Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
22/09 12:35
 

А. Ибраимов: Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын өзөгүнөн “же” деген байламтаны таптакыр алып салышыбыз керек


БИШКЕК, 22-сентябрь. (КАБАР). Эртең, 23-сентябрь, Мамлекеттик тил күнү белгиленет. 1989-жылы дал ушул күнү “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Мыйзамдын кабыл алынышы кыргыз тилинин өнүгүшүнө зор салымын кошот деген менен бүгүнкү күнгө чейин бул мыйзам иш жүзүндө иштеген жол. “КАБАР” агенттигинин суроолоруна Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Азимжан Ибраимов жооп берди.

“КАБАР”: Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын кабыл алынгандыгына быйыл 21 жыл болду. Бул убакыт аралыгында мыйзамдын алгылыктуу ишке ашпагандыгына эмне себеп болду?

А. Ибраимов: Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алынган кырдаалды ала турган болсок, биринчиден, анда Советтер Союзу болчу, баары борборду – Москваны карап, саясый жактан көз карандылык болгон. Ушундан улам бардык мыйзамдар борборлоштурулуп, жогору жактын макулдугу менен чыкчу. Экинчиден, мамлекеттик тил, улуттук кызыкчылыктар жаңы эле көтөрүлүп, “биз кыргызбыз, биздин өз алдынча мамлекетибиз болушу керек” деген маселелер жаңыдан көтөрүлүп баштаган болчу. Ушундай себептерден улам тил мыйзамы чала иштелген, “эки жүздүү, эки баштуу” болуп калган. Алсак, мыйзамда башынан аягына чейин мамлекеттик тилде же расмий тилде да иш жүргүзсө болот деп белгиленген. Ошондой эле башка улуттардын тилдерин да коргош керек, сакташ керек деп социалисттик идея камтылган.

Кыскасы, мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам деп аталганы менен тилдер жөнүндө мыйзам болуп калган. Бул мыйзамга биринчи жолу 2004-жылы өзгөртүү жана толуктоолорду киргиздик. Ал кездеги парламентте мамлекеттик тил, улуттук кызыкчылыкка кастарын тиккен, каршы ой жүгүрткөн депутаттар бар болчу. Ошондо тил мыйзамындагы мамлекеттик же расмий тилде деп баштан-аяк кайталанган “же” деген байламтадан арылалы деген аракетибиз ишке ашпай калган. Мыйзамдын өзөгүнөн “же” деген байламтаны таптакыр алып салышыбыз керек. Ошентсе да 2004-жылы башка өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мүмкүн болду. Алсак, кыргыз тили мамлекеттик тил катары улут аралык байланыштын да тили болот дегенди киргизгенбиз. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентти, Жогорку Кеңештин төрагасы, Премьер-министр, Жогорку соттун төрагасы мамлекеттик тилде окуп, жазып, өз оюн айта билүүгө милдеттүү экени киргизилген. 2004-жылы мыйзамга жакшы өзгөртүүлөр киргизилип бир топ жылыш болду. Бирок баары бир мыйзам Кыргызстанда мамлекеттик тилдин толук кандуу иштешине жол бере албай келатат. Ушундан улам учурда мыйзам чалагайым болуп турат. Андыктан, биздин милдет укуктук-ченемдик жагынан мамлекеттик тил мыйзамын нукура мамлекеттик тил мыйзамына айландырышыбыз керек. Буга кошумча биз жаңы бийликке Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Жогорку Кеңеши, Өкмөтү тууралуу мыйзамдарга өзгөртүү, толуктоолорду сунуштадык. Анда иш мамлекеттик тилде жүргүзүлүп, чиновниктер кыргыз тилин билиш керек деген беренелерди киргизүү каралат. Антпесе, мамлекеттик тил деген кыргыз тилибиз деле расмий тилдин ролун аткарып калды. Бирок мамлекеттик тилди өнүктүрүү саясатын эч качан расмий тилге, башка тилдерге каршы койбош керек.

“КАБАР”: Тилди өнүктүрүү маселесине токтолсок. Орфографиялык эрежелерди улам өзгөртүп, ансыз да араң турган тилди бузуп, сабаттуулукка да кедергисин тийгиздик. Анткени учурда кош, кошмок сөздөрдү айрымдарыбыз бириктирип, кээ бирөө бөлүп жазып жүрөт. Элдин башын оорутуп мындай орфографиялык эрежелерди киргизүүнүн зарылчылыгы бар беле?

А. Ибраимов: Бул чатак өтө чиеленишкен маселе. Тээ 90-жылдардан бери келаткан талаш. Анткени ошол кезде эле кош, кошмок сөздөрдү башкача жазуу, татаал энчилүү аттарды кошуп жазуу тууралуу талаштар болгон. 1995-жылы бул маселеге чекит коюлган болчу. Кайра 2002-жылы жаңы орфографиялык эрежелер болду. Биздин алдыңкы илимпоздор үгүттөп, далилдеп жатып жаңы орфографиялык эрежени киргизишти. Ага ылайык, биз бардык кош, кошмок сөздөрдү, анын ичинде энчилүү аттарды да кошуп жазып калдык. 2002-жылдан 2008-жылга чейин туура 6 жыл элдин башын ооруттук. Чолпон-Атаны, Ала-Буканы, Караколду кантип жазабыз деген адашуулар болду. Алалы, Кара-Үңкүр деген жердин аты бар, эреже боюнча энчилүү аттардын аягы жана башында эки үндүү келсе бир үндүү түшүп калат. Демек, Карүңкүр болуп калат. Мааниси боюнча Кара-Үңкүр чоң үңкүр дегенди түшүндүрсө, кошуп жазуунун кесепетинен ал кар баскан үңкүр болуп калган. Биздин кийинки муун жердин атынын келип чыгышын, этимологиясын билиш керек. Анткени мында тарых, маданият, керек болсо философия жатат. Жаңы орфографиялык эрежени киргизүү менен бизде чаташуу, адашуулар көп болду. Жер-суулардын, адамдардын атын жаза албай калдык. Кош, кошмок сөздөрдү кантип жазаарды билбей, элибиз туташ сабатсыз боло баштады. Ошондуктан, бул маселеге чекит коюш үчүн, жөнөкөй жарандарды адашууга алып келбеш үчүн, жер-суулардын этимологиялык аталышын, тарыхты сактап калыш үчүн 2008-жылы Улуттук комиссия демилге көтөрүп, орфографиялык эрежелерге өзгөртүү жана толуктоолорду киргиздик.

“КАБАР”: Чиновниктердин тилди билбей тургандыгы, буйрук, токтомдордун орус тилинде даярдалып, таркатылып жаткандыгына улуттук комиссия сын же сунуш айта алабы?

А. Ибраимов: Биз, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, жаңы бийликке бир катар сунуштарды киргиздик. Анын ичинде администрациянын, Өкмөттүн аппаратынын кызматкерлерине окуу курстарын уюштуралы деп жатабыз. Биринчиден, кыргыз тилин билбегендерге тилди үйрөтөбүз. Экинчиден, кыргыз тилинде иш кагаздарын жүргүзө албагандарга иш кагаздарын жүргүзүүнү үйрөтөбүз. Буга кошумча котормо боюнча да окууларды уюштуруу каралган. Мамлекеттик тил мыйзамына ылайык кыргыз тилинде даярдалган документтер гана түп нускасы болуп саналат. Бирок учурда орусча даярдалган нормативдик актылар кыргыз тилине которулууда. Ушундан улам которуу ишине да олуттуу көңүл буруу зарыл. Бүгүнкү күндө Өкмөттө бардык документтер эки тилде – орус жана кыргыз тилинде даярдалат. Ал эми орус тилиндеги гана таркатылып жаткандыгын аны жөнөтүп жаткандардан тактоо керек. Мен Президенттин администрациясынын кызматкерлери менен жолушканымда, айрым бөлүмдөр, алсак, идеологиялык бөлүм, мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия толук кыргыз тилинде иш жүргүзүүгө өтүп жаткандыгына күбө болдум, бул мактоого арзый турган көрүнүш. Бүгүнкү күндө кыргыз тилине артыкчылык берилип, кыргыз тилин билбегендер өзү толук кандуу кадр эместигин сезип, тилди үйрөнүүгө шашылыш керек. Жакында эле мамлекет башчысы Роза Отунбаева менен жолукканымда мындан ары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн багыттары, мамлекеттик тил саясаты кандай болушу керектигин талкууладык. Биринчи маселе, мамлекеттик тилге биз ырааттуулук жана белгилүү даярдык менен өтүшүбүз керек. Эгерде биз даяр болбосок, анда биз кыргыз тилин уят кылып алабыз. Ошондуктан, кадрларды кыргыз тилинде сүйлөгөнгө, иш кагазын жүргүзгөнгө даярдашыбыз керек. Катуу талап коюлуп, мамлекеттик кызматкер мамлекеттик тилди билиш керек деген шартта гана ар бир чиновник кызмат ордун сактап калыш үчүн жанталашып тил үйрөнөт.

“КАБАР”: Кө

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу