Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
21/09 10:40
 

К. Усупова: Окуу китебин жаза турган авторлор көп, чыгарганга каражат аз

БИШКЕК, 20-сентябрь. (КАБАР). Жаңы окуу жылы башталаар замат окуу китептеринин тартыштыгы жана кымбаттыгы ата-энелердин капчыгына оорчулук келтирди. Мектепте жок китептер, көчөдө кымбат баада сатылууда. Окуу китептеринин көйгөйлөрүнө байланыштуу “КАБАР” агенттигинин суроолоруна КР билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Кенжекан Усупова жооп берди.

“КАБАР”: Мектептерди окуу китептери менен толук камсыз кылыш үчүн канча нускадагы китеп зарыл?

К. Усупова: Кыргызстандагы мектептердин баарын 100 пайыз окуу китептери менен камсыз кылыш үчүн 12 миллион 200 миң китеп керек. Ал эми бүгүнкү күндө мектептерде 6 миллиондун тегерегиндеги нуска окуу китептери гана бар же окуу китептеринин 50 пайызы гана камсыздалгандыгын көрсөтүп турат. Бул негизинен 2005-2010-жылдар аралыгында чыгарылган окуу китептеринин эсебинен. Ал эми 2003-жылдан баштап чыгарылган окуу китептерин кошо санасак учурда мектептер 62 пайызга окуу китептери менен камсыздалган. Стандартка ылайык, окуу китептери ар бир беш жылда керектен чыгарылат. Бүгүнкү күндө дээрлик бардык мектептерде китеп жетишпейт. Мында орус да, кыргыз да, өзбек да мектептер бар. Буга чейин өзбек мектептери окуу китептери менен толук камсыз деп эсептелеген. Бирок иш жүзүндө өзбек мектептериндеги 7-11-класстардын окуу китептери керектен чыккан. Себеби алар Өзбекстандан алынган китептер. Натыйжада учурда кыргыз мектептери 61 пайызга окуу китептери менен камсыздалса, орус мектептери 59,1, өзбек мектептери 62,5 жана тажик мектептери 64 пайызга окуу китептери менен камсыз. Жалпысынан республика боюнча мектептер 62 пайызга окуу китептери менен камсыздалган.

“КАБАР”: Мектептерди окуу китептери менен камсыздай албай калууга эмне себеп болду?

К. Усупова: Каражаттын тартыштыгы китептердин зарыл көлөмдө чыгарылбагандыгынын башкы жана жападан-жалгыз себеби десек болот. Эгерде мектептерди окуу китептери менен толук камсыз кылабыз десек, бизге жылына 200 миллион сом керек. Мындай болсо жылына 50-60 наамдагы 2 миллионго чейинки нуска китепти чыгарууга мүмкүн болмок. Бирок бизде беш жыл колдонулган китепти керектен чыгаралы десек да, кайра жаңы китеп чыгарууга каражат жок болуп турат. Советтер Союзунда балдар 110 пайызга китеп менен камсыздалчу. Эки жылдан кийин 40 пайыз дагы кошумча чыгарылып, үчүнчү жылы 10 пайыз, бешинчи жылы толук бойдон керектен чыгарылып, анын ордуна кайрадан 110 пайыз китеп чыгарууга буйуртма берилчү. Учурда Кыргызстанда дал ушундай иштин жүрүшү жолго салынбай жатат. Бизде каражаттын аздыгына байланыштуу бала башына гана китеп чыгарылып жатат. Айрымдардын окуу китептеринин мазмуну жаман, тигиндей-мындай деп айтканы таптакыр туура эмес. Китептин мазмуну кайсы убакта жакшы болот? Китеп ар бир чыгарылышында ондолуп турушу керек, ошондо гана китептин мазмуну оңолот.

Китеп менен камсыздоодо биздин да катачылыктар бар. Алсак, аз жыл мурун 1-класстан тартып ангилс тилин үйрөнүүнү киргизип, окуу китебин чыгаруу керек болгон. 1-класстан 11-класска чейинки англис тили боюнча окуу китебин чыгарганча алгачкы чыгарылгандары керектен чыга баштады.Андан тышкары орфографиялык эрежелердин кайра-кайра өзгөрүшү да окуу китебин чыгарууга кедергисин тийгизди. Эреже өзгөргөн сайын окуу китебин кайра оңдоп, кайрадан чыгарыш эмне деген акча... Бизге Өкмөттөн токтом келет, 2003-жылы кабыл алынган орфографиялык эреже менен китеп чыгаргыла деп. Аны чыгарган соң эки жылдан кийин 2005-жылы кабыл алынган эреже менен чыгаргыла дешет. Мында мурда чыгарылган китептин баары ката болуп калат. Бул балдардын сабаттуулугуна да кедергисин тийгизди деп ойлойм.

“КАБАР”: Окуу китептерине ижара алууну кайрадан киргизүү каралууда? Ижара акы канча болушу мүмкүн жана мунун канчалык пайдасы бар?

К. Усупова: Менимче, окуу китептерине ижара алууну киргизүү зарыл. Ата-энелер да кандайдыр бир жоопкерчилик албаса, биздин каражат жетишпей турат. Жоопкерчилик жок, алсак, быйыл чыгарылган китептер акысыз берилип, окуу жылынын акырында тытылып, эскирип, тамтыгы чыгып калат. Биринчиден, ижарага берүү менен кошумча каражат түшүп, дагы көбүрөөк окуу китептери чыгарылат. Бул кайра эле окуу китебин көчөдөн кымбат баага сатып берүүгө аргасыз болуп турган ата-энелердин жүгүн жеңилдетет. Окуу китебине ижара алуу 1996-жылдан 2006-жылга чейин жүргүзүлдү. Мында акыркы 2006-жылы ижарадан 54 миллион сом чогулган. Он жыл аралыгында ижарадан чогулган каражатка далай окуу китептери чыккан.

Быйыл ижара алуу жөнүндө сөз боло элек. Өкмөт тарабынан токтом чыкмайын эч кандай ижара алынбайт. Бирок министрлик өзүнүн колунан келген аракеттерди көрүп, ижара алуу боюнча жоболорду иштеп чыгууда. Бул жобо кийинки айда 12 министрликке макулдашууга жөнөтөбүз. Буга кошумча атайын семинарлар, жолугушуулар өткөрүлүп, анан бүтүндөй коомчулуктун, ата-энелердин макулдашуусу менен гана чечилет.

“КАБАР”: Бизде негизинен кайсы окуу китептери жетишпейт?

К. Усупова: Негизинен музыка жана сүрөт сабактары боюнча окуу китептери жетишсиз. Бул сабактар боюнча 1-класстан 7-класска чейинки бир да китебибиз жок. Англис тили, кыргыз мектептери үчүн “Орус адабияты” жетишпейт. Ал эми орус мектептери үчүн биз негизинен “Кыргыз тили жана адабияты”, 1-4-класстар үчүн “Мекен таануу” жана “Математика” китептерин гана чыгарып бердик. Өзбек мектептерине 1-класстан 7-класска чейинки окуу китептерин чыгарып бергенбиз, калгандары жок.

“КАБАР”: Россияда чыгарылган окуу китептери министрлик тарабынан бекитилеби?

К. Усупова: Жок. Россияда чыгарылган окуу китептери негизинен Бишкек шаарындагы мектептерде пайдаланылат. Бул борбордук мэриянын билим берүү департаменти тарабынан гана бекитилет. Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстанда гана чыгарылган окуу китептерин окууга жарактуу деп бекитет.

“КАБАР”: Окуу китептери жетишпейт дейбиз, ал эми китеп жаза турган авторлорчу?

К. Усупова: Бизде окуу китебин жаза турган авторлор көп жана потенциалы бар. Коңшу Казакстан, Өзбекстан, Тажикистанга салыштырмалуу биздин авторлор алда канча күчтүү. Себеби кыргызстандык авторлор Казакстан, Өзбекстандын буйуртмасы менен алардын мектептери үчүн окуу китептерин жазышууда. Биз болгону авторлорду колдой албай жатабыз.

Маалымат үчүн: Бишкек шаарындагы китеп саткан дүкөндөр менен катар кадимки жол боюнда окуу китептеринин түрү сатылууда. Алардын эң арзаны 100 сомдун тегерегинде болсо, эң кымбаты 650-700 сомго чейин жетет. Сатуучулар кыргыз класстар үчүн окуу китептери арзан болоорун айтышып, ал эми орус тилинде билим алгандар үчүн окуу китептер кымбат болоорун, анткени алардын айрымдары Россиядан басылып чыгаарын кошумчалашты. (Мээрим Ибраева)


Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу