Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
27/08 08:27
 

Нурбек Эген: Кыргыздардын ою, жүрөгүндөгү Манасты тарттым



БИШКЕК, 27-август. (КАБАР). Акыркы учурда кыргыз киносунда алга жылуулар байкалууда. Ар кыл багыттагы кино тасмалар тартылып, белсенип киришип, белгилүү кино фестивалдарда ийгилик жараткандар, же адис болбосо да алынча тасма жаратып, ал аркылуу пайда тапкандар бар. Кыргыз киносунда дагы бир жаңылык болду. Белгилүү режиссер Нурбек Эген “Манастын төрөлүшүн утурлап” аттуу даректүү тасмасын элге тартуулаганы турат. Режиссер жаңы тарткан тасмасы, жалпы эле кыргыз киносу тууралуу “КАБАР” агенттигинин суроолоруна жооп берди.


“КАБАР”: “Манастын төрөлүшүн утурлап” даректүү тасмасы тууралуу жөнүндө айтып кененирээк берсеңиз?
  Нурбек Эген: Менин чет өлкөдө жашап жатканыма 16 жыл болду. Чет өлкөлүк киночулар менен таанышканымда, алар менден “даректүү тасма тарта аласыңбы” деп сурашты. Мен буга чейин бир да жолу даректүү тасма тартып көргөн эмесмин. Мындай сунуш мен үчүн жаңы багыт болду. Буга чейин эле мындай формадагы тасмалар болгон. Алсак, бир өлкөнүн портретин чагылдыруу үчүн ар кандай көз карашатагы, ар башка кесиптеги 6-7 каарман тандалып, алардын тагдыры аркылуу өлкөнүн абалы көрсөтүлөт. Мындай кино орустарда да пайда болду. Мага да даректүү тасма тартуу сунушу түшүп, кыргыздарды камтыган даректүү тасманы тартуу макулдугумду бердим. Даректүү тасма тартууга канча убакыт кетээрин сураганымда, ашып кетсе 2-3 айда бүтөөрүн айтышты. Бирок мен каармандарды эле бир жыл тандап, кыргыздар жөнүндө үстүртөн кино тартууга мүмкүн эместигин түшүнүп, элдин уюткусу, уңгусун эмне кармап турат деген суроо жаралды. Себеби кыргызга тектеш далай элдер жок болуп кеткендиги белгилүү. Алалы, сактар, динлиндер, карлуктар. Кыргыздар бүгүнкү күнгө чейин жок болуп кетпей жашап калышты, кайдан чыгышкан деп кызыгып отуруп бир каарман катары тарыхчыны алдым. Бир каарман – комузчу. Ал комуздун тарыхы, музыкага болгон элдин мамилеси жөнүндө билдирет. Андан тышкары чек араны кайтарып турган жоокер, бул жакка акча салам деп кыйналып жүргөн гастарбайтер кыз, чет өлкөдө окуп жүргөн студент... ошентип отуруп бугүнкү күндөгү кыргыздардын абалын терең жана толук камтый турган учурдун каармандарын тандаганга аракет кылдым. Башында ойлогом, каарманды тандап алып, тартып коюу оңой деп. Бирок тандоо оңой болгон жок. Бир жыл тандоо болуп, мен мурда белгиленгендей 7 адам эмес, 18 адамды тандап алдым. Андан соң 20 күндө тарта турган нерсени 7 ай тарттым. Жалпысынан 100 саатка жакын материал чогулду. Ошентип, даректүү тасманы тартуу татаалдашып отуруп 3 жыл дегенде араң бүттү. Бүткөндө да эл аралык варианты – бир жарым сааттык варианты бүттү.

“КАБАР”: Даректүү тасмадагы бардык каарманды эмне бириктирип турат?

Нурбек Эген: Каармандарды өлкө бириктирип турат, ошол эле учурда кандайдыр бир бирдиктүү идея алардын башын бириктирбейт. Алар ар башка. Алар ошол жалпыга орток идеяны издеп жатышат. Бизде эгемендүүлүк болгону менен мамлекеттүүлүгүбүздү кура элекпиз, бул тажрыйбаны жоготуп койгонбуз. Эми гана мамлекеттүүлүк деген эмне, кандай институттар болуш керек, маданияттуулук кандай болуусу зарыл, эмне деген идеология болуш керектигин үйрөнүп жатабыз. Шыр эле Швейцариядай болуп жашап калабыз дегенге эртелик кылат. Эл кыйналып, туңгуюкта жол таппай жатканда, мындай кырдаалдан чыгарып кете турган адамга зар болгондо гана Манас баатырдай адам төрөлөт. Ошондуктан, даректүү тасманын атын жакында Манас төрөлөт деген мааниде “Манастын төрөлүшүн утурлап” деп атадык.

“КАБАР”: Демек элдин баары азыркы замандын Манасынын төрөлүшүн күтүп жатат?

Нурбек Эген: Сөз күткөндө эмес. Күтүп эле тим болсок, азыркынын Манасы төрөлбөйт. Ошого аракет кылыш керек. Эл өзү бир сөзгө келгенде гана идеология пайда болот. Ошондо ынтымактуу топ пайда болуп, бир идеяны алып чыгып, алдыга жылса болот. Бүгүнкү биздин абалда алга жылуга мүмкүн эмес. Ошондой нерсе болуш үчүн туруктуулук болуп, эл ойлонуп, китеп окуп, курсагы ток болуш керек. Курсагы ач адам кандай ойлонот – Манасты ойлонобу же эртең жей турган тамагын ойлойбу? Албетте, тамагын ойлойт. Бүгүнкү күндө “ой, оңолуп кетебиз” деп курулай айтуу Советтер Союзунун калдыгы деп ойлойм. Анткени ал учурда бардык көйгөй үстүртөн кабыл алынган. Мисалы эл билим берүү, ооруканалардын бекер болушуна көнүп калган. Мындай болбош керек, бардык нерсенин баасын, баркын билиш керек. Менимче, ошондо гана алдыга жылыш болот.

“КАБАР”: Ошол каармандардын тагдырын тасмага тарткандан кийин Кыргызстандын бүгүнкү абалын кандай баалайт элеңиз?
  Нурбек Эген: Мен өлкөнүн абалы анчалык оор деп эсептебейм. Кыйналгандан коркпош керек. Бирок туура кыйналыш керек. Бир максатты коюп алып, ошого жетиш үчүн жасаган эмгектен кыйналса, кылганына канааттанууга болот. Ал эми арак ичип алып кыйналып аткан болсо, ал кыйналуу эмес келесоолук. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын абалы ар ким ар кайсы тилде сүйлөгөндүктөн кулап калган Вавилондун тагдырын элестетет. Мындайча айтканда, Вавилондун тарыхынан сабак алыш керек. Учурда эл бир эле тилде сүйлөгөнү менен бири-бирин түшүнбөй турат.

“КАБАР”: “Бир тилде сүйлөш” үчүн эмне кылуу керек?

Нурбек Эген: Эмгектениш керек. Катуу эмгектенип, жеткире айтыш керек. Ой тунук, максат так болуш керек.

“КАБАР”: “Манастын төрөлүшүн утурлап” тасмасын жаш муунга арналат деп жатасыз, эмне үчүн жаштарга басым жасадыңыз?

Нурбек Эген: Менин негизги ишеничим – жаштар. Алар менен сүйлөшкөнүмдө жаштардын ою курч экенин байкайм.

“КАБАР”: Сиздин “Аталар керези” тасмаңыз чыкканда катуу сындар айтылды эле, тасманын атын Манаска байланыштырган соң бул жолу кандай сындар болот деп турасыз?

Нурбек Эген: Албетте, кинонун аты эле Манас менен аталып турса коркосуң. Бул жерде мен Манас атабыз жөнүндө тартканым жок, кыргыздардын ою, жүрөгүндөгү Манасты тарттым. Бирок анын аты аталып жаткан соң бир аз оорлоштубу дейм. Ар ким өзүнүн деңгээлине жараша кабыл алат, ошого жараша сын айтат.

“КАБАР”: Эми сөздү киного бурсак, кыргыз киносунун бүгүнкү абалы жөнүндө эмнени айта аласыз? Нурбек Эген: Айрым өлкөлөрдө калкынын саны 40 миллионго жетпесе киностудияны ачуунун зарылчылыгы жок. Ал эми бизде 5 миллиондон ашык калкыбыз, анан эки киностудиябыз бар. Мунун кереги барбы же жокпу?.. Баары башынан башталыш керек. Кино тартылып баштаганда ошого зарылдык болгондо киностудия ачууну ойлонуш керек. Кино деген бул искусство гана эмес, бул бизнес дагы. Киностудия, киноиндустрия бул бизнеске керектүү. Ал эми кинодон искусство жаратууну кааласаң андай чоң киностудияны ачуунун кереги жок.

“КАБАР”: Сөзүңүздү улай, Кыргызстанда Мамлекеттик кинематография агенттиги түзүлдү. Сиздин оюңузча, бул агенттик акча табуу үчүн түзүлдүбү?

Нурбек Эген: Акча табуу үчүн эмес. Сөз мындай, кинону тескей турган уюм болуш керек. Учурда жеке студияларда кино тартып, дискке чыгарып таратып жатышат. Ошондо мамлекеттин көз карашына туура келбеген нерселерди чыгарууга жол бербей, тескеп туруу керек. Бул бир жолу. Буга кошумча киночулардын баары эле алкынып-жулкунган шылуундар эмес, таланты бар, бирок менеджерлик же башкаруучулук касиети жоктор бар. Ошолорго жардам көрсөтүү керек. Эл аралык кино форумдарга кайсы тасманы жөнөтүү керектигин киночулардын баарын чогултуп алып сүйлөшүп чечүү да керек. Буга да агенттиктин иштеп турушу зарыл. Бирок киного көзөмөл кылуу десе эле, “силер сапатсыз тартыпсыңар” деп чыгарбай коюуга болбойт. Идеологиялык гана жактан көзөмөлдөш керек. Сапаты боюнча ала турган болсок, кандай сапатта, канча акчага тартат ар кимдин өз иши.

Маалымат үчүн: Режиссер Нурбек Эген тарткан бир катар тасмалар эл аралык кино фестивалдарда ийгиликке жетишкен. Анын ичинде 2001-жылы тартылган “Санжыра” тасмасы “Оскар” сыйлыгынын мыкты студенттик фильм номинациясына, ал эми 2005-жылы тартууланган “Аталар керези” көркөм тасмасы Кыргызстандын атынан мыкты чет өлкөлүк фильм номинациясына көрсөтүлгөн. Бул жолу “Манастын төрөлүшүн утурлап” даректүү тасмасын тартууга Кыргызстан, Россия кинематографтары, окумуштуулар, тарыхчылар, ишкерлер, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, сүрөтчүлөр, элдик өнөр жана музыка чеберлери катышкан. Бул тасма жакынкы аралыкта чет өлкөлүк телеканалдарда жана эл аралык фестивалдарда көрсөтүлөөрү күтүлүүдө. Тасманын бет ачары 30-августта Бишкектеги “Ала-Тоо” кинотеатрында өтүп, 31-августтан тартып Бишкектеги “Октябрь” кинотеатрында жана Ош шаарындагы драма театрда көрсөтүлүп баштайт. (даярдаган Мээрим Ибраева)  

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу