Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
22/08 13:11
 

Киммо Кильюнен: Ош окуяларын эл аралык иликтөө сентябрда башталат

 

БИШКЕК, 22-август. (КАБАР). Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяларды эл аралык иликтөөнү даярдоо иш жүзүндө аяктады. Көз карандысыз комиссиянын жетекчиси ал кыргыз бийликтеринин колдоосун алгандыгын билдирди.

2010-жылдын июнундагы Кыргызстандын түштүгүндөгү кайгылуу окуяларды иликтөө боюнча көз карандысыз эл аралык комиссиянын курамына кимдер кирет? Комиссиянын мүчөлөрү кандай ыйгарым укуктарга ээ болушат жана кандай милдеттерди аткарышат? Бул туурасында Deutsche Welle эл аралык комиссиянын башчысы Киммо Кильюнен менен маектешкен.

- Кыргызстандын түштүгүндөгү июнь окуяларын көз карандысыз иликтөө качан башталат?

- Ал расмий түрдө сентябрда башталат. Биз 6-сентябрда алгачкы эксперттердин Ошко келишин күтүүдөбүз. Кыргызстандын Президенти Роза Отунбаева Бишкек Кыргызстандын түштүгүндөгү июнь окуяларына көз карандысыз эл аралык иликтөө жүргүзүүгө түндүк өлкөлөрдүн – Финляндиянын, Швециянын, Норвегиянын, Даниянын демилгесин колдой тургандыгын кайрадан кайталады. Биз иликтөөнү баштоого камданганбыз. Бишкекте биздин бюробуз ачылган, ал координациялоо ишин жүргүзөт. Бул жерде азырынча бир катчы иштеп жатат. Биз түштүктө болдук, ал жерде дагы бир кеңсебиз болот, анда негизги иликтөө иши жүргүзүлөт. Иликтөөнү биз сентябрда, октябрда жана ноябрда жүргүзөбүз, ал эми жыйынтыктоочу отчетту декабрда көрсөтүүнү пландаштырып жатабыз. Биздин ишибиздин натыйжаларын парламенттик шайлоодон кийин гана жарыялайбыз. Биз шайлоо өткөрүү – өлкөдөгү өтө маанилүү окуя экендигин түшүнөбүз, бирок ал биздин ишибизге эч таасирин тийгизбейт.

- Эл аралык иликтөө жүргүзө турган көз карандысыз комиссиянын курамына кимдер кирет?

- Көз карандысыз иликтөөнүн жүргүзүлүшүн ар түрдүү өлкөлөр колдошууда, биз эң оболу Түндүк Европа өлкөлөрүнөн белгилүү каржылык каражаттарды алдык. Бизге Евробиримдиктин башка мамлекеттери, атап айтканда Германия менен Франция, ошондой эле АКШ жана башка өлкөлөр колдоо көрсөтүшү толук мүмкүн. Бирок бул биротоло эмес, азырынча ачык-айкын макулдашуулар жок. Биздин комиссия БУУ, ЕККУ, Евробиримдик же КМШ болобу, кандайдыр бир уюмдун мандатына жараша эмес, өз алдынча иштейт. Иликтөөнү уюштурууга финндик көз карандысыз өкмөттүк эмес уюмдар жардам көрсөтүшөт.

- Комиссиянын курамында эл аралык уюмдардын өкүлдөрү болобу?

- Комиссияга эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кирет деп ойлобоймун. Анын курамына көз карандысыз эксперттер – эл аралык укук боюнча, адамдын укуктары боюнча адистер, зор масштабдагы кылмыштарды иликтөөдө тажрыйбасы бар адамдар кирет. Беш-алты адам комиссиянын жетекчи кеңешине кирет, андан тышкары 15-20 “талаа” эксперттери материалдарды чогултушуп, интервьюларды жана ушу сыяктууларды өткөрүшөт. Биз иликтөө бул өлкөнүн кызыкчылыктарына көз каранды болбосу үчүн комиссиянын курамына Кыргызстандын өкүлдөрүн киргизбөөнү чечтик.

- Эл аралык комиссия улуттук комиссия менен кызматташабы?

- Эң маанилүү суроо. Кыргызстанда көбү бир гана улуттук комиссия болот, ага чет өлкөлөрдөн бир нече эксперттер кирет деп ойлонуша тургандыгын так билемин. Бирок андай эмес, биздин комиссия толугу менен өз алдынча иштейт. Албетте, биз улуттук комиссия менен кызматташабыз, анткени биз бир эле көйгөйдү изилдейбиз. Ким кандай тыянакка келгендиги жөнүндө маалымат алмашуу үчүн улуттук комиссиянын өкүлдөрү менен жолугушубуз мүмкүн. Бирок иликтөөнү өз алдыбызча жүргүзөбүз.

- Иликтөөнүн натыйжалары атайын докладда айтылабы?

- Биринчиден, биз отчет даярдайбыз, ал каалагандардын бардыгына жеткиликтүү болот. Бирок мындан тышкары биз алар Кыргызстандын түштүгүндөгү окуялардын кандайдыр бир көргөзмө-иллюстрациясын түзө алгыдай болушу үчүн эл аралык жана кыргыз фотосүрөтчүлөрүн жана кыл калем чеберлерин тартууну каалар элек. Анын максаты комиссиянын ишин көз алдыда көрсөтүү гана эмес, ошондой эле тараптардын жарашуусуна жардамдашуу болмок. Биздин эң башкы саясий максатыбыз – маалыматтарды жана фактыларды берүү, эмнелер болгондугун ак ниеттүлүк менен айтып берүү. Азыр Кыргызстанда түштүктөгү июнь окуялары жөнүндө көп каңшаарлар бар экендигин билесиздер. Биз докладтүштүктөгү тынчтыкты калыбына келтирүүгө жана кырдаалды турукташтырууга жардам бере тургандыгына үмүттөнөбүз.

- Иликтөөнүн натыйжалары кандай юридикалык күчкө ээ болот?

- Биз – көз карандысыз комиссиябыз, ошондуктан биздин ишибиздин натыйжаларына ишенүүнү каалайбыз. Албетте, биздин докладыбыз кандайдыр бир юридикалык натыйжаларга ээ боло тургандыгын айта албаймын. Бирок анын саясий натыйжалары зор болмокчу, анткени Борбордук Азияда мындай иликтөө биринчи жолу жүргүзүлүп жатат. Биз аймактагы көп адамдар биздин тыянактарыбызга кулак төшөшө тургандыгына ишенебиз.

- Силердин комиссия кандай ыйгарым укуктарга ээ болот?

- Биз бул маселени Кыргызстандын Өкмөтү менен талкуулаганбыз. Биз эгерде бардык зарыл маалыматты ала тургандыгыбызга кепилдик болбосо, иликтөөнү баштабайбыз. Биз зарыл жолугушууларды өткөрүп, жер-жерлерге чыга ала тургандыгыбызга ишенебиз.

- Эгерде Кыргызстанда ЕККУнун полициялык консультанттарынын миссиясына байланыштуу болуп жаткандай, силердин ишиңерге каршы нааразылыктар башталса, бул эл аралык иликтөө жүргүзүү жөнүндөгү чечимге таасирин тийгизеби?

- Эгерде көп адамдар бизге каршы болсо, татаал кырдаал келип чыга тургандыгын түшүнөбүз, ошондуктан биз этиятпыз. Биз эмнелерди жасаганы жаткандыгыбыз жөнүндө кыскача маалымат бере кеткибиз келет. Мен ушул аптада Ошто болдум. Ал жерде көп адамдар ЕККУнун полициялык консультанттарына каршы чыгышты. Албетте эл аралык иликтөөнүн жүргүзүлүшүн каалабагандар да бар. Биз бул кырдаалды түшүнөбүз жана эч кимге чагым жасоону каалабайбыз. (которгон Ж. Тынаев)

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу