14.09.2010, 17:55

А. Жапаров: Адамдар театрга барса, пикет, митингдер токтойт


Бишкек, 14-сентябрь. (КАБАР). Нарын облусттук М.Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театрында Кыргыз эл акыны, драматург Ж.Садыковдун “Мен арызданам” аттуу трагикомедиясынын бет ачары болуп өттү.

Чыгарманын мазмуну, тарбиялык мааниси тууралуу сөз кылуу максатында режиссеру-коючу Жапаров Аманбек Дилденбай уулу менен маек курдук.

- “Мен арызданам” трагикомедиясынын мазмуну тууралуу айтып берсеңиз?

- Белгилүү драматург Жалил Садыковдун “Мен арызданам” атуу трагикомедиясы 2009-жылы жазылган. Бул пьеса учурдагы коомдун “оорусу” болуп бараткан паракорчулук, коррупция, бюрократтык, өң тааныштык мамилелерди токтотууга, мындай терс көрүнүштөргө каршы күрөшүүгө чакырат.
Ошондой эле атуулдардын карөзгөйлүккө, алдамчылык, эки жүздүүлүккө ооп баратканын, көр тириликтин курмандыгы болгондордун кейиштүү тагдырын чагылдырып, руханий байлыктын жок болуп бара жаткандыгын билдирет.
Ошондой эле биздин мамлекеттеги туруксуздукту чагылдырган.
Бул драмалык чыгарма адамдарды ыймандуулукка, сабырдуулукка, адилеттүүлүккө, боорукерликке чакырып, кылган иштери үчүн тиги дүйнөдө да кудай алдында катуу суракка алынаарын эскертет.

- Спектаклдын бет ачарынын Нарын облусттук М.Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театрында өтүшүнө эмне себеп болду?

- Учурда Бишкектеги Т.Абдымомунов атындагы кыргыз академиялык драма театры менен жаштар театрынын имараты үч жылдан бери оңдолуп жатат. Июнь окуяларынан соң Ош театры да оңдоого жабылган. Экинчиден, спектаклдин сүрөтчү - коючусу Шарип Жайлообаев менен эмгек жолумду Нарын театрында чогуу баштагам. Ушул себептерден улам “Мен арызданам” аттуу спектаклдин бет ачаарын Нарын театрында өткөрдүм.

- Көрүүчүлөр бул чыгарманы кандай кабыл алышты?

- Көрүүчүлөр жакшы кабыл алышты деп айтсам болот. Алар бул теманын азыркы учурда өтө маанилүү экендигин жогору баалашып, жаштарды ыймандуулукка тарбиялоодо ушундай драмалык чыгармалар керек экендигин баса белгилешти. Жакынкы арада спектаклди Ошто, Жалал-Абадда жана Баткенде коюп келүүнү пландоодобуз.

- Сиз дегеле Кыргызстандагы театрлар жөнүндө эмнелерди айта аласыз?


- Совет бийлигинин мезгилинде биздин театрлар жогорку деңгээлге жеткен, ал эми артисттерибиз бааланып келген. Акыркы 20 жыл аралыгында маданият жаатына көңүл бурулбай калды. Театрлардын абалы оорлоп, репертуарлар да көпкө чейин жаңыланбай келет. Анын баары акча маселесине келип такалат.
Мамлекет маданиятка колдоо көрсөтмөйүн маданият өнүкпөйт, маданият өнүкпөгөндөн соң экономика да жогорулабайт.

Бүгүнкү күндөгү адамдар материалдык жактан кедей эмес, руханий жактан жардыбыз. Театрга эл барбайт, жаңы муун театр дегенди унутту. Театр жан дүйнөнү азыктандыруучу, тазартуучу касиетке ээ.

Алыскы айылдарда жаштар театр, спектакль эмне экендигин унутуп калышкан. Так ошол жерде маданиятты өстүрүү керек.
Театр адамды руханий жактан тарбиялайт- ошондо гана бизде митингдер токтоп, улуттар аралык чыр-чаткатар чыкпайт, элибизде айтылып келген “ОБОН” деген аталыштагы аялдардын тобу болбойт.

Дагы бир жаңылык, үстүбүздөгү жылдын 21-22-сентябрында Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы орус драма театрында “Мен арызданам” трагикомедиясы коюлмакчы.
(маектешкен М.Момуналиева)