Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
01/09 09:00
 

Садык Шер-Нияз: Улуттук идеология – бул мамлекеттин максаты, тили, дили, каада-салты, тагдыры жана тарыхы


БИШКЕК, 1-сентябрь. (КАБАР). Бүгүнкү күндө Кыргызстанда чоңунан тартып, кичинесине чейин саясат жөнүндө сүйлөшүп, маданият маселеси көз жаздымда калгандай. Маданият өнүкпөсө баарын кызыктырып турган саясат саз үстүнө курулган үй сыяктуу эле акыры жок болоор. Ушундан улам биздин ашыкча саясатташкан коомго маданияттын гүлдөп-өсүшү зарыл болуп тургандай. Жалпыга орток идеология, маданият жана саясат, аткара турган иштер тууралуу “КАБАР” Агенттигинин суроолоруна маданият жана маалымат министри Садык Шер-Нияз жооп берди.

“КАБАР”: - Ишке ашкан идеянын баары ийгиликтүү дейбиз. Кыргызстан үчүн кандай идеология керек? Сиздин жеке пикириңизде улуттук идеология деген эмне?
  Садык Шер-Нияз: - Кыргыз элинин улуттук идеологиясын жаратуу маселеси 20 жылдан бери көтөрүлүп, идеологияны иштеп чыгуу боюнча атайын жумушчу топ түзүлгөн. Аталган жумушчу топ улуттук идеологиянын долбоорун иштеп чыккан менен, бул долбоорду коомчулуктун талкуусуна алып чыгып, аягына чейин бүтүрүшкөн эмес. Акыркы 10 жылдын ичиндеги каргашалуу окуялардын болуп жаткандыгы, улуттук идеологияны тыңгылыктуу түптөй албагандыгыбыздын натыйжасы. Идеологияны бир сөз менен жыйынтыктап айтуу өтө кыйын. Бул чоң программа. Улуттук идеология – бул мамлекеттин максаты, тили, дили, каада-салты, тагдыры жана тарыхы деп ойлойм.

“КАБАР”: - Саясат көп жерде, маданият аздык кылат. Биздин ашыкча саясатташып кеткен коомдун маданий өнүгүүсүн кантип шарттоо керек?

Садык Шер-Нияз: - Саясатта маданият болбогондуктан, жеке амбиция өлкөнүн кызыкчылыгынан да өйдө болуп жатат. Бизде акыркы жылдары байлык жана бийлик саясаты күчтүүлүк кылып, жеке бир адамдардын көздөгөн максаттары мамлекеттин биримдиги менен бүтүндүгүнөн да өйдө болуп, жада калса карапайым элди пайдаланып, аларды көчөгө чыгарып туура эмес маалыматтарды берип, мамлекеттин коопсуздугуна шек келтиришип жатканы баарыбызга маалым. Ушундан улам, эмне себептен элдерибиз маданиятка эмес, саясатка көп аралашып кеткен деген суроо албетте, жаралат. Улуу кыргыз элибиз жараткан “Манас” эпосу ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк материалдык эмес маданий мурас тизмесине Кытай тарабынан киргизилип жатканда, ошондой эле КР Маданият жана маалымат министрлигине кош көңүл мамиле кылынып, агенттикке айлантканда, саясатка активдүү аралашкандай, маданиятка да кызыкчылык арттырган мамиле болгондо кандай жакшы болоор эле. Ошондуктан, биринчи кезекте саясаттын ордуна адабиятты, маданиятты коюп, аны ар тараптуу колдоо менен руханий байлыгыбызды кастарлап, мындан дагы өнүктүрүшүбүз зарыл.

“КАБАР”: - Орус жазуучусу Максим Горький “маданиятты өнүктүрүү процесси кыйынчылыкты жеңүү процесси” деген экен. Кыргызстандагы кыйынчылыктарды артка калтыруу үчүн маданият министри катары маанилүү кандай кадамдарды жасоо алдында турасыз?
  Садык Шер-Нияз: - Кыска убакыттын ичинде маданиятты гүлдөтүп, өнүктүрүп жиберүү бул мүмкүн эмес. Бирок, ар бир күндү текке кетирбей, кыска мөөнөттүн ичинде эле, көп жакшы иштерди бүтүрсө болот. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги Байыркы кыргыз жазуулары боюнча атайын мыйзам долбоорун иштеп чыгуу алдында турабыз. Биздин байыркы жазууларыбызды Орхон-Енисей же рун жазуулары дебестен, байыркы кыргыз жазуулары деп атап, мыйзамды кабыл алып, жаш муундарга тарыхыбызды жана маданиятыбызды татыктуу өткөрүп берсек жакшы болор эле. Ошондой эле бүгүнкү күндөгү өтө актуалдуу маселе болгон “Манас” эпосу ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк материалдык эмес маданий мурас тизмесине Кытай тарабынан киргизилип калгандан кийин, биз “Манас” эпосу деп жөн гана айтпастан, кыргыз элинин “Манас” эпосу деп баса көрсөтүп киргизүү менен, дагы башка сунуштарды берүүгө маанилүү иш-чараларды иштеп жатабыз. Ал эми азыркы учурда маданияттын ар-бир тармагындагы орчундуу маселелерине токтолуп, кырдаалды чечүү аракеттерин жүргүзүүдөбүз. Мисалы, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры жана Б.Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик жаштар театрларында толук оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыктан, эки жылдан бери спектаклдер театрлардын өздөрүндө коюла элек болчу. Азыр болсо, аталган эки театрдын тең кичи көрүүчү залдарынын жасалгалоо иштери аяктап, жакынкы арада спектаклдер көргөзүлө баштайт. Министрлик, 2009-2010-жылдарда мамлекеттен эмес, өз каражаттары менен китеп чыгарып, улуттук маданиятыбыз менен адабиятыбызга салым кошуп келе жаткан авторлорду колдоо жана министрлик тарабынан ыраазычылык билдирүү максатында “Китеп-аң-сезимдин азыгы” аттуу республикалык акцияны өткөрүү алдында турабыз. Ошондой эле, ТҮРКСОЙ жана Эл аралык гуманитардык кызматташтык уюмдар менен Кыргызстандын маданият тармагына инвестицияларды тартып, максаттуу иш-чараларды баштоону пландаштыруудабыз.

“КАБАР”: - Маданият мамлекеттин таянычы болуш керек дейбиз. Ал эми маданиятты мамлекеттик колдоо бизде начар экенине кошуласызбы?

Садык Шер-Нияз: - Маданиятты мамлекет алынча колдоп жатат. Мисалы, КР Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигин кайрадан КР Маданият жана маалымат министрлиги кылып түзүп берди. Биз менен алака түзгөн жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр менен маданий кызматташтыкты арттырууда алар менен тең даражадагы министрлик болгонубуз жакшы жөрөлгө. Мамлекет маданиятка жеткиликтүү таяныч болуп, материалдык жактан толук камсыздап берүүсүнө, өлкөдөгү болуп өткөн коогалаңдан кийин, жабыркаган турак-жайларыбызды, социалдык объектерибизди кайра калыбына келтиргенден кийин, маданиятка өзгөчө маани берилет деп ойлойм.

“КАБАР”: - Сиз жетектеген министрлик маалымат чөйрөсүн да тескегени турат. Бул багытта иш кандай жүргүзүлөт? Министрликтин алдында кайсы жалпыга маалымдоо каражаттары тескелет?

Садык Шер-Нияз: - Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын токтому чыккандан кийин, токтомго ылайык иш алып барабыз. (даярдаган Мээрим Ибраева)  

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу