Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
28/08 08:43
 

Жалал-Абад облусу боюнча 567 мугалим жетишпейт

Жалал-Абад, 28-август. (КАБАР). Жалал-Абад облусттук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Жумагүл Эгамбердиева жаңы 2010-2011-окуу жылына карата даярдыктардын жүрүшү жана мектептердеги коопсуздук маселелери боюнча биздин суроолорубузга жооп берди.

- Жумагүл Шариповна, облусттун аймагындагы мектептерде быйылкы жаңы окуу жылында канча окуучу билим алышат?


- Облусттун аймагында бүгүнкү күндө 471 жалпы билим берүүчү мектеп өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө. Анын ичинен 392 орто, 42и негизги жана 37 башталгыч мектептер. Ал эми 352 мектепте окутуу кыргыз тилинде, 12 мектепте орус тилинде, 43 мектепте өзбек тилинде жана 64 мектепте аралаш (кыргыз, орус жана өзбек) тилдерде жүргүзүлөт.

Аймактык билим берүү органдарынын ыкчам маалыматтары боюнча 2010-2011-окуу жылында 18 миң 394 окуучу биринчи класска кабыл алынат.

Облус боюнча бүгүнкү күндө 134 бала бакчалары иштеп, анда 12 миң 614 бала тарбияланууда. Ошондой эле, облусттун аймагында 42 мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде 14 миң 179 окуучу билим алып, түрдүү тармак боюнча 318 ийрим иштейт.

  Жалпы билим берүү мекемелеринде 14 миң 357 педагогикалык кызматкерлер эмгектенет. Алардан 10 миң 795 жогорку, 1 миң 729 атайын орто билимдүү, 1 миң 198 бүтпөгөн жогорку жана 635 орто билимдүү мугалимдер болуп саналат. Мындан эки мугалим "Кыргыз Республикасынын Эл мугалими", 32 мугалим "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими", 2 миң 73 мугалим "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги" болуп саналат. Быйылкы жылы Жалал-Абад мамлекеттик университети тарабынан 119, же өткөн окуу жылына салыштырмалуу 16га көп жаш адистер мектептерге бөлүштүрүлдү. "Жаш мугалимдер депозити" программасынын алкагында облусттун аймагында учурда 412 мугалим эмгектенет.
  - Мектептерде кайсы предметтер боюнча мугалимдер жетишсиз болуп жатат?

- 2010-жылдын май, июнь окуяларынын кесепетинен 69 мугалим жумуштан кетип, бүгүнкү күндө облус боюнча мектептерде жалпысы 567 мугалим жетишпейт, же өткөн окуу жылына салыштырмалуу педагогдордун жетишсиздиги 214кө көп. Негизинен математика, чет тилдер, орус тили, кыргыз тили предметтеринен, башталгыч класс мугалидери жетишпейт. Жалпы педагогикалык кадрлар менен камсыздоо көрсөткүчү 91,2 пайызды түзөт, же өткөн жылга салыштырмалуу 6,3 пайызга аздык кылат.
Облусттун жалпы билим берүүчү мектептеринин китеп менен камсыз болушу бүгүнкү күнгө карата 52 пайызды түзөт. Кыргыз тилиндеги мектептерде- 62 пайыз, орус тилиндеги мектептерде- 42 пайыз, өзбек тилиндеги мектептерде- 52 пайыз. Ал эми компьютер менен камсыздоо көрсөткүчү 58 пайызга барабар. Бирок, мектептерде эски муундагы компьютерлер басымдуулук кылат. Мындан сырткары, мектептердеги окуу эмеректери менен камсыздалышы 80 пайызды түзүп, алардын басымдуу бөлүгүн эски жабдыктар түзөт.

- Мектептердин жалпы утурумдук оңдоо иштери кандай бүткөрүлдү?

- Райондук мамлекеттик администрациялары, шаардык мэриялары, аймактык билим берүү башкармалыктары, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана мектептердин педагогикалык жамааттары тарабынан билим берүү мекемелеринде окуу тарбия иштерин талапка ылайык уюштурууга шарт түзүү жана мектептерди жаңы окуу жылына карата даярдоо боюнча бир топ алгылыктуу иштер аткарылган.

Атап айтсак, республикалык бюджеттен жалпы облусттун мектептеринин утурумдук оңдоо иштерине 25 млн. 626 миң 228 сом, же былтыркы жылга салыштырмалуу 1 млн. 708 миң сомго көп акча каражаты бөлүнүп, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын бюджеттик эсептерине которулуп, оңдоо иштерине жумшалган.
  Мындан сырткары, жергиликтүү бюджет, демөөрчүлөр жана эл аралык уюмдар тарабынан облусттагы мектептердин утурумдук оңдоо иштерине 17,1 млн. сом каражат тартылган.

2010-2011-окуу жылына карата АӨБнын долбоору аркылуу 3 мектепте (Сузак районуна караштуу Темирбаев атындагы мектеби, Базар-Коргон районуна караштуу Навои атындагы мектеби, Жалал-Абад шаарындагы 16-орто мектеп) 7 млн. 275 миң сомдук капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Негизинен чатырларды алмаштыруу, жылытуу системаларын оңдоо жана полдорду, терезелерди алмаштыруу сыяктуу иштер жасалуууда. Мындан сырткары, жакынкы жылдарда дагы 60 мектепте 263 млн. 926 миң сомдук капиталдык оңдоо иштери талап кылынат.

Ушул жылы облус боюнча 12 объектте 1734 окуучу орундуу мектептерди жана кошумча курулуштарды куруу иштери жүргүзүлүп, анын ичинен 8 мектеп бүтүрүү алдында турат. (Токтогул районундагы Кызыл Өзгөрүш мектеби, Токтогул районундагы Жетиген мектеби, Токтогул районундагы Толук мектеби, Сузак районундагы Жаңы-Дыйкан мектеби, Байзаков мектеби, Чаткал районундагы Кызыл-Токой мектеби, Ноокен районундагы Арал, Кызыл-Туу мектептери). Бул иштерге жалпысынан 43 млн. 392 миң 7 сом каралган.

Жалпысынан жаңы окуу жылына даярдык көрүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Майлуу-Суу, Кара-Көл шаарларында, Ноокен, Ала-Бука, Чаткал райондорунда алгылыктуу иштер алып барылган.

Майлуу-Суу шаарындагы мектептеринде 1968-1970-жылдардагы окуу эмеректери (парта, стол, орундуктар ж.б.) жакшы сакталгандыктан жана класс-бөлмөлөрүн үч-төрт жылда бир сапаттуу сырдалгандыктан оңдоо иштерин жүргүзүүгө муктаж болбой, натыйжада бул багытта бөлүнгөн акча каражаты башка керектүү иштерге максаттуу жумшалгандыгы текшерүү учурунда белгиленди. Кара-Көл шаарында орто мектептерин оңдоодон өткөрүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 9 млн. сом акча каражаты бөлүнүп берилди. Мындан сырткары, Кара-Көл шаарындагы 5 орто мектебинде АРИС тарабынан 137 миң 575 сомдук, элдин салымы менен 38 миң 16 сомдук жалпы 175 миң 591 сомдук спорт комплекси курулду.
  Базар-Коргон районундагы Ж.Бөкөнбаев атындагы гимназия жатак мектебинин директору Т.Оморов мектептин утурумдук оңдоосуна бөлүнгөн каражаттын 70 пайызын мектептин окуу корпусунун сырткы шыбагын жаңылоого жумшаган. Ошондой эле, Базар-Коргон районуна караштуу Эралиев жана Капарбек атындагы орто мектептеринде өткөн окуу жылындагы оңдоо иштеринин сапаты боюнча кетирилген кемчиликтер бир азга жакшыртылган.
Аксы районундагы Мешков атындагы орто мектебинин ашканасына АРИС тарабынан жалпы суммасы 113 миң 600 сомдук жабдуу (120 орундуу стол, стул, муздаткыч, электроплитка) сатылып алынган. Андан сырткары, Сөлпиев Рыскул атындагы орто мектебинде демөөрчүлөрдүн эсебинен класстык бөлмөлөрдү жасалгалоо иштери, мектепке тосмолорду куруу иштери жүргүзүлүүдө.

Чаткал районундагы М. Исмалов атындагы орто мектебинде АӨБ тарабынан ойноо аянтчасын куруу үчүн С. Мырзалиев атындагы орто мектебинде 212 миң сомдук иштер аткарылган.

- Башталгыч класстардын окуучуларына шашке тамактары кандай берилди?

- Кыргыз Республикасынын "КР жалпы билим берүүчү мектептеринде шашке тамактарды уюштуруу жөнүндө" мыйзамына ылайык 80 миң 323 башталгыч класс окуучулары шашке чай менен камсыз болушкан. Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан ашканаларга зарыл болгон муздаткыч, идиш-аяк, электрплиткалары алынып берилген. Мындан сырткары, тамак-аш азыктарынын сапаттуулугу дайым көзөмөлдөнүп, медицина кызматкерлеринин жана ашпозчунун айлык акылары жергиликтүү бийлик тарабынан чечилип берилген.

- Мектептердин кышка карата даярдыктары кандай абалда болуп жатат?

- Облусттун аймагындагы 468 мамлекеттик жалпы билим берүүчү мектептердин 26сы борборлоштурулган, 97си көмүр менен жылытылуучу отканалар, 110 мектеп печка, 224дө суу системасындагы электр отказандары жана стационардык эмес электр жабдуулары (аристон, ТЭН ж.б.) аркылуу 11 мектеп жылытылат.

Жалпы облус боюнча мектептердин күз-кыш мезгилине карата 11 миң 130 тонна көмүр керектеле турган болсо, бүгүнкү күндө 784,5 тонна көмүр ташылып келинип, былтыркы жылдан 301 тонна көмүр калып, жалпы керектеле турган көлөмдүн 9,7 пайызын түздү.

  Маектешкен Анархан Жаңыбаева,

Жалал-Абад шаары

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу