Интервью

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
01/09 11:03
 

Бундестагдын депутаты: Менин миссиям – Кыргызстанга Бакиев чыгарып кеткен капиталды кайтаруу


Бишкек, 1-сентябрь. (КАБАР). Deutsche Welle маалымат булагына берген маегинде Бундестагдын депутаты Роза Отунбаева менен болгон жолугушуу, Кыргызстандагы кырдаалга көз карашы жана Бишкекке Максим Бакиев тарабынан чыгарылып кеткен акчаны кантип кайтарууга аракеттенип жаткандыгы тууралуу cөз кылган.

Бишкекте 25 - 29 – август күндөрү Европадан чакан делегация болду. Алардын негизги максаты – Бакиевдин үй-бүлөсү тарабынан чыгарылып кеткен капиталды Кыргызстанга кайтарууга жардам берүү. Делегациянын курамында – визиттин жүрүшүндө Кыргызстандын учурдагы президенти Роза Отунбаева менен пикир алышкан “жашылдар партиясынан бундестагдын депутаты Виола фон Крамон (Viola von Cramon). Жолугушуунун жыйынтыгы жана өзүнүн байкоолору тууралуу ал Deutsche Welle берген маегинде айтып берди.



Deutsche Welle: - Фон Крамон айым, сиздин президент Роза Отунбаева менен болгон жолугушууңуз учурунда эмне жөнүндө сөз болду?

Виола фон Крамон: - Мен Отунбаева айым менен чын ыкласымдан ачык сүйлөштүм. Анын алдында ал дээрлик беш саат бою өкмөттүн отурумун өткөрдү. Азыркы учурда Кыргызстан өтө татаал кырдаалда турган сыяктанат. Өлкөдө көп окуялар болуп жатат, аларды башкаруу иш жүзүндө мүмкүн эмес.

Мага өлкөдөгү кырдаалдын турукташуусу үчүн жана парламенттик шайлоонун болушу үчүн Роза Отунбаева баардык мүмкүн болгондорду жасоого аракеттенип жаткандай туюлат. Ал республиканын баардык аймактары менен карым-катнаштарды колдоого аракеттенет. Бирок өлкөдө жаңы, демократиялык жол менен шайланган өкмөттүн пайда болушуна кызыгышпаган топтор, анын ичинде кулатылган президенттин тарапкерлери бар.
  Бул күчтөр парламенттик шайлоону өткөрүүнүн жүрүшүндө анын ойдогудай болбой калышын гана күтүшүүдө. Ошондо алар нааразылыктын массалык акцияларын уюштура алышат. Бул коркунуч эч кимге жашыруун эмес. Ал эми түндүктө, Бишкекте кырдаал өтө тынч. Бул жерде саясый төңкөрүш болгондугунун эч кандай белгилери жок. Чоң иш жасалгандыгы көрүнүп турат. Бизде ушундай кырдаалда азыркы бийликтер мүмкүн болгондордун баардыгын жасашкандай таасир калды.

- Сиздин көз карашыңызда Кыргызстан али да эл аралык жардамга муктажбы? Сиз бул туурасында Роза Отунбева менен сүйлөштүңүзбү?

  - 2010-жылдын апрелинде Бишкекте башаламандыктар болгон. Биз бул туурасында дегеле сүйлөшкөн жокпуз. Сөз Максим Бакиев өлкөдөн эки күндүн ичинде, 5-апрелден 7-апрелге чейин ага таандык бир катар фирмалар аркылуу 272 миллион долларды кандайча чыгарып кеткендиги жөнүндө жүрдү. Акчалар өлкөдөн эң ар кыл жолдор менен чыгарылып кеткен, акция бүткүл дүйнөдөгү анын бизнес-өнөктөштөрүнүн жардамы менен жакшы пландаштырылган. Бирок каражаттар көбүн эсе Латвияга, ошондой эле ЕС өлкөлөрүнө жана АКШга кеткен. Дал ушул биздин миссиябыз президент Бакиев жана анын жанжөкөрлөрү тарабынан алданган кыргыз элине жардамдашуу, бул акчаларды кайтарып берүү болуп эсептелет.

Бул өтө татаал иш. Аны териштирип чыгуу үчүн убакыт жана башка өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн колдоосу зарыл. Үйгө кайтып барарым менен менин милдетим – Кыргызстандан чыгарылып кеткен байлыктарды кандайча түрдө башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен бирдикте биз ачык механизмдердин жардамы менен кайтарып алууну талдап чыгуу.

  - Кыргызстандын түштүгүнө сапар пландаштырылды беле?

- Албетте, биз Кыргызстандын түштүгүнө барууну ойлонгонбуз, бирок ГФР Тышкы иштер министрлигинен бизге мындай сапар жасоону сунуш кылышкан эмес. Азыркы убакта бул өтө коркунучтуу.
- Сизден тышкары делегациянын курамына кимдер кирген?

- Мени менен бирге Лондондон бир өкмөттүк эмес уюмдун жана Бонндо жайгашкан кеңседен дагы бир өкүл болду. Бул делегацияда мен – жалгыз депутатмын. Баардыгыбыз үч адам болгонбуз.

- Азыркы татаал жагдайда Кыргызстанга Германия кандай жардамды сунуш кыла алат?

- Президент Роза Отунбаева жана Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүдө биз ар түрдүү мүмкүнчүлүктөрдү талкууладык. Жаңы бийлик жумушка канчалаган кадрларды кабыл алууга аргасыз болгондугун элестетип көрүңүз. Айрым чөйрөлөрдө мамкызматчыларга тажрыйба жөн эле жетишпейт. Биз мындай жагдайда кесиптик окутуу, тажрыйба алмашуу жагынан өз жардамыбызды сунуш кылууну текшерип көрүүгө тийишпиз.
 
Биз качкындарга жардамдашууну өтө тездик менен уюштура алдык. Биз кыйла сумма чогулттук. Мен так билбеймин – Өзбекстанга жана Кыргызстанга 15 же 20 миллион жөнөтүлгөн. Бул мага регион үчүн олуттуу жардам сыяктуу көрүндү. Мындан ары эмнелерди жасоо пландаштырылып жаткандыгы жана кандай ачык-айкын долбоорлор турмушка ашырыла тургандыгы жаңы өкмөт пайда болгондо белгилүү болот.
- ЕС Кыргызстандын көйгөйлөрүнө жетиштүү көңүл буруп жатабы?
- Жок, жетишсиз. Бул жөн эле кара так. ЕСти Ооганстан, Иран, Россия көбүрөөк тынчсыздандырат. Бул жерде эмнелер болуп жаткандыгы өтө сейрек айтылууда. Эгерде, мисалы, бийликти алмаштыруу, көтөрүлүш жана ушу сыяктуу окуялар болгондо гана. Бирок бул жерде болуп жаткан көйгөйлөр туурасында, бул жерде канчалык татаал саясый процесстер болуп жаткандыгы жөнүндө европалыктар иш жүзүндө эч нерсе билишпейт.
- Бакиевдердин мекенине кайтып келиши үчүн эмнелерди жасоого ниеттенесиңер?

- Биз баардык зарыл нерселерди жасоого тийишпиз, мен мындан өзүмдүн милдетимди кенже Бакиев Улуу Британиядан саясый баш калка албасынан көрөмүн. Анткени ички карама-каршылыктар келип чыгат. Демократиянын жана айкындуулуктун принциптерин колдогон батыш өкмөтү азыр Кыргызстанда иштеп жаткан демократиялык өкмөт мурдагы режимдин өкүлдөрүн сотко, анын үстүнө дал мекенине келүүгө мажбурлай ала тургандыгына жардам берүүгө тийиш. Улуу Британия азыр эмне үчүн Максим Бакиевге саясый баш калка берүү жөнүндөгү маселени карап чыгууга тийиш экендиги түшүнүксүз. Биз европалык деңгээлде ага баш калка берилишинен баш тартылышына жардамдашууга тийишпиз.

Албетте, биздин Лукашенкого таасирибиз анчалык болбой жатат. Ошондуктан Курманбек Бакиевди мекенине жеткирүүнү камсыз кылуу өтө татаал болот деп ойлоймун. Буга тилекке каршы биздин күчүбүз жетпейт.

- Жеке жолугушууда Отунбаева айым сизге кандай таасир калтырды? Сиз мурда аны начар президент деген элеңиз...

- Президент Отунбаева эриш-аркактыкка айкын умтулган инсан. Азыркы кырдаалда да бул эң жакшы. Ал кандайдыр бир пландарды кандай да болбосун турмушка ашырууга умтулбайт жана кандай жол менен болбосун бийликте калууну каалабайт. Мен андан түз эле ал эмне үчүн президенттик шайлоодо өзүнүн талапкерлигин көрсөтпөөнү, бирок 2011-жылга чейин өзүнүн азыркы милдеттерин аткарууну жана ошентип андан аркы саясый мансаптан баш тартууну артык көргөндүгүн сурадым. Мен андан өзгөчө өлкө үчүн ал канчалык нерселерди жасагандыгын эске алуу менен мындай саясый акылсыздыкка канчалык чечкиндүүлүк кылгандыгын сурадым. Ал өз өлкөсүнүн чыныгы мекенчили катары жөн эле четке чыга бергендигине баргандыгын сурадым. Ал: “бул менин саясый туруктуулукка салымым”, - деп айтты.


Анын айтымында, ага белгилүү бир учурда оппозциялык саясатчылардын ар кыл конгломератынын ортосундагы келишүүчүлүк өтө маанилүү. Ошондуктан бул чечимди баардыгы кабыл алышкан. Роза Отунбаева – тигиндейинен же мындайынан бийликтин ыйгарым укуктарына ээ болушкан 40 эркектин ортосундагы жалгыз аял экендигин эске сала кетмекчимин. Ал кырдаалды көзөмөлгө алып турат жана өзүнүн милдетин өтө мыкты аткарууда. Жөн эле Кыргызстанда ар кыл кызыкчылктардагы көп топтор болгондуктан, ал алсыз сыяктуу көрүнөт. Бирок ал өлкө үчүн жасап жаткандар туура. Ал – алсыз президент эмес, жөн эле азыр анда иш жүзүндө маневр үчүн талаа жок. Проблема мына ушунда.

-Сиз Кыргызстанда парламенттик шайлоо болот деп эсептейсизби?

- Парламенттик шайлоо кандай учурда болбосун болот. Анын кандай өтө тургандыгы башка маселе. Бул белгилүү топтор үчүн нааразылыктын массалык акцияларын баштоого жана жаңы легитимдүү өкмөттү кулатууга, жана андан ары өлкөдөгү кырдаалды бузуп-жарууга шылтоо болбос бекен? Же өкмөт азыр өзүндө болгон каражаттарды пайдаланып, өлкөдөгү кырдаалды турукташтыра алабы? Бул жагынан маселелер кала берүүдө. Бирок шайлоочулар добуш берүүгө барыша тургандыгына жана шайлоо боло тургандыгына эч кандай шектенбеймин.

Маектешкен Наталья Позднякова
(которгон Ж.Тынаев)
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу