Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
30/08 19:05
 

Ош жана Жалал-Абад шаарларында мектеп окуучулары үчүн атайын автобустар жүрөт


Жалал-Абад, 30-август. (КАБАР). Жаңы окуу жылынан баштап коогалаң болгон Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы мектеп окуучулары атайын автобустар менен ташыла тургандыгы КР вице-премьер министри Өктөмкан Абдуллаева менен болгон маектешүүдө белгилүү болду. Биздин бир нече суроолорубузга ал төмөндөгүдөй жоопторду берди.

- Өктөмкан Авазовна, азыркы учурда өлкөнүн түштүк аймактарында 1-сентябрга карата мектептер окуучуларды кабыл алууга даярбы жана алардын коопсуздугу кандай корголот?
  - Өлкө боюнча, ошондой эле түштүк аймактарындагы баардык район-шаарларда мугалимдердин август конференциялары өттү. Мен өзүм Ош шаарында болгон конференцияга катыштым. Ал жерге Жалал-Абад жана Баткен облусттарынан да мугалимдер катышышты. Бүгүнкү күндө баардык мектептер 1-сентябрга карата жылдагыдай эле даяр. Эми баягы түштүктө болуп өткөн коогалаңга байланыштуу бир эле Ошто коопсуздук кандай болот? деген коркунуч болуп, арыздар ата-энелерден түшүп жатат. Ошого байланыштуу биз кырдаалды жөнгө салууга аракет жасадык. Ар бир мектепте Ошто 57 мектеп болсо, ошолордун баардыгына коопсуздук кызматын даярдадык. Алардын акчасын таптык. Андан сырткары, тыштагы коопсуздугун да, ошол жерде коопсуздукту сактай турган коомдук бирикмелер коргой турган болду. Биз алар менен келишим түздүк.

Эң коркунучтуу болгон жерлердеги мектептерде, аралаш окуган мектептерде окуган окуучулар үчүн автобустарды алдык. Ош шаарында 10 автобус каттамына Өкмөт каражат бөлүп жатат. Ал эми 6 автобустун каржатын ЖОЖдун ректорлору төлөп бергени жатат. Бирок, бир жактуу болуш үчүн, шаардык мэриянын транспорт боюнча бөлүмү аркылуу акча каражаттары бирдиктүү төлөнөт. Мындан сырткары, ЮНИСЕФ - балдардын укугун коргогон эл аралык уюм түштүк боюнча Жалал-Абад, Кара-Суу шаарларына, Ош облусуна 46 автобустун акчасын бөлүп беребиз деп жатышат. Биз муну 4 айга пландаштырып жатабыз. Андан кийин, бюджетке киргизебизби же ата-энелери өздөрү каржылайбы, муну чечебиз. Эгерде, бул ыкма жакшы болсо, биз аны улантып кетиш үчүн башка механизмдерин ойлоп табабыз. Азыр болсо, ошол 111 мектептин коопсуздук кызматын коомчулук, студенттер, анан ата-энелер өздөрү карайт. Аларга акчаны ЮНИСЕФ таап берет. Ал эми 80 мектепке эмгек, ишке жайгаштыруу жана миграция министрлиги акчасын төлөп берип жатат. Калган коопсуздук автобустарын биз башка булактардан таап, төлөп береп жатабыз.

- Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы ЖОЖдун студенттери окууларын 18-октябрдан баштайт деп жатышат. Ушул боюнча да айтып кетсеңиз?
  - Мамлекет башчыбыз Роза Исаковна Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы жогорку окуу жайларынын студенттери окуусун парламенттик шайлоодон кийин баштай тургандыгын айткан. Бир жактан ойлойм, буга ата-энелердин коопсуздук жагынан кооптонуп кайрылган арыздары түрткү болсо керек. Бирок, ректорлор айтып жатышат, "Биз 1-сентябрдан деле окууну баштаганга даярбыз,"- деп. Эми бул маселени билим берүү жана илим министрлиги карап чыкса керек.

- Июнь коогалаңында жабыркаган үй-бүлөөлөрдүн балдарына кандай жардамдар берилип жатат?

- Ош шаарында биринчиден, мектеп жарманкесин өткөрдүк. Арзан баада мектеп кийимдери, окуу куралдары сатылды. Коогалаңда жапа чеккен үй-бүлөлөрдүн балдарына демөөрчүлүк негизде мектеп кийимдерин алып берүүгө аракет жасадык. ЮНИСЕФ менен сүйлөшүп жатабыз, кийинчерээк болсо да, жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн балдарына кийим-кечектен жардам берүүнү пландаштырып жатабыз. Эң негизгиси ушул күндөрү социалдык пакет боюнча Декрет чыкты. Анда апрель, май, июнь айларындагы окуяларда жабыр тарткандарга жардам берүү маселеси каралууда. Ошондо курман болгондордун балдарына 18 жашка чейин мыйзам боюнча пенсия, пособие берилет. Андан сырткары, дагы ар бир балага 3 миң 100 сомдон 18 жашка толгонго чейин багуучусун жоготкондугу үчүн берилип жатат. Ата-энеси пенсия жашына жетип калган болсо, эгерде ал бала жалгыз багуучу болсо, анын атасы да, энеси да ошондой эле суммада пособие алышат.

Ал эми коогалаңда жабыр тарткан балдарды Ысык-Көлдөгү жайкы лагерлерге эс алууларды уюштуруу үчүн биринчи бөлүнгөндө 8 млн. сом бөлүнсө, кийин 5 млн. сом бөлүндү. Путевкасы абдан кымбат турат экен. Азыр болсо, чындыгында мутаж болгон 270 баланы дагы көл жээгине лагерге жөнөттүк. Бул жардамдар мындан ары да улантылат.

Маектешкен Анархан Жаңыбаева,

Жалал-Абад шаары.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу