Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
03/09 16:42
 

Ж. Сатыбалдиев: 31-декабрда 1-үйдү тапшырабыз деген жакшы үмүтүбүз бар

Ош, 3-сентябрь. (КАБАР). Өз кабарчыбыз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн вице-премьер-министри, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору Жантөрө Сатыбалдиев менен маектешкен.

-Жантөрө Жолдошович, турак үйлөрдү калыбына келтирүүдө жана көп кабаттуу үйлөрдү курууда, жеңилдик акча берүүдө эл арасында кандайдыр бир тоскоолуктар болгон жокбу?

-Тоскоолдуктар жок эмес, бар. Бирок, көп кабаттуу үйлөрдү курууда анча деле тоскоолдуктар жок десек болот. Анан тиги жалгыз жапа чеккен үйлөрдү калыбына келтирүүдө көп эссе түшүнбөстүктөр болуп жатат. Ссуданы күрөө аркылуу беребиз да, ошондо алар үйүбүздөн бир жакка чыгып кете албай калат экенбиз деген кандайдыр бир түшүнбөстүктөр болуп жатат. Мына ошонун үстүндө иштеп, 2 жумадай убактыбыз кетип калды. Бирок буга окшогон маселелер чечилсе эми башка шарттар боюнча башка суроолор чыга баштады. Бул, эми, мыйзам ченемдүү нерсе экен.

Мына эми курулуш иштери башталды, жөнөкөй убакта көп кабаттуу үйлөрдү куруу кыйын болсо, мындай тополоң убакта башташ андан дагы кыйын, оор экен. Аны баарыңар көрүп билип эле турсаңар керек.

Андан башка, мурунку Оштогу каргашалуу окуяларда Советтер Союзу бар эле, ошондо биз алардын тартиптери менен иш алып барган экенбиз. Эми өзүбүздүн мыйзамдар менен иштеп жатканда алар өтө эле бюрократташтырылган, татаал болуп, биздин колубуз бир аз кармалып калып отурат. Мисалы, ар бир адам ссуда алыш үчүн укмуштуудай документтерди топтош керек. Алардын айрымдарында документтери бар, айрымдарыныкы күйүп кеткен. Аны кайра калыбына келтирүү үчүн убакыт керек. Ушундай тоскоолдуктар, анан бир аз кармалып калган маселелер бар.

-Ош шаарында 2 көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды, бирок кышка чейин пайдаланууга берилбей калышы мүмкүн дегендер бар…

-Биз аракет кылып жатабыз, жаңы жылга чейин пайдаланууга берип калабыз го деген жакшы үмүтүбүз бар. 13-августта Ош шаарынын И. Раззаков көчөсүндө 75 батирлүү көп кабаттуу үйдүн пайдубалы курула баштады. Керектелүүчү курулуш каражаттарын сатып алууда аларга болгон баа базар баасынан төмөнүрөөк болуп жатканы бизге утуш болуп жатат.

Ал эми, Ош шаарындагы Анар кичи районунда экинчи 4 кабаттуу 64 батирлүү көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Булар дагы бааларды төмөндөтүп, кымбаттатпай, ар бир квадрат метрди 210 доллардан куруп бере турган болуп жатышат, болбосо бул баа башка жактарда ого эле кымбат. Анардагы көп кабатуу үйдү курууга тендерден «Курулуш сервис корпорациясы» акционердик коому утуп алган. Бул курулуш компаниясы үйдү 7 айдын ичинде бүткөрүп, пайдаланууга берет жана курулуш иштерине 4 бригада тартылган. Бул үйгө 38 млн. сомдон ашык акча каражаты сарпталат.

-Азыркы убакта курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдү жабыркагандарга бөлүштүрүү маселеси орчундуу болуп турат. Аны бөлүштүрүү туурасында Ош шаардык мэриясы менен дирекциянын ортосунда келишпестиктер бар деген имиш чыгып кеткен эле, деги кимиңиздер бөлүштүрөсүздөр?

-Мындай сөз жалган. Дирекциянын иши куруп анан өткөрүп берүү гана болуп саналат, ал эми бөлүштүрүү болсо, Ош шаардык мэриянын функциясына кирет. Батирлерди бөлүштүрүү боюнча маселеде биз эч кандай деп талашып-тартышкан жокбуз. Бул деген мэриянын иши да, анткени алар эл менен тыгыз байланышта иштешет.

-Азыр салынып жаткан көп кабаттуу үйлөр кимдерге берилет, ушул тууралуу кенен айтып бериңизчи?

-Негизинен курулуп жаткан үй июнь айындагы коогалаңдардан жапа чеккен атуулдарга, андан кийин социалдык жактан муктаж болгон үй-бүлөлөргө мэрия тарабынан атайын жобо иштелип чыгып, андан кийин бөлүнүп берилет.

Мындан сырткары, батирлер мугалимдерге, дарыгерлерге, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине да берилет. Биз ушул үйдөн батир алышкан адамдарды дагы курулуш иштерине катыштырууга алып келебиз, анткени, алар үй курулгандан кийин жеңил ремонтторун өздөрү жасашат.

-Шаардагы жер үйлөрдүн ордуна көп кабаттуу үйлөрдү курууну коомчулук колдоп, а түгүл талап да кылышкан эле, бирок сиз ага каршы болгондой сүйлөп жатасыз, анын себеби эмнеде?

-Себеби, азыркы убакта Кыргызстанда андай мүмкүнчүлүк жок. Генплан – бул, келечектин иши, буйруса ошол генплан иштесе, мындан 5 жыл же 10 жыл өткөндө анан айтса болот. Анан бүгүн эле шаардын баардыгын бузуп туруп эле, ордуна көп кабаттуу үй курат деген болбойт. Дагы кошумчалап кетейин, Кыргызстандын андай мүмкүнчүлүгү жок.

Ар бир үйдү бузуш үчүн көптөгөн иштер, акчалар, документациялар керектелет, убакыт кетет дегендей, аларга компенсациясын бериш керек, жерине акча төлөп бериш керек.

Андан сырткары, Сулайман-Тоосунун ЮНЕСКОнун маданий мурастар казынасына киргизилишине байланыштуу тоонун тегерегиндеги аймактарды мурдагы калыбында сактап калуусу керек экен дегенди дагы ойлодук.

-Ош шаарындагы үч көчө деген жердеги (Ош район тараптагы) атуулдардын үйлөрү эми эмне болот? Анткени аларга мурда эле компенсациясын берилген экен, кийин ал жерге башка имараттар курулат экен деген сөз бар эле. Ал жерде көбүнчө кыргыздардын үйлөрү күйүп кеткен, эми алардын тагдыры кандай болот?

-Бул жерде көп жылдан бери чечилбеген маселе бар. Советтер Союзу тараар жылдардын аягында, тагыраагы, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн алгачкы жылдарында ал жердеги кээ бирки үйлөр компенсация алган да. Союз тарап кеткенден кийин, бюрократиялык мамиле менен ошол эле компенсация алган адамдар сатып жиберген фактылар бар. Азыркы күндө биз изилдеп чыкканда, ал жердеги үйлөргө 3- же 4-адам ээлик кылып отурушат экен. Эми бул сот аркылуу гана чечиле турган жана узакка созулуп кете турган процесс. Ар бир адамдын кыймылсыз мүлккө болгон укугу бар да. 21 жылдын ичинде көп өзгөрүү болуп кетиптир. Эми муну укук жактан сот аркылуу гана чечебиз.

-Үйү күйүп кеткендер көп кабаттуу үйлөрдөн батир ала албай калса, үйлөрү кышка чейин тургузулбай калса эмне кылышат?

-Эми алардын баарын тең камсыз кылабыз дегенде мен өзүмдү да алдайм, жабыркагандарды да алдайм. Биздин планыбызда 31-декабрда 1-үйдү тапшырабыз деген жакшы үмүтүбүз бар. Кандайдыр бир кыйынчылыктар боло турган болсо, аны чечип, иш жүзүнө ашырганга аракет кылабыз.

Жеке менчик үйлөрү күйүп кетип, жапа чеккен жарандардын турак-жайларын кайра калыбына келтирүү иштери башталган, эми аны убакыт көрсөтөт.

-Квартира жетпей калган жарандардын маселеси кандай каралып жатат? Бардык эле адамдарга жетпейт да…

-Туура, баарына эле батир жете бербейт. Бүгүнкү күндө шаарда 3 миңге жакын адам үй алабыз деп кезекте турат экен. Биз бир гана жапа чеккендердин маселесин карап жатабыз. Бардык кезекте тургандардын маселесин кароого мүмкүнчүлүгүбүз жок. Оштогу июнь окуяларынан жабыркагандарга мамлекеттик комиссия аныктап чыгат дагы батирлер ошонун негизинде гана бөлүштүрүлөт.

Маектешкен Асанбек Каракозуев


Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу