Интервью

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
18/09 12:48
 

А. Мурзалиев: Улутташтырылган объектилердин тагдырын чечүү узак процесс


БИШКЕК, 18-сентябрь. (КАБАР). Өткөн эки президенттин үй-бүлөсү жана айланасындагылар тарабынан эл байлыгы, мамлекеттин мүлкүнө кол салынып, далай ири ишканалар жеке адамдардын кызыкчылыгында иштеп калган. Уурдалган, мыйзамсыз менчиктештирилген ишканаларды мамлекетке кайтарып берүү бул жолку революциянын башкы максаты болду. Мамлекеттин энчисин кайтарып алуу кадамы жаңы бийлик келген күндөн тартып башталды. Улутташтырылган бир нече ишкананын мындан аркы тагдырын чечүү багытында Мамлекеттик мүлк министрлигинин алдында Улутташтырылган ишканаларды башкаруу боюнча фонд да түзүлдү.

Ал эми сентябрь айынын башталышында өткөн Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин алгачкы жыйынында биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиев улуттук мүлктөрдү башкаруу боюнча программаны иштеп чыгууну тапшырган. Муну менен катар ал улутташтырылган бардык мүлктөр сатыла бербей тургандыгын, алардын бир бөлүгү министрликтер менен ведомстволордун карамагында кала тургандыгын билдирген. Бул маселелер боюнча “КАБАР” агенттигинин суроолоруна Улутташтырылган мүлктөрдү башкаруу боюнча фонддун директору Азамат Мурзалиев жооп берди.


Фонддун максаты жана келечеги
  Улутташтырылган мүлктөрдү башкаруу боюнча фонддун башкы максаты – мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо, ишти ачык жүргүзүү. Ошондой эле биз кабыл алган чечимдер ыраатуу болушу керек. Мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо жаатында бир катар критерийлерди иштеп чыктык. Алардын бири социалдык фактор, тагыраак айтканда, жумушчу орундарын сактап калуу. Экинчиден, улутташтырылган ишканалар өзүнүн иш багытын (профиль) жоготпошу керек.

Азырынча Улутташтырылган мүлктөрдү башкаруу боюнча фонддун келечеги тууралуу айтуу кыйын. Аз убакыттан кийин парламенттик шайлоо өткөнү турат. Шайлоодон кийин жаңы Өкмөт түзүлөт. Анын курамында бул фонд калабы же башка өңүттөгү түзүм болобу белгисиз.

Бүгүнкү күндө Фонддо эки бөлүм иш алып барууда. Алардын бири улутташтырылган объектилерди башкаруу бөлүмү болсо, экинчиси улутташтырылган объектилерди менчиктештирүү бөлүмү. Мындан тышкары башкаруу тутуму беш адамдан – директор, анын орун басары, эки бөлүм башчылары жана сектор башчысы же башкы юристтен турат.

Улутташтыруунун уландысы

Улутташтырылган ишканаларды сатууда биз мамлекеттин кызыкчылыгынын негизинде иш алып барабыз. Алсак, фонд өз сунушун билдирип, регламентке ылайык, ал сунуш кеминде 11 министрлик тарабынан каралат. Эгерде министрликтер макулдашып, бир чечимге келсе, бул Өкмөттүн токтому менен бекитилет. Бул өз кезегинде улутташтырылган ишканаларды пайдалануу боюнча программа болмокчу. Андан соң Программа ишке ашырыла баштайт. Ушундан улам бул өтө узак процесс болуп саналат. Өкмөт кабыл алган регламент боюнча чукул аракет көрүүгө мүмкүн эмес. Тагыраак айтканда, Улутташтырылган мүлктөрдү башкаруу боюнча фонд аткаруучу орган катары сунушун Өкмөткө берип, Өкмөт чечим кабыл алат.

Менчиктештирүү шарттары
  Менчиктештирүү жөнүндө сөз болгондо инвестор стратегиялык инвестор болушу керек дегенге басым жасайбыз. Ал өлкөгө кошумча инвестиция алып келе турган инвестор болушу зарыл. Буга кошумча иште жаңы технологияларды пайдалануу, жумушчу орундарын түзүү сыяктуу инвестициялык планы эске алынат. Улутташтырылган кайсы бир ишкананы жөн гана сатып жибербестен, жогорудагы шарттарды коюу менен инвестициялык макулдашуу түзүлөт. Анткени менчиктештирүүдөн мамлекеттин бюджетине ири көлөмдөгү каражат түшүүсү керек. Менчиктештирүү процесси ачык жүргүзүлөт. Бул багытта техникалык жана финансылык жардам көрсөтө турган эл аралык финансы институттары тартылып, консультанттардын көмөгү менен толук аудит-анализ жүргүзүлүп, ишкананын наркы аныкталат. Бул аракеттин баары эл аралык жогорку деңгээлде өтүшү керек. Бүгүнкү күндө бюджеттеги тартыштыктан улам ишти ачык жана таза жүргүзүү үчүн чет элдик консультанттарды жана эл аралык уюмдарды тартууда техникалык жардам зарыл болуп турат. Бул үчүн биз башка булактардан каражат издешибиз керек.

Мамлекеттин ролу

Мамлекет экономикага ашыкча кийлигишпей, ишкер чөйрө үчүн алгылыктуу шарттарды – инфраструктурадан тартып мыйзамдарга чейинки шарттарды түзүп бергени туура. Дал ушундай жолго түшкөн өлкөлөр көп. Ошол эле учурда экономика же жеке сектор өз алдынча чече албай турган көйгөйлөр бар. Алсак, социалдык аспектилер, тагыраак айтканда, кайсы бир аймактын калкын канткенде жумушчу орундары менен камсыз кылуу керек. Жеке сектор бул көйгөйдү чечпейт. Ошондой эле жеке сектор “Камбарата-1” сыяктуу ири объектилерди курууга инвестиция тарта албайт. Мындай кырдалда өлкө жоопкерчиликти өз колуна алат.

Эл аралык финансы уюмдарынын сунуштары менен акыркы 20 жылда Кыргызстандагы стратегиялык объектилерден башка дээрлик бүтүндөй экономика менчикке өтүп кеткен. Мамлекет начар башкаруучу деп айтууга болбойт. Тескерисинче, мамлекеттин экономикага аралашуусу пайда табуудан дагы элге кызмат көрсөтүүнү негизги максат кылгандыгы менен маанилүү. (М. Ибраева)
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу