш иши түштү. Сан жагынан ар түрдүү, 17 адамдын, 8 адамдын үстүнөн, жалгыз адам болуп өтүп жаткан кылмыш иштери бар. Ал эми Сузак райондук сотунда 19 адамдын үстүнөн кылмыш ишин кароо 30-сентябрга коюлду. Бул жанагы «Санпа» деген ишканасынын жанындагы кылмыш ишине катышкан адамдар. Мындан сырткары, Азимжан Аскаров жөнүндө көбүрөөк айтылып жатат. Ал боюнча Базар-Коргон райондук соту карап, өкүм чыгарды. Ага нааразы болгон тарап апелляция жазган экен, эми бизге келип түшсө карайбыз.

- Укук коргоочу Азимжан Аскаровго карата чыккан өкүмгө эл аралык уюмдар тарабынан ар түрдүү пикирлер айтылып, «туура эмес кесип койду»- деп жатышат. Облусттук соттун төрагасы катары Сиздин ушул пикрирлер боюнча көз карашыңыз кандай?

- Эми сотторго кысым келтирилеби?- деп, айтып жатпайбызбы. Сотторго кысым абдан көп келтирилет. Кээ бири айтат: «Телефон чалуудан, тиги жактан, Ак үйдөн, Көк үйдөн болот» - деп жатпайбы. Бизге көбүн эсе журналисттер, бейөкмөт уюмдар тарабынан кысым көрсөтүлөт. Анан кийин анча-мынча эл чогулуп алып, плакаттарды көтөрүп алып туруп калган учурлар кездешет. Мына мисалы, А.Аскаровду мен тааныбайт экемин, көргөн да жокмун. Ошол кишинин тегерегинде сөз абдан көп жүрүп жатат. Эми ал киши келгенде карап, текшерип көрөбүз. Мен ойлойм, аны карап жаткан судья деле миң өлчөп бир чечим чыгарды да. «Жазаны кандай берем» - деп, ошону текшерип туруп берди да. Өзүнүн жоопкерчилигин сезүү менен чечим чыгарды деп ойлойм.

- Коомдо мындай пикир бар, «Соттор чечим чыгараардан мурун пара алуу маселеси сөзсүз түрдө бар» - деген түшүнүктү четке кага алабызбы бүгүнкү күндө?

- Жок, кага албайбыз. Мен айтып жатпаймынбы, иш кандай чечилбесин бир тарап сөзсүз нааразы болот. Мисалы алганда, эки тарап катышып жатат. Бир тарабында 10 киши, экинчи тарабында да ошончо киши залда отурушат. Сот карайт да, бир жагына чечет. Уткан тарап сүйүнүп үйлөрүнө тынч эле тарап кетишет «булар абдан мыйзамдуу чечти» - деп. Болду, алар бир жакка деле барбайт. Ал эми экинчи уттурган тарап, ошол сотту айланып эле жүрөт. «Бул сотко бирдеме берип койду болуш керек, болбосо мындай чечим чыгарбайт эле»- деп нааразы болушат. Бул бир жактуу айыптоодон биз арыла албай койдук такыр. Менин облусттук соттун төрагасы катары сотторго ишти бир гана мыйзам чегинде кароону талап кылам. Жанагыдай сөздөрдөн арылалы, кээ бир 7-8 жылдап чечилбей жүргөн иштер бар. Келгиле, ушул адамдарды экинчи көрбөйлүчү. Калыс чечип, ишти таза карайлы. Бирок, узак жылдан бери соттошуп жүргөн адамдар көнүп алат экен. Жанагы ишти уттурса, ошол эле ишти бөлөк көз караштан беришет. Ал жагы быякка кетип жатканда, дагы бөлөк ишти сотко берип коёт. Анан 7-8 жылдан бери соттошуп жүрөм деген кишилердин жок дегенде 5-6 иши бар. Бир иштин тегерегинде 5-6 ишти айлантып эле бере беришет. Ушундай да адамдар бар бизде. Болбосо, карагын, чечкин, кеттиби, кийинки киши келди, иштер айланып туруусу зарыл. Ар бир адамдын чыр-чатагы сотто чечилип туруш керек. А бизде жанагындай болуп, чечилбей жылдап кетип жатпайбы? Мен ошонун үстүндө иштеп жатам азыр. Келгениме төрт жыл болду, мен ошондон бери айтканым бар: «Мына бул кишини мен адеп келгенде көрдүм эле, эмне кылып жүрөт? Ушул кишинин ишин калыс карагылачы»,-дегемин. Айланып эле жүрөт, уттуруп койсо кайра эле аппеляциялык арыз берип коёт. Анан айла жок, ошол ишти караганга бизде кворум жетпей калды. Мен өзүм кээ бир ишти 3-4 жолу карап жиберген экемин, бирок мага караганга мүмкүнчүлүк жок.

- Соттордо эркиндик барбы?

- Соттор көз каранды. Көп жеринен көз каранды. Материалдык-техникалык база жагынан бизге суранышка туура келет. «Момуну берип койсоңуз? Мындай жардам берип койсоңуз?»- деп. Айлыкты көтөрүп койду, Кудайга шүгүр. Облусттук мамадминистрациядан суранууга туура келет. Мына азыр 17-18 кишиден турган кылмыш иштер түшкөнү жатат. А биздин темир торубуз ашып кетсе 8 кишини батырат. Калган 10 кишини кайда батырабыз? Мынакей, мен ошол суроо боюнча губернаторго: «Сот залыбыздагы темир торду 18 адам бата турган кылып чоңойтуп берүүсүнө жардам бергиле» - деп кат жазып кайрылам. Сот департаментинин бюджети тар болуп жатат.

Маектешкен Анархан Жаңыбаева,
Жалал-Абад шаары.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу