Интервью

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
04/09 15:31
 

Эмгек мигранттарынын арасында ВИЧ илдетине чалдыккандар көбөйүүдө

Башка жугуштуу оорулар сыяктуу эле ВИЧlСПИД илдети Кыргызстанга да жайылып бара жатат. Азыркы учурда дүйнөдөгү чоң адамдардын өлүмүнүн башкы себептеринин бири болуп калды.

Кыргызстанда ушул жылдын 1-августуна карата ВИЧ илдетин жуктуруп алгандардын саны 3 миң 37 адамды түздү. Бул туурасында Республикалык "СПИД" бирикмесинин башчысынын орун басары Айгүл Исмаилова "КАБАР" маалымат агенттигине билдирген. Анын айтымында, алардын 2 миң 871и Кыргызстандын жарандары. Бул дартка чалдыккандардын 2 миң 100дөн ашууну эркектер, ал эми 67си балдар.

А.Исмаилова ВИЧти жуктургандардын көбү баңгизат колдонгондор экенин жана соңку учурда аялдар көп катталып жатканын, энеден балага кош бойлуу кезинде өткөн учурлар көбөйгөнүн белгилеген. Аталган илдетти жуктургандар июль айынын башынан бери 36 адамга көбөйгөн.

Адистерддин баамында, айрыкча эмгек мигранттарынын арасында бул илдетти жуктуруп алгандардын саны да арбып бара жатат.

Жалал-Абад облустук СПИДке каршы күрөшүү жана анын алдын алуу борборунун башкы дарыгери Эльмира Сатарова азыркы учурдагы аткарып жаткан иштери боюнча биздин суроолорго төмөндөгүдөй жоопторду берди.

- Эльмира Аскербаевна, айтсаңыз ушул акыркы мезгилде ВИЧ илдетине чалдыккандар көп болуп жатыптыр. Мына бул багытта сиздердин борбор кандай иштерди алып барып жатат?

- Туура айтасыз, чындап эле буга чейин ВИЧlСПИДке көбүнчө баягы аялуу топтор, же болбосо кандайдыр жүрүм-турумунда өзгөчөлүгү бар адамдардын, баңги затты пайдалангандар арасында болуп келсе, акыркы жылдары эмгек мигранттарынын арасында да бул илдеттин өсүүсү байкалууда. Бул биринчиден мен ойлойм, баягы бизде эмгек миграциясы күчөп жатат. Эмгек мигранттары көбүнчө ВИЧlСПИД кырдаалы өтө курч болгон мамлекеттерге кетип жатышат. Мисалы айтсак, Россияга, Казакстанга көбүнчө биздин жарандар ушул жакка иш издеп кетишүүдө. Ал эми эмгек мигранттары барган коңшу мамлекеттерде бул илдет боюнча кырдаал биздин мамлекетке караганда курч болуп турат.

Биздин жаштар Санкт-Петербург шаарына кетип жатышат. Ал шаардын өзүндө эле ВИЧ илдетине 34 миң адам чалдыккан. Ошол жактан биздин эмгек мигранттары ушул илдетти алып келип жатат деп адис катары коркпой эле айта алам. Көпчүлүк учурда ал жактагылар "бизге эмгек мигранттары көптөгөн ооруларды алып келип жатат"- деп айтышат. Эгерде чындыгына карасак, тескерисинче биздин жарандар ал жактан ооруну бизге жуктуруп келип жатышат. Жуктуруп келгенден кийин, бул жерде алардын үй-бүлөсү бар. Аялдарына, күйөөлөрүнө да жугуп, ВИЧ илдети азыр баягы жүрүм-туруму өзгөчөлөнгөн адамдардан жалпы калкка тарап жатат. Мына ошону эске алып, байкагандан кийин, биздин мамлекет дагы ушул эмгек мигранттары да коркунуч тобуна (группа риска) кирип калбасын деген ниетте, булардын арасында алдын-ала жүргүзүүчү иштерге көп көңүл буруп жатат.

Жалал-Абадда бизде азыр "Кадам" коомдук фонду биздин СПИД борбору менен экөө биргеликте эмгек мигранттарынын арасында түшүндүрүү иштерин алып барат. Ошондой эле "Жалал-Абаддын лидер айымдары" Ассоциациясы да эмгек мигранттарынын арасында түшүндүрүү, агартуу иштерин, ВИЧlСПИД илдетининин таркалышына эмгек мигранттарынын арасында бөгөт коюу иштерин ушул эки уюм алып барып жатат.

Ага жакында эле Жалал-Абад шаарында, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунда атайын семинарларды өткөрдүк. Семинарлардын темасы: "ВИЧlСПИД жана жыныстык жугуштуу оорулар", "Алардын жугуу жолдору жана алдын алуу". Семинарларга эмгек мигранттары өздөрү катышып, андан кийин аларга: "Өзүн-өзү кантип коргосо болот? Алыс жолго чыкканда, алыс жерде жүргөндө ошондой оорудан оолак болуш үчүн, жуктуруп албаш үчүн кандай каражаттарды колдонуш керек? Кантип өзүн сакташ керек? Кантип үй-бүлөөсүнө дени сак бойдон кайтып келиши керек?" - деген иштерди жүргүзүү боюнча бир топ семинарларды өткөрдүк.

- Сиздердин бул айтып жаткан долбоорду кайсы Эл аралык уюм каржылайт?

- "Борбордук Азияда СПИДди көзөмөлдөө" деген уюм бар. Ошолордун эсебинен биздин долбоор каржыланып келе жатат.

- Баткенде эмгек миграттары үйүнө кайтканда жубайлары сөзсүз түрдө алардан тазалыгы боюнча тактама талап кылышы керек?- деген сунуштарын айтып жатышат. Ушуга Сиз кандай карайсыз?

- Биздин мыйзамда көрсөтүлгөн "ВИЧlСПИДке текшерилүү өз каалоосу менен болот", - деп. Адамдар ар кандай, бирөө каалайт, бирөө каалабайт. Чындыгында, биз аларды колунан кармап туруп: "Сен Россиядан, Казакстандан келе жатасың"- деп, сөзсүз түрдө текшерүүдөн өткөрүүгө чамабыз да жок. Ошол себептен, булардын арасында түшүндүрүү иштерин гана жүргүзүп жатабыз. Түшүндүрүү иштеринде эң биринчи эмнеге көбүрөөк көңүл бурабыз? Чет жакта жүргөндө өзүңө ушул оорунун жугузуп алуунун коркунучтуу себептери барбы? Өзүңдүн жүрүш-турушуңда ушундай окуялар болгонбу? - деген суроолорду адам өзүнө-өзү бериш керек да. Эгерде ал адам чындап эле, "Ооба мен ушул ооруну жуктуруп алууга кандайдыр себеп болгон" - деген жыйынтыкка келгенде гана ал адам өз каалоосу менен барып анализ тапшырып жатат.

- Азыркы учурда облус боюнча ВИЧ илдетин жуктуруп алган адамдардын саны канча? Мурдагы жылдарга караганда, өсүү барбы же бир калыпта токтоп турабы?

- Жалал-Абад облусунда бүгүнкү күндө бардыгы болуп 320 жаран катталды. Жылдагыга салыштырганда өсүү байкалат. Эгерде буга чейин, көбүнчө эркектердин саны басымдуулук кылып келсе, акыркы эки жылдан бери аялдардын саны өсүүдө. Азыр аялдардын саны ВИЧ илдетине чалдыккандардын 34 пайызын түзүп калды. Мисалы, 2005-2006-жылдары мындай болгон эмес. Акыркы жылдары аялдар арасында ВИЧ илдетинин таркалышы күчөдү. Экинчи дагы айта турган нерсе, эгерде буга чейин ВИЧlСПИДдин эң жугуу жолдорунун бири, басымдуусу иннекциялык жол менен жуккан болсо, акыркы эки жылда жыныстык жол менен жуккан учурлар да көбөйүп жатат. Мына ушул аялдар арасында ВИЧ илдетинин көбөйүшү, өсүшү, ушул жол аркалуу таркалышы дагы кандайдыр бир деңгээлде эмгек миграциясына байланыштуу деп айта алам.

- Өткөн жылы ВИЧ илдетин жуктуруп алган жаш балдар жөнүндө айттыңыз эле. Азыркы учурда ал балдардын абалы кандай болуп жатат?

- 2008-жылга чейин ВИЧ илдетин жуктуруп алып, катталган балдар жок болчу. Мына эки жылдан бери балдардын саны өсүп жатат, 2009-жылы көп табылды. Себеби, 14 жашка чейинки ооруканага түшкөн балдардын бардыгын эч бир диагнозуна карабай текшергенбиз. Мына ошол учурда аябай көп жаш балдардын арасынан чыккан. Азыркы күндө 14 жашка чейинки балдардын саны 28 болуп калды. Бул дагы бир проблема болуп жатат. Дагы бир айта турган нерсе, бул баягы ВИЧ илдетине чалдыккан кош бойлуу аялдардан төрөлгөн балдар болуп жатат. Бизде буга чейин андай балдар жок болчу. Бүгүнкү күндө алардын саны 16га жетти. Демек, 16 ВИЧ илдетине чалдыккан аялдардан төрөлгөн балдар бар. Эми ал балдар да каттоодо турат. Аларды кайсы бир белгиленген жашка келгенде текшерүүдөн өткөрөбүз. Анан ошол текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча бул балдар ВИЧ илдетин энесинен жуктуруп алды деп каттоого алынат, же болбосо бул балдар таза деп каттоодон чыгарабыз.

Азыркы кезде ошол 16 баланын ичинен экөөнү биз каттоодон чыгардык. Биз буларды текшергенде, таза деп табылды. Себеби, энеси кош бойлуу мезгилинде убагында дарыланууда өткөн. Балдар да өз убагында дарыланышкан. Өз убагында бул балдар эненин сүтүн эмбестен, жасалма (искусственный) тамактандырууга өткөрүлгөн. Мындайча айтканда, ВИЧ илдетин алдын-алуу иштери толук өткөрүлгөндүгүнүн натыйжасында бул балдарга ВИЧ илдети жуккан эмес. Булар азыр каттоодон чыгарылды.

- Эми ушул ВИЧ илдетин жуктуруп алган адамдарга Сиздер тараптан кандай жардамдар берилип жатат?

- Бул илдетти жуктуруп алган адамдар сөзсүз түрдө эң биринчи кезекте бизге каттоого алынат. Андан кийин буларга медициналык жактан жардам көрсөтүү жолго коюлат. Каттоого алынгандан кийин биз алардын ден соолугун көзөмөлдөп турабыз. Аларды убагында анализ тапшыртабыз. Эгерде алардын иммундук системасы ооруга туруштук бере албай турган абалга жетейин дегенде, биз аларды атайын жанагындай антиретровирустук терапия менен дарылоого алабыз. Антиретровирустук дарылар абдан кымбат турат. Азыркы кезде биздин мамлекетибиз бул дарыны сатып бергенге чамасы жок. Эл аралык донорлор аркылуу гана алып беребиз. Башкача айтканда, Глобалдык фонд тарабынан азыр акысыз берилет. Экинчи жагынан, буларга медициналык жардамды жакшыртуу боюнча башка саламаттыкты сактоо мекемелеринде да "Мамлекеттик кепилдик" программасынын негизинде бекер дарыланууга мүмкүнчүлүктөрү бар. (А. Жаңыбаева)




Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу