Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
24/08 17:40
 

В.Соловей: Украин-кыргыз кызматташуусун экономиканын баардык тармактарында өнүктүрөбүз


Бишкек, 24-август. (КАБАР/Ширин Төрөгелдиева). Бүгүн Украинада Эгемендүүлүк күнү белгиленет. Украина - бай тарыхка ээ мамлекеттердин катарында. СССР кулаган соң, 1991-жылдын 24-августунда эгемендүүлүк статусуна ээ болуп, өз алдынча өнүгүүгө багыт алган. Бул окуя - мамлекеттин жашоосунда эң орчундуу мааниге ээ. Буга байланыштуу Украинанын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Владимир Соловей «КАБАР» агенттигине Эгемендүүлүк майрамын анын мекенинде кандай тосушаары тууралуу маек курууга макулдугун берип жана башка бир катар суроолорго жооп берди.

КАБАР: Владимир Васильевич, Украинада Эгемендүүлүк күнүн кандайча белгилешет жана Бишкектеги Украин элчилигинде буга байланыштуу иш-чаралар пландаштырылганбы? В.Соловей: Бүгүн Украинада салттуу мүнөгө ээ болгон бир катар майрамдык иш-чаралар өтөт. Бул күнү бүт өлкө боюнча концерттик аянттар кесипкөй жана өздүк чыгармачыл жамааттарга берилет. Анткени мамлекет жана эл тарыхый пландан алып караганда узак сапар басууга туура келип, жетишкен көз-карандысыздыктын мааракесин - негизги салтанатты белгилеп жатат.

Бишкектеги Элчилик дипломатиялык корпустун мында аккредиттелген украин диаспорасынын, министрлик, ведомстволор жана республикалык интеллигенциянын өкүлдөрүнүн катышуусунда расмий кабыл алуу уюштурду. Мындан сырткары, Кыргызстан Элдер ассамблеясынын имаратында Украина тууралуу сүрөт көргөзмөсү жайгаштырылган.
КАБАР: Ошондой эле украин-кыргыз байланыштарынын абалы жана анын келечеги тууралуу айтсаңыз. Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Амангелди Муралиев менен 17-августта болгон жолугушууңузда ал “Украина менен болгон соода-экономикалык мамилелер биздин келечектүү багыттарыбыздын бири болгон жана кала берет” деп билдирди.Бул мамилелер тууралуу кеңири токтолсоңуз? В.Соловей: Бизде соода-экономикалык тармакта жаман эмес көрсөткүчтөр бар. Бул туурасында, чындыгында, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Амангелди Муралиев менен жолугушууда сөз козголду. Сиздердин мамлекетте украин элчилигинин 10 жыл бою иштөөсүнүн натыйжасында эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 9,5 млн дон 100 млн долларга дейре жогорулаган. Бирок бул да жогорку чек эмес. Тоскоолдук келтирген фактор катары 2010-жылдагы Кыргызстандагы татаал ички саясый окуялар эсептелди. Бирок биздин мүмкүнчүлүк жана алга умтулуубуз күч. Биз мырза Муралиев менен мамлекеттер ортосундагы соода байланыштарды, тактап айтканда аны аймак аралык деңгээлде өнүктүрүү зарылдыгы тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Бул жол салыштырмалуу кыска жана натыйжалуу. Ал эми мыйзамдуулук базасы бизге кызматташууну экономиканын баардык тармактарында өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Анткени биз - Бүткүлдүйнөлүк соода уюмуна мүчө-өлкөлөрдөнбүз.
Украина эки тараптуу, биринчи кезекте, экономикалык байланыштарды жандандырууда Киевде өтүүчү Кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын үчүнчү жыйыны олуттуу роль ойнойт деп ишенет.
Ал үстүбүздөгү жылдын аягында же келерки жылдын башында өтөөрү күтүлүүдө.
КАБАР: Белгилүү болгондой, Украина министрлер кабинети Кыргызстанга 570 миң доллар өлчөмүндө гуманитардык жардам берүүгө даяр экендиктерин билдирди. Чынында эле ушундайбы жана бул жардам кайсы мөөнөткө берилет?

В.Соловей: Чындыгында, 7-июлда Украин президенти Владимир Янукович Кыргыз Республикасына гумжардам бөлүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Ал эми 18-августтагы Украинанын министрлер кабинетинин жыйынында аталган жарлыкты аткаруу максатында тийиштүү токтом кабыл алынган, анда Кыргызстанга 4,5 млн гривен суммасындагы дары-дармек каражаттарын, азык-түлүк, биринчи муктаждыктагы буюмдарды бөлүү каралган. Бул сумманы долларга которсок, 570 миң долларды түзөт.
Белгилей кетчү нерсе, аталган өкмөттүк чечим – Кыргызстан үчүн кыйын кырдаалда Украина тараптан көрсөтүлгөн достук мамиленин жана колдоонун жалгыз эле мисалы эмес.
Республиканын түштүк аймагындагы Нура айылында 2008-жылы болуп өткөн кайгылуу окуялардан соң, Киев 80 электр генераторун жана 35 миң банка эт консервасын жардам катары жөнөткөн. Балким, бул комментарийлер ашыкча болоор. Бул достук мамиле. Менин оюмча, сентябрдын биринчи жарымында жогоруда айтылган жардам өлкөгө келип калуусу керек. (которгон А.Мураталиева)  

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу