Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
17/09 18:33
 

У. Сариева: Жаштарыбыз ыймандуулук эмне экенин унутуп баратат


Бишкек, 15-сентябрь. (КАБАР). Учурдагы жаштардын көйгөйү, республикадагы саясый абал тууралуу “Ала тоо айымдары” кыймылынын мүчөсү Уулкан Сариева менен маек курдук.

- Эне катары бүгүнкү күндө жүрөгүңүздү ооруткан нерсе?

- Жаштар арасында руханий баалуулуктардын төмөндөшү кабатырлантат. Жаштардын баңгиликке жана кылмыш ишине берилип кетиши тынчсыздандырат.
Мындан тышкары жашоо минимунун төмөндөшү, жөнөкөй адамдардын жакшы мектептерге, ооруканаларга кол жетпестиги чоң көйгөйлөрдүн бири. Жаштарыбыз акчага берилип, ыймандуулук эмне экендигин унутту.
Кумарга берилип кеткен жаштарыбыз да бар, алардын ата-энесинин ыйы бизди кабатырлантат. Бул көйгөйдү биригип чечүү керек. Биз жумушчу орундарды түзүү менен бош жүргөн балдарды эмгекке тартышыбыз керек. Эмгек гана адамды адам кылат, бош жүргөн бала кумарга, баңгиликке жана кылмыштуулукка барат.

- Учурда түзүлгөн кырдаалдан чыгуу жолун эмнеден көрөсүз?


- Крыловдун “Чаян, ак куу, чортон балык” тамсилиндеги каармандар сыяктуу болуп мамлекетти ар бирибиз ар тарапка тартпасак, ынтымакта болуп, Кыргызстандын бутуна туруп кетишине аракет кылсак.
Кыргыз элинде сөз бар эмеспи “бектер кетип, бел калат” деген, анын сыңарындай жашоо уланууда, ошол жашоону татыктуу жашасак. Сыймыктана турган жаштарды тарбиялап чоңойтсок.
Дүйнө жүзүн кыдырып жумуш издеп кеткен жаштардын, гүлдөп турган Кыргызстанга кайтып келишин каалайм.
Ар бирибиз жаңы Кыргызстанды курууга салымыбызды кошсок. Бизге ынтымак керек. Ушул нерсе гана, бизге стабилдүүлүк берет.

-Шайлоо алдында талапкерлерге эмне айтат элеңиз?

- Жогорку Кеңешке ат салышкан саясый партиялар бири-бирин жамандабай, татыктуу атаандаш болсо.
Талапкерлер Жогорку Кеңешке келе электе эле мыйзамды бузууда. Мыйзамга ылайык депутаттыкка ишкерлер талапкер боло албайт. Бирок учурда партиялардын тизмелеринин башында капчыктуулар турат.
Талапкерлерге айтат элем, келечектин камын көргөн депутаттардан болуп, эл эңсеген өзгөртүүлөрдү алып келсе деп. Мамлекеттин жаңы башкаруу тутумунан биз көп нерсени үмүттөнөбүз.
Президенттик башкарууда жашап көрдүк, жыйынтык ар бирибизге белгилүү, парламенттик башкаруудан биз коррупцияны азайтыш үчүн күрөшкөн бийликти күтөбүз. Биз жаңы парламентке көп ишеним артабыз.

-“Ала тоо айымдары” кыймылы кандай иш чараларды алып барууда?


-Биз жаштар арасында түшүндүрүү иштерин алып барабыз. Аларга кылмыштуулук, баңгилик эмнеге алып бараарын түшүндүрүүдөбүз. Болочок эне болуучу кыздарыбызга чылымдын, спирт ичимдиктеринин зыяны тууралуу айтабыз. Ош окуяларына байланыштуу бүгүнкү күндө ар кыл улуттун балдары арасында мекенчилдик, ынтымак боюнча үгүт ишин алып баруудабыз. (М.Момуналиева)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу