Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
27/08 10:26
 

Элвира Сариева: Байкоочу кеңеш УТРКнын кадр саясатына кийлигишпейт


БИШКЕК, 27-август. (КАБАР). Кечээ Президент Роза Отунбаева Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо тууралуу Жарлыкка кол коюп, Байкоочу кеңештин мүчөлөрү такталды. КТРКны калыптандыруу, Байкоочу кеңеш аткара турган иштер тууралуу аталган кеңештин төрайымы Элвира Сариева менен маектештик.

“КАБАР”: Көптөн күткөн КТРК Байкоочу кеңеши түзүлдү, эми ишти эмнеден баштаганы жатасыздар?

Э. Сариева: Кечээ Байкоочу кеңештин мүчөлөрү чогулуп, кийинки аптанын дүйшөмбүсүндө (30-августта) Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) башкы директору Кубат Оторбаев менен жолугушууну чечтик. Бул жолугушууда Байкоочу кеңештин регламенти каралат. Бүгүнкү күндө биздин иштөө шартыбызды караган регламент даяр, аны бекитүү гана керек. Бул регламент ачык документ, аны менен ким кааласа тааныша алат. Мындан тышкары УТРКнын редакциялык саясатын өзгөртүү маселесин карайбыз. Буга чейин бийликтин жакшы иштери жөнүндө көбүрөөк айтылып келсе, эми баардык тарапты тең кароого басым жасалат.

“КАБАР”: Байкоочу кеңештин түзүлүшү менен УТРКда кадрдык өзгөртүүлөр, кыскартуулар болушу мүмкүнбү?

Э. Сариева: Байкоочу кеңеш УТРКнын кадр саясатына кийлигишпейт. Бул маселе алардын ички иши болуп саналат. Муну корпорациянын башкы директору өзү чечет. Тагыраак айтканда, кадр саясаты, телерадиоберүүнү башкаруу Байкоочу кеңештин милдетине кирбейт. Негизинен редакциялык саясат жүргүзүлүп, жалпысынан байкоо жасалат. Ошондой эле башкы директорду дайындоо милдети да бизге жүктөлгөн.

  “КАБАР”: Жакын арада башкы директордун алмашуусу мүмкүнбү?

Э. Сариева: КТРК жөнүндө Декрет менен кошо кабыл алынган Жобого ылайык, белгилүү мөөнөттө сынак аркылуу башкы директорду дайындоо каралган. Азырынча бул маселе Байкоочу кеңеш тарабынан карала элек. Дүйшөмбү күнү боло турган жыйында каралышы мүмкүн.
  “КАБАР”: Буга чейин УТРКда берүүлөрдү иргеп келген көркөм кеңеш Байкоочу кеңештин түзүлүшү менен жоюлабы?

Э. Сариева: Жок мындай болбойт. Кечээ Байкоочу кеңештин түзүлөөрү менен эле айрым жалпыга маалымдоо каражаттары УТРКда кызматтан алуу болот деген сыяктуу маалыматты таркатып жиберишти. УТРКнын ички иштери, айрыкча кадр маселесине байланыштуу маселелер башкы директордун иши катары жүктөлгөн. Анын ичинде көркөм кеңештин тагдырын да башкы директор аныктайт. Байкоочу кеңеш УТРКга бара калып бүт эфирди көрүп чыгып, бул берүү жакшы, мунусу жаман деп айтпайт. Ал үчүн белгилүү бир критерий иштеп чыгуу зарыл. Мындай критерийдин бири - редакциялык саясат болуп саналат.
  “КАБАР”: УТРКда коомдук телерадиоберүүнүн калыптана баштаганын качан байкоого болот?

Э. Сариева: Бул процесс тийиштүү Декрет чыккандан бери башталды. Учурда УТРКны КТРКга айлантуу боюнча юридикалык иштер башталды. Коомдук телерадиоберүүнү калыптандыруу ар кыл багытта жүргүзүлө турган иш. Алсак, техникалык, укуктук, финансылык, мазмундук жана башка багытта. Бул багыттагы иштер Байкоочу кеңеш, башкы директор жана жалпы телерадиоберүүнүн кызматкерлери менен биргеликте жүзөгө ашырылат. Бул үчүн эки-үч апта эмес, 1-2 жыл убакыт керек. Өзгөрүүлөр азыр деле болууда. Алар көпчүлүккө байкалбаса дагы ар бир жыйналыш сайын өзгөрүүлөр болуп жатат.
  “КАБАР”: УТРК маалыматтык берүүлөр жагынан сынга алынып келген. Бул багытта кандай иштер жүргүзүлөт?

Э. Сариева: Бул үчүн Байкоочу кеңеш атайын план кабыл алып, ал коомчулукка таркатылат. Ал жерде биздин сунуштар көрсөтүлүп, эмнени өзгөртүү керектиги белгиленет. Буга кошумча биз медиа уюмдар менен жолугушуп, телерадиоберүүгө, анын кызматкерлерине көмөк көрсөтүү маселесин чечебиз. Байкоочу кеңеш баарын бузуп, талкалаш үчүн эмес, телерадиоберүүгө жардам көрсөтүү, аны өнүктүрүү, элге жаккан берүүлөрдү жаратуу үчүн түзүлдү. Бул үчүн бардык күчтү жумшап, жакшы жагына өзгөртүүгө аракет кылабыз.
  “КАБАР”: КТРКны каржылоо жагы кызуу талкууланып келген. Каржы жагы кандай болот?

Э. Сариева: КТРКны каржылоо боюнча маселе таптакыр каралган эмес. Каржылоо негизинен мамлекет тарабынан болот. Бирок бул коомдук телерадиоберүүнү калыптандырууга тоскоол болбойт. Анткени бюджет жарандар төлөгөн салыктын негизинде түзүлөт.

“КАБАР”: Байкоочу кеңештин өзү кайсы мөөнөткө чейин иштейт?

Э. Сариева: Бул маселени биз кечээ талкууладык. Байкоочу кеңеш жөнүндө жобого ылайык, Кеңеш беш жыл мөөнөткө дайындалат. Коомчулук Байкоочу кеңеш кандай иштеп жаткандыгын көрүп туруш үчүн эл менен байланыш түзүүнү жолго салабыз. Ар кандай медиа куралдар аркылуу коомчулук менен байланыш түзүп, 15 адамдан турган Байкоочу кеңештин иши эл алдында ачык жүргүзүлөт.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү:
  - Абдыкеримова Нургүл;

- Алимбаев Болот;

- Асанбеков Нурлан;

- Бакашова Жылдыз;

- Воронина Елена;

- Касаболотов Жыргалбек;

- Керезбеков Канат;

- Майчиев Шамарал;

- Өмүркулов Кадыр;

- Саалаев Жедигер;

- Садиев Данияр;

- Сариева Эльвира;

- Сыдыкова Зауре;

- Үсөнова Бегайым;

- Шаршембиева Нургүл. (даярдаган Мээрим Ибраева)
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу