Интервью

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
01/09 12:28
 

К.Ашыркулов: Апрель окуясынан кийин инвестициялардын көлөмү көбөйгөн жок

БИШКЕК, 1-сентябрь. (КАБАР). Бийлик менен бизнестин ортосундагы пикир келишпестик бир гана нерседен келип чыгат. Бийлик социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн көбүрөөк каражат алгысы келсе, ал эми бизнес бул каражатты өзүнүн атаандаштык жөндөмдүүлүгүн күчөтүүгө жумшагысы келет. Бийлик ири көлөмдө салык чогултууну каалайт, бирок ошол эле учурда бизнес өнүкмөйүн акчанын түшүүсү да аз болоорун түшүнөт. Ал эми бизнес азыраак салык төлөө менен чыгымды азайткысы келет, бирок бизнестин коопсуздугу камсыздалбаса, социалдык көйгөйлөр чечилбесе жок болуп кетээрин да билет. Мындай пикир келишпестик мыйзам жолу менен гана чечилет. Мыйзамды бийлик кабыл алат. Ошондуктан бийлик бизнес койгон талаптар, сунуштарды эске алуу менен мыйзам чыгарышы керек. Акыркы учурда Кыргызстанда дал ушундай бийлик менен бизнестин “тил табышуу” аракети байкалууда. Алсак, жакында эле КР Өкмөтүнүн алдындагы Бизнести өнүктүрүү жана инвестиция боюнча кеңештин биринчи жыйыны өтүп, ага мамлекет башчысы Роза Отунбаева өзү катышты. Аталган кеңештин алгачкы жыйыны, анда көтөрүлгөн көйгөйлөр, мамлекет менен ишкерлердин ортосундагы мамилени кандай жол менен жакшыртуу керек? Ушул жана башка суроолорго Эл аралык ишкер кеңештин аткаруучу директору Кубан Ашыркулов жооп берди.

“КАБАР”: Бизнести өнүктүрүү жана инвестиция боюнча кеңештин алгачкы жыйыны кандай өттү? Бул Кеңеш бийлик менен бизнестин ортосунда диалог түзөт деп ишенесизби?

К. Ашыркулов: Бизнести өнүктүрүү жана инвестиция боюнча кеңештин жыйыны жакшы өттү деп ойлойм. Ишкерлер өздөрү күткөн маалыматтарды ала алышты. Ага катышкан министрлер ишкерлер менен ой бөлүшүп, мунун өзү бийлик менен бизнестин ортосунда диалогдун боло тургандыгына ишеним жаратты. Президент Роза Отунбаева да ишкердикти өнүктүрүү багытында жасала турган кадамдар, аракеттер, убадаларды кеңири айтып берди. Диалог түзүлөөрүнө ишеним бар, бирок айтылган сунуштар менен убадалар канчалык деңгээлде аткарылаарын убакыт көрсөтөт. Эл аралык ишкер кеңеш бийликке ушул жылдын акырына чейин аткарууга зарыл болгон иш-аракеттердин планын сунуштадык. Жылдын акырында экинчи жыйын өткөрөбүз, ошондо гана жыйынтык чыгарылып, бизнес менен бийликтин ортосунда диалог болгон же болбогондугун айта алабыз. Азыр диалогдун башталышы гана деп айтсак болот.

“КАБАР”: Эл аралык ишкер кеңеш кандай сунуштарды белгиледи?

К. Ашыркулов: Биринчи кезекте, биз менчик укугун коргоо маселесин көтөрдүк. Анын ичинде активдерди реструктизациялоо боюнча мамлекеттик комиссия түзүүнү дагы бир ирет сунуштадык. Мындай мамкомиссияны түзүү демилгесин биз апрель окуясынан кийин менчикти бөлүштүрүү маселеси курчуй баштаганда эле жибергенбиз. Бирок бул демилге ишке аша элек болчу. Ушундан улам мамкомиссияны түзүүнү көзөмөлгө алып, ишке ашыруу зарылчылыгын белгиледик. Ошондой эле менчик жөнүндө мыйзам кабыл алуу керек деген сунушту билдирдик. Мындай мыйзам жыл акырына чейин кабыл алынбай калышы толук мүмкүн. Анткени учурдагы абалды баарбыз тушүнүп турабыз, парламенттик шайлоо өтүп, жаңы Конституциянын негизинде көп мыйзамдарды кабыл алуу зарылчылыгы турат. Ошентсе да, жыл акырына чейин менчик жөнүндө мыйзамдын долбоору иштелип чыкса жакшы болоорун белгиледик. Мындан тышкары үч багыт боюнча ондон ашык иш-аракеттерди камтыган сунуштарды киргиздик. Анын ичинде сот тутумун реформалоо, чиновниктердин жоопкерчилигин арттыруу жана башка көйгөйлүү маселелер бар.

“КАБАР”: Бизнести өнүктүрүү жана инвестиция боюнча кеңештин жыйынында Президент Роза Отунбаева менчик укугун коргоо үчүн жарандык көзөмөл керектигин билдирди. Бул кандайча ишке ашышы мүмкүн?

К. Ашыркулов: Мен жогоруда айткан активдерди реструктизациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын ордуна Жарандык көзөмөл комиссиясын түзүп, ал жеке эле активдерди реструктризациялоо маселесине гана көзөмөл кылбастан, башка да багытта менчик укугун коргоо жаатындагы маселелерди карайт. Анткени бүгүнкү күндө дээрлик бардык тийиштүү ишканалар улутташтырылып бүттү. Бирок жарандык көзөмөлдүн болушу дагы эле зарыл болуп турат. Алсак, жакында Кыргызстанга 1 миллиарддан ашык доллар келгени жатат, ал каражат кантип бөлүштүрүлөт, Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча каражаттар кандай бөлүнөт, ушунун баарына жарандык коом катышып, көзөмөл кылыш керек. Биз бул комиссияга ишкерлерден да киргизүүнү сунуштадык. Жарандык көзөмөлдү күчөтүү менен бийликке да, бизнеске да болгон элдин ишеничин арттырууга болот.

“КАБАР”: Апрель окуясынан кийин Кыргызстанга инвестициялардын келиши кыскарганы же көбөйгөнүнөн кабарыңыз барбы?

К. Ашыркулов: Ачыгын айтсак, апрель окуясынан кийин республикага тартылган инвестициялардын көлөмү көбөйгөн жок. Ошол эле учурда таптакыр кыскарды деп да айтууга болобйт. Менин маалыматым боюнча, тартыла турган көп инвестициялар токтоп калды. Мисалы, тоо-кен иштете турган ишканалар, алар негизинен жайкы мезгилде инвестицияларды көбүрөөк тартышат. Мында “Кумтөр” сыяктуу ири ишканалар эмес, учурда чалгындоо иштерин аткарып жаткан ишканалар тууралуу сөз болууда. Дал ушул ишканаларга келе турган инвестициялар токтоп калган. Бирок биздеги айрым маалыматтар боюнча, инвесторлор келип эле жатышат. Аларга коопсуздук толук камсыздалбагандыктан, инвесторлор акыркы чечим кабыл ала алышпай жатат. Белгилүү болгондой, апрель окуясынан кийин инвесторлор алгач референдумдун өтүшүн күтүштү. Анткени референдумга чейин бийликтин статусу тушүнүксүз болуп турган. Эми инвесторлор парламенттик шайлоонун өтүшүн күтүп жатышат. Ушундан улам шайлоодон кийин инвестициялык климат жакшырып кетээрин баарыбыз күтүп жатабыз. (даярдаган М. Ибраева)


Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу