Интервью

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
07/09 12:51
 

С. Бакиров: Ар кандай ушактарга, чагымчыл аракеттерге азгырылбаш керек


Жалал-Абад, 7-сентябрь. (КАБАР). Жалал-Абад облустунда акыркы мезгилде ар кандай ушак сөздөр айтылып, эки элди кагыштырганга аракет жасаган күчтөр пайда болду. Ошол себептен, Жалал-Абад облусттук ички иштер башкармасынын жетекчиси, милициянын полковниги Станбек Бакировго бир нече суроолор менен кайрылып, жоопторду алдык.

- Станбек Нурдинович, ушак сөздөрдүн чын-төгүнүн текшерип жатасыздарбы жана мындай ушактарды кимдер таркатууда?

- Бүгүнкү күндө облуста коомдук-саясий абал тынч жана көзөмөлдө. Азыркы күндөрү эл оозунан чыккан ушак сөздөр эл арасында көп айтылууда. Себеби, "Орозо айы бүткөндөн кийин, 11-13-сентябрь күндөрү облусттун аймагында ар кандай улуттар аралык кагылышуулар болот"- деген маалыматтар, ушак сөздөр таркатылууда. Бирок, ар бир айткан маалымат, ар бир айтылган ушундай чагымчы сөздөр ички иштер органдары тарабынан тез арада текшерилип, изилдөө иштерин жүргүзүп жатабыз. Бүгүнкү күнгө эч кандай бир да маалымат такталган жок. Ошондуктан, мен ойлойм, бүгүнкү күндө облусттун аймагында андай сөздөргө алданбаш керек жана андай кооптонууга негиз жок.

-Азыркы учурда үйлөрү өрттөнүп кеткендер тарбынан "Эгерде үйлөрүбүз кайра салынып бүтпөй кала турган болсо, кыштын чилдесинде Көк-Арт өрөөнүндө жашаган тоолуктардын үйлөрүн өрттөп, үйсүз калуу кандай болгондугун көрсөтөбүз,-деген ушак сөздөр жүрүп жатат.

- Бул ошол эле чагымчыл маалыматтын экинчи тарабы. Буга да эч кандай ишенүүгө негиз жок. Бул дагы азырынча кимдир бирөөлөргө керек болгон ушак-айыңды таркатуучу маалыматтар. Бул маалыматтар текшерилип жатат.

- Бул ушак сөздөр кимдер тарабынан айтылып жатат?

- Мындай ушак сөздөр ким тарабынан айтылганы белгисиз. Милиция кызматкерлери ар бир ушундай ушак сөздөрдү оперативдик иликтөө жолдору менен текшеришүүдө жана кимдер тарабынан айталганын аныкташууда. Ошондой эле, мечиттердин имамдары, көчө комитеттери, айыл аксакалдары, жаштар менен биргеликте милиция кызматкерлери эл арасында профилактикалык түшүндүрүү иштерин, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө.

- Облустун элине ушундай ушак сөздөргө алдырбоо үчүн кандай кайрылуу жасайт элеңиз?

-Мындай ушак сөздөрдү көбүнчө криминалдык чөйрөдөгү адамдар чыгарышып, элдерди дүрбөлөңгө салып, ушундай кырдаалдан пайдаланып калгысы келишет. Урматтуу, Жалал-Абад шаарынын жана облустун тургундары, ошондой эле меймандары! Элдердин тынч жашоосуна жана коопсуздугун коргоого мен Сиздерди ишендирип кетемин, ар кандай терс көрүнүштөрдү токтотууда жана алар менен күрөшүүдө, милиция кызматкерлеринин күчү жана техникасы жетиштүү-деди С.Бакиров. (А.Жаңыбаева)


Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу