Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
26/08 11:27
 

Р.Казакбаев: Кыргыз-кытай кызматташтыгынын арымдуу өнүгүшүнө альтернатива жок


БИШКЕК, 26-август. (КАБАР). Кечээ Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Кытай Эл Республикасына расмий сапары башталды. Пекинге жөнөп кетээринин алдында өлкөнүн тышкы саясый ведомствосунун башчысы өзүнүн алдыдагы беш күндүк сапарынын программасы жөнүндө “КАБАР” агенттигине интервьюсунда маек куруп берди.


“КАБАР”: Руслан Айтпаевич, Сиздин КЭРге сапарыңыз эмнеден келип чыкты?

Р.Казакбаев: Кытай Кыргызстандын эл аралык аренадагы эң маанилүү стратегиялык өнөктөшү болуп эсептелет, аны менен саясый, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык байланыштардын комплексин туруктуу кеңейтүү зарыл.
  Кытай Эл Республикасына бул сапар Кыргызстан тышкы саясый ведомствосунун башчысынын 2010-жылдын апрель окуяларына кийинки чет мамлекетке биринчи расмий сапары болуп эсептелет, ал эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө жана бекемдөөдө маанилүү окуя болуп калууга чакырылган.

КАБАР : Сапардын башкы максаты кандай?

Р.Казакбаев:
Бул сапардын максаты Кыргызстан менен КЭРдин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөө жана кеңейтүү боюнча диалогду андан ары өнүктүрүү, тармактык долбоорлорду турмушка ашыруунун, республиканын экономикасына инвестицияларды тартуунун жүрүшүн талкуулоо жана эки тараптуу жана көп тараптуу негизде андан аркы келечектеги кызматташтыкты аныктоо болуп эсептелет.

КАБАР: Кыргыз-кытай мамилелери көп кырдуу. Алардын артыкчылыктары кайсылар?

Р.Казакбаев: 1992-жылы дипломатиялык мамилелери орнотулган күндөн тартып тарыхый кыска мезгилде тараптар жакшы коңшулаштык, достук мамилелерди түзүүгө, конструктивдүү өнөктөштүк, эки тараптуу өз ара байланышты тереңдетүү жана кеңейтүү үчүн кенен келечектерди ача турган, кеңири келишимдик-укуктук базаны түзүүгө жетишти.

Азыркы кыргыз-кытай мамилелеринин юридикалык негизи “Жакшы коңшулаштык, достук жана кызматташтык жөнүндө” 2002-жылы Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда кол коюлган келишим болуп эсептелет.
  Бүгүнкү күндө биздин эки өлкөбүздүн ортосунда эки тараптуу кызматташтыктын арымдуу өнүгүшүнө тоскоолдук кыла турган кандайдыр бир олуттуу карама-каршылыктар жана чечилбей жаткан маселелер жок. Активдүү саясый диалог жүрүүдө, биздин өлкөлөрүбүз биргелешкен экономикалык долбоорлорду турмушка ашырышууда, үзүрлүү маданий жана билим берүү жагынан алмашуулар жүргүзүлүүдө. Буга көп жагынан биздин мамилелерибизде түзүлгөн өз ара түшүнүшүүнүн жана ишенимдин кырдаалы жардам берүүдө.

Эки мамлекет мамилелерди көп тараптуу форматта да, атап айтканда, БУУ, ШКУ, башка эл аралык жана региондук уюмдардын алкактарында бекемдөөгө зор маани берет.

КАБАР: Сапардын жүрүшүндө албетте, эл аралык милдеттенмелер боюнча тараптардын позицияларынын өзгөрүлбөй тургандыгы ырасталабы?

Р.Казакбаев: Жаңы саясый чындыктарды эсепке алуу менен Кыргызстанга жана Кытайга эки өлкөнүн ички милдеттерин чечүүгө жана бир эле убакта биздин мамлекеттерибиздин эл аралык позицияларын чыңдоого жардам бере тургандай туруктуу жана узак мөөнөттүү өз ара мамилелерди түзүү боюнча максатка багытталган ишти улантуу зарыл.

Кыргыз Республикасынын жаңы жетекчилиги мурда жетишилген макулдашууларга, атап айтканда, кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы боюнча, Тайвань маселеси боюнча жана коопсуздук чөйрөсүндөгү, анын ичинде “үч кырсыкка” – терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөшүү жагынан кызматташуу проблематикасы боюнча макулдашууларга өзүнүн бекем тураарын ырастайт.

КАБАР: Кыргызстан менен КЭРдин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын абалы жана келечектери жөнүндө айтып бериңизчи.

  Р.Казакбаев: Соода-экономика жагынан эки тараптуу сооданын көлөмдөрүнүн жыл сайын өсүп баратышынын тенденциясы байкалууда. Соңку бир нече жылда гана товар жүгүртүү бир нече эсеге көбөйгөн.

Дүйнөлүк экономикалык каатчылыктын шартында, ошондой эле Кыргызстанда быйылкы жылдагы апрель окуяларынан кийин, айрым кыйынчылыктарга жана экономикалык кызматташтыктын темпи басаңдап кеткендигине карабастан, анын акырындык менен жанданышы жана өткөн жылдардын динамикалуу абалына кайтып келиши байкалып жаткандыгын белгилей кетүү зарыл.

Азыркы убакта соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын ишинин алкагында экономиканын ар кыл тармактарында азыркы учурдун бир катар ири долбоорлорун турмушка ашыруу боюнча иштер жүрүп жатат.

Кыргызстанда чет өлкөлүк бизнестин иши үчүн, анын ичинде кытай ишканалары үчүн жагымдуу инвестициялык кырдаал түзүү процесси улантылууда.

Бизнес, иштөө же билим алуу максатында Кыргызстанга келишкен кытай жарандары үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүүдө. Июндагы окуялардан кийин Кытайдын жана башка чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө маани берилүүдө.

КАБАР: Кыргызстан үчүн ШКУнун мааниси эмнеде?

Р.Казакбаев: Уюм түзүлгөн алгачкы күндөрдөн тартып ШКУнун аймагындагы региондук коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу жана сактоо салт боюнча анын ишинин эң артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп эсептелет.
  Андан тышкары ШКУ бардыгы биригип келип зор жана келечектүү рынок түзө турган эбегейсиз зор экономикалык, жаратылыштык жана адамдык потенциалы болгон өлкөлөрдү бириктирип турат. ШКУга мүчө болуу уюмга кирген бардык мамлекеттер үчүн өз ара пайдалуу кызматташтык жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрү ачат.

Ушуга байланыштуу, ШКУнун көп тараптуу дипломатиясынын алкактарындагы багыт биздин мамлекетибиздин тышкы саясый ведомствосунун биринчи даражадагы көңүлүнүн борборунда турат.

КАБАР: Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий-гуманитардык өз ара байланыш жагынан иштин абалы кандай?

Р.Казакбаев: Кыргызстан менен КЭР көп кылымдык тарыхый-маданий жалпылык менен байланышкан. Биздин элдерибиздин этностук-маданий жакындыгын, Борбордук Азия региону менен Кытайдын элдеринин ортосундагы тарыхый карым-катнаштагы хронологиялык тереңдигин көңүлгө алуу менен бизди эзелтеден эле бирдиктүү маданий мейкиндик бириктирип тургандыгын белгилей кетүүгө болот.

Маданий-гуманитардык чөйрөсүндөгү кызматташтык жылдан-жылга кеңейип баратат. Алсак, 2007-жылы Кыргызстанда Кытайдын маданият күндөрү, 2008-жылы Кытайда Кыргызстандын маданий күндөрү ийгилик менен өткөн.

Соңку жылдарда республикада жаштар арасында көп жагынан Кытайдын ургаалдуу өнүгүшү жана кытай маданиятынын бүткүл дүйнөдөгү таасиринин өсүшү менен шартталган кытай тилин үйрөнүүгө зор кызыгуу байкалууда. Ушуга байланыштуу өлкөнүн көрүнүктүү ЖОЖдорунда кытай тилинин факультеттери ачылды, эки мамлекеттин элдеринин маданияттарын, салттарын жана тарыхын өз ара түшүнүү ишинде маанилүү көпүрө болууга чакырылган эки Конфуций институту түзүлгөн.

Биз Билим берүү, кадрларды даярдоо жана илимий чөйрөдө өз ара алмашуу жагынан биздин байланыштарыбызды мындан ары да тереңдетүүгө кызыкдарбыз.

Маектешүүнүн корутундусунда Кыргызстан Тышкы иштер министри мындай деп баса белгиледи: “Биз Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыктын бекем негизи бар экендигине жана мындан ары да чыңдала жана кеңейтиле бере тургандыгына ишенебиз”. (которгон Ж.Тынаев)  

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу