Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
24/08 14:31
 

Беш жашка чейинки балдар эмнеге шал оорусуна кабылат?

Бишкек, 24-август. (КАБАР). Кыргыз Республикасында балдардын шал оорусуна каршы улуттук эмдөөнүн экинчи туру башталды. Бул тууралуу коомчулукта маалымат болсо дагы, элге кеңири түшүнүк жеткирүү максатында Ош облусттук балдар ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Шарапат Кожобекова менен маек уюштурганбыз.

-Шарапат Мизамовна, шал оорусу (полиомиелит) деген эмне?

-Шал оорусу – бул, вирустук жугуштуу оору, ал адам баласынын нерв системаларын жабыркатат. Бул өз учурунда шал болууга, жада калса, өлүмгө да алып келет. Шал оорусу – айыкпас дарт, андан убагында сактануу жолу жалгыз гана эмдөө болуп эсептелет.

-Анын биринчи белгилери кайсылар?

-Шал оорусунун биринчи белгилери температуранын көтөрүлүшү (ысытмаланышы), чарчоо, баш ооруу, жүрөктүн айланышы жана буту-колдорунун оорушу. 1-3 күндөн кийин айыкпаган дартка – шал болууга (негизинен буттардын шал болуусуна) чалдыгат, ушундан кийин бала өмүрүнүн аягына чейин майып болуп калат.

Андан сырткары, өзгөчө оор абалда дем алуу булчуңдарынын шал болуусунан адам көз жумушу мүмкүн. Шал оорусу менен ооругандардын кээ бирөөлөрүндө оорунун белгилери байкалбашы же начар байкалышы мүмкүн. Алар медициналык жардам көрсөтүү үчүн кайрылышпайт, ошонун негизинде шал оорусу калктын арасында кеңири тарап кетиши мүмкүн, ал жабыркагандардын бирөөсү шал болгондо гана билинет.

-Буга чейин Кыргыз Республикасы шал оорусунан эркин мамлекет катары сертификатташтырылган экен, анда эмне үчүн биз балдарды эмдешибиз керек?


-Инфекциянын жайылуу чеги жок болгондуктан, шал оорусунан эркин мамлекеттердин аймагында да, жапайы үч түрдөн турган (поливирустан) кирүү коркунучу бар. Ооба, Кыргызстандын аймагында 18 жылдан бери шал оорусу менен жабыркоо болгон эмес, бирок жакында бизге коңшулаш бир мамлекетке ушул коркунучтуу инфекция кирип кетип, ал жайылып жатат. Ошондон кийин Орто Азия мамлекеттеринин баардыгына бул жаман оорунун кайра келүү коркунучу туулду. Ошондуктан Кыргызстан шал оорусуна каршы эмдөө жүргүзүшү керек.   Туулганына бир күн болгон бөбөктөн тартып, 5 жашка чейинки жаш балдарды эмдөө үч түрдөн турган (поливирустун) мындан ары жайылышын токтотот жана биздин мамлекетте оорунун пайда болушун, тактап айтканда шал оорусунун башталышын жок кылат.

-Эмне үчүн жаңы туулган наристеден тартып, 5 жашка чейинки балдарды гана эмдөө керек?

-Анткени, алар айрыкча 2005-жылдын 1-январынан кийин туулган балдар шал оорусу менен жабыркоого көбүрөөк жакын. Көп учурларда ушул курактагы балдар вирусту таратуучулар болуп келишет. Шал оорусу менен жеткинчектердин жана чоң кишилердин жабыркоосу абдан сейрек кездешүүчү көрүнүш.

-Эмнеге балдарды шал ооруга каршы жылына эки жолу эмдөө керек?

-Анткени шал оорусуна каршы эмдөөнүн эки жолу жүргүзүлүшү вирустун таркашын токтотот жана балдарда шал оорусуна каршы иммунитетти пайда кылат.

-Шал оорусу кантип жайылат?
-Үч түрдөн турган (поливирустун) адамдан адамга берилет жана организмге ооз аркылуу кир тамак - аш менен же суу менен кирип кетет. Вирус организмге кирээри менен ичегиде көбөйө баштайт жана адамдын нерв сисемасын жабыркатат, нерв түзүлүштөрүн бузат. Шал оорусунун вирусу көбүнчө санитардык жана гигиеналык деңгээли төмөн жерлерде тез жайылат.
  -Шал оорусун дарыласа болобу анан?

-Аны дарылоо жолу жок. Бирок, бул ооруну алдын ала чара көрүү менен токтотууга гана болот. Шал оорусуна каршы ооз аркылуу берилүүчү вакцина жасоо абдан үзүрлүү жана балдарды өмүрүнүн аягына чейин бул вирустан сактайт.

Физиотерапия жана ортодонттук скобалар балдардын организминин кээ бир функцияларын ордуна келтирүүгө жардам берет. Бирок, нерв системаларынын жабыркашы – бул, өмүр өткөнчө майып болуп жашоо сүрүү дегенди түшүндүрөт.
-Ооз аркылуу берилүүчү Полио Вакцина деген эмне?

-Ооз аркылуу берилүүчү Полио Вакцина деген тирүү, бирок алсыз вирустан жасалат. Ал организмге ооз аркылуу берилет. Көбүнчө тамчы түрүндө, тамчылаткычтын жардамы менен, ошондуктан «ооз аркылуу» вакцина деп аталат.

Алсыз вирус адамдын иммунитетин пайда болушуна шарт түзөт, ушинтип организмди жапайы (ооруну чакыруучу) үч түрдөн турган вирустан (поливирустан) коргойт.

-Ооз аркылуу берилүүчү Полио Вакцинанын үнөмүн балдарга көп жолу берүү коркунучтуу эмеспи?

-Анын көп берилишинин зыяны жок, берилген ар бир үнөм баланын шал оорусуна болгон иммунитетин чыңдайт жана жогорулатат. Ооз аркылуу берилүүчү Полио Вакцинанын үнөмүн көп жолу алуу баланын өмүрүнө зыян келтирбейт.

-Балдардын көпчүлүк бөлүгү шал оорусуна каршы эмделсе, анан калган балдар тобун эмдебей эле койсо болобу?

-Ооз аркылуу берилүүчү Полио Вакцинасын киргизүү балдардын организминин заматта коргонушун калыптантат, жапайы вирустун баланын организмине киришине тоскоолдук көрсөтөт. Балдардын көпчүлүгүн бир убакта эмдөө жапайы поливирустун аталган аймакта жашоо сүрүшүнө жана көбөйүшүнө мүмкүндүк берет.   Ошентип, поливирус бизди курчап турган жаратылышта көп убакыт жашай албаганына байланыштуу, ал тез эле өлүп калат.

Ар бир ата-эне өзүнүн баласынын астында, анын ден-соолугу үчүн милдеттүү экендигин түшүнүшү керек жана дээрлик жаңы төрөлгөн, уктап жаткан, оорулуу балдарды эске алуу менен бирге наристе шал оорусуна каршы Улуттук эмдөө күндөрүнүн (УЭК) ар бир бөлүгүндө эмделишин камсыз кылыш керек. Жада калса эмделбеген бир бала да анын жанындагы балдар үчүн коркунуч туудурат. Ошондуктан, бардык 5 жашка чейинки балдар УЭКнүн эки жолку жүрүшүндө тең шал оорусуна каршы эмделиши керек.
-Эмне үчүн шал оорусуна каршы Улуттук эмдөө күндөрү бир нече жолу жүргүзүлөт?

-Шал оорусуна каршы Улуттук эмдөө күндөрү бир нече жолу төмөнкү себептер менен жүргүзүлөт:


Балдар ооз аркылуу берилүүчү Полио Вакцинасын алган мезгилде, вакцина шал оорусуна каршы заматта, баланын ичегисинде көбөйүү менен кандайдыр бир коргонууну түзөт;

Балдарды шал оорусуна каршы бир нече жолу эмдөө менен биз балдарды жапайы вирустан толук кандуу коргонушун камсыз кылабыз;

Эгерде жапайы вирусуна жашоо шарты болбосо, ал жөн гана бул же тигил жерде өлүмгө дуушар болот;
Бир жыл ичинде шал оорусуна каршы УЭКүн бир нече жолу өткөрүү шал оорусунун такыр жок болушуна багытталган мерчемдүү кадам;

УЭКүн бир нече бөлүк менен өткөзүү мүмкүн болушунча көп балдарды коргоо үчүн абдан негиздүү;
Бала коркунучтуу оору менен мурда шал оорусуна каршы вакцинаны албаган балдар жабыр тартышы мүмкүн;

Балдар ооз аркылуу берилүүчү Полио Вакцинасынын үнөм вакцинасынын ар бир кошумча үнөмү баланын шал оорусуна каршы иммунитетин күчөтөт.
-Эмне үчүн шал оорусунун көбөйүшү бул оорудан эркин мамлекеттер катары сертификацияланган өлкөлөрдө болушу мүмкүн?

-Шал оорусу – кандайдыр бир себептер менен эмделбей калган балдар үчүн коркунуч туудурат. Андан сырткары шал оорусунан эркин мамлекеттердин да, мисалы, Кыргыз Республикасына 1993-жылдан тартып, шал оорусунун жапайы вирусу коңшулаш мамлекеттерден алынып келиниши жана Кыргыз Республикасында көбөйүп жайылуусунун башталышы мүмкүн.

Ошондуктан шал оорусуна каршы УЭКүн өткөрүү - бул, оорунун башталып кетишин токтотуу боюнча жүргүзүлгөн мерчемдүү иш чара. Жогоруда айтып өткөндөй, эмдөө боюнча коңшулаш мамлекеттерде иш чараларын жүргүзүү алардын аймагында да жапайы поливирустан тез кутулуусуна өбөлгө түзөт.

Маектешкен Асанбек КАРАКОЗУЕВ  

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу