Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
21/08 17:37
 

Ван Кайвэнь: Кыргыз – кытай мамилесинде тыныгуу болбош керек


Бишкек, 20 - август 2010-жыл. (КАБАР/Жаңыл Купешева). 18 жылдан бери Кыргызстан менен Кытай турмуштун ар кандай чөйрөсүндө өз ара ыңгайлуу байланышты калыптандырып, эки тараптуу кызматташтыкты ийгиликтүү өнүктүрүп келүүдө. Бирок эки тарап тең кызматташтыктын мүмкүнчүлүгү толук пайдаланыла элек жана анын келечеги чоң экендигин моюнга алышат.

Бүгүн Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ван Кайвэнь «КАБАР» Агенттигинин журналисти менен маектешип, маанилүү суроолорго жооп берүүгө чын ниети менен макул болду.


КАБАР: Элчи мырза, Сиз КЭР менен Кыргызстандын азыркы учурдагы мамилесинин абалын кандай баалайсыз?
  Ван Кайвэнь: Албетте, Кытай азыркы эки тараптуу мамилени оң баалайт. Биздин мамилебиз ийгиликтүү өнүккөн жана өнүгүүдө. 18 жылдын аралыгындагы биздин мамлекеттер аралык байланышыбызда жакшы кошуналыкка жолтоо боло турган татаал мезгил дээрлик болгон жок. Ага өз ара сый мамиле, тең укуктуулук жана өз ара ыңгайлуу мамилеге умталгандык шарт түзүүдө. Мен мамлекеттер ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүдө бул өтө маанилүү жагдайлар деп ойлоймун. Албетте, чоң жана кичине, өнүккөн жана өнүгүп келаткан ар кандай мамлекеттер бар. Анткен менен мамлекеттердин масштабына, калкынын санына карабай, алардын баардыгы тең укуктуу болуш керек, бул биздин тышкы саясаттагы принцибибиз. Мен чындап эле өткөн 18 жылда эч кандай революцияга жана дүйнөдөгү башка окуяларга карабай, КЭР менен Кыргызстандын мамилеси жабыр тарткан жок деп айта алам. Биз баарыбыз кошуналык достук мамилени өнүктүрүшүбүз керек экендигине көбүрөөк ишенебиз. Биздин мамилебизде тыныгуу болбош керек.

КАБАР: Кыргыз экономикасынын кайсы тармагы кытай бизнеси үчүн инвестициялык жактан көбүрөөк ыңгайлуу?

Ван Кайвэнь: Артыкчылык өз ара соодага берилүүдө жана биз эки тараптуу жетиштүү товар жүгүртүүгө ээбиз. Албетте, акыркы эки жылда экономикалык кризистен улам экспорттук-импорттук операциялардын көлөмү азайгандыгы байкалды, анын эң жогорку чеги 2008-жылы болгон. Сыягы, быйыл да белгилүү саясый окуялардан улам төмөндөө болот, бизде азырынча толук маалымат жок. Казакстан жана Өзбекстан менен чек аралар жабылды, белгилүү болгондой, биздин Кыргызстанга ташылып келген көпчүлүк товарлар реэкспорт болот.
  Мен ошондой эле Кытай үчүн ыңгайлуураак үч тармакты белгилейт элем. Биринчи – бул энергетика. Бул жерде Кыргызстандын чоң мүмкүнчүлүгү жана келечеги бар. Экинчи орунда тоокен тармагы. Өлкөдө азыр бир нече кытайлык компаниялар иштеп, алар геологиялык чалгындоолорду жасашууда. Көлөмдүү кызматташтык азырынча жок, бирок бул тармакта биздин кандайдыр бир өз ара тажрыйбабыз бар, аны ийгиликтүү өнүктүрүш керек.

Үчүнчү багыт – айыл чарбасы. Сиздерде экологиялык жактан таза өндүрүшкө абдан жакшы шартыңыздар бар, суунун жакшы сапаты, жер, күн жетиштүү, бирок, эң негизгиси, бул жерде булгануу жок. Биз айыл чарба азыктарын өндүрүүгө катышууга кызыкдарбыз, бирок заманбап технологияларды пайдалануу менен гана. Баардык адамдар узак жашагысы келет, аның үчүн экологиялык жактан таза азыктар менен тамактаныш керек. Аларды кайдан алуу керек? Эгер жакшы иштесе, Кыргызстанда мындай азыктарды алуунун базасы түзүлөт. Бизге бул жердеги эт жагат, жемиштер өтө даамдуу, айрыкча жайында ширин дарбыздар. Бул демек, агрардык тармакты өнүктүрүүгө баардык шарт бар экендигин көрсөтүп турат. Ошондой эле жергиликтүү дыйкандар да эмгекчил экен, аларга өнүгүүгө мүмкүнчүлүк бериш керек.

Экономиканын ушул тармактарын мен бөлүп көрсөтөт элем, бирок башка тармактарды да унутпаш керек.
  КАБАР: Кыргызстан жана Кытай кайсы чөйрөдө дагы эки тараптуу шериктештикти мындан ары дагы өнүктүрө алат?

Ван Кайвэнь: Экономика тууралуу айтып өттүм, гуманитардык чөйрөдө да кызматташтык жогорку деңгээлде. Биздин эң аялуу тармагыбыз – бул маданий катым-катнаш. Мисалы, эки мамлекеттин элдеринин өз ара мамилеге кызыкчылыгы болгон менен кытайлык көркөм жамааттар Кыргызстанга өтө аз келишет. «ЭКСПО-2010» Шанхай эл аралык көргөзмөсүнүн ачылышында кыргызстандык «Ордо сахна» фольклордук-этнографиялык театры концерт койду. Бул эл аралык көргөзмөнүн ачылыш салтанатына катышкандарга сиздердин өнөрпоздоруңуздардын оригиналдуу ырлары аябай жакты. Биз эки эл бири - бирин жакшыраак жана тереңиреек түшүнүшү үчүн бул багыттагы байланышты чыңдашыбыз керек.

КАБАР: Жакынкы мезгилде жаңы кыргыз-кытай долбоорлорун ишке ашыруу пландаштырылганбы?

Ван Кайвэнь: Сиздердеги апрель жана июнь окуяларынан кийин кытай өкмөтү 17,9 млн доллар гуманитардык жардам көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алган. Аталган жардам негизинен Кыргызстандын түштүгүнө жөнөтүлөт. Келерки жылдары биз кызматташтыкты ушундай эле багытта улантып, мүмкүнчүлүккө жараша гуманитардык жардам беребиз. Биз мындай жардам берүү аркылуу түштүктөгү да, түндүктөгү да жергиликтүү жашоочулардын турмушун жакшыртууга аракет кылабыз.

Азыркы учурда энергетика объектерин кайра оңдоо боюнча долбоорлордун үстүнөн иш жүрүүдө. «Датка – Кемин» электр энергиясын өткөрүү боюнча курулуштун техника-экономикалык негизи даяр болуп калды. Планга ылайык, бул өтө көлөмдүү долбоор кытай кредитинин эсебинен келерки жылы ишке кириш керек. Анын болжолдуу баасы 300 млн доллар.
  Мен өткөн жылы Россиянын Екатеринбург шаарында өткөн ШКУнун мамлекет башчыларынын саммити учурунда КЭР башчысы бул уюмга мүчө-мамлекеттерге экономикалык кризис менен күрөшүү үчүн 10 млрд доллар өлчөмүндө кредит берүүнү жарыя кылгандыгын белгилеп кетким келет. Накталай акча бар, серепчилер долбоорлордун үстүнөн иштеп жатышат. Кытай өкмөтү Кыргызстан аталган сумманын кайсы бир бөлүгүн пайдаланышын каалайт, бул каражат сиздердин экономикаңыздарды өнүктүрүүгө пайда алып келет.

Билим берүү тармагында да долбоорлор ишке ашып, студенттер эки мамлекетке барып-келип окушууда. Биз бул багыт биргелешип иштешүү үчүн пайдалуу деп эсептейбиз.

КАБАР: Сиздин Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн окуяларга көз карашыңыз?

Ван Кайвэнь: Мага баа берүү кыйын, бирок биздин мамлекет Кыргызстанга көңүл айтат. Биз трагедиялуу окуяларга сиздер менен бирге кайгырдык. Балким, бул окуя кимдир-бирөөгө ыңгайлуу болгондур, ошондуктан анын терең тамыры бар жана кокусунан эле боло калган жок. Азыр кагылышуунун себептерин териштирүү жүрүп жатат. Мен ойлоймун, биз абалга чыныгы баа берген тыянакты көрөбүз. Биз улуттар ортосундагы жарашууну каалар элек – бул эң негизгиси. Адамдар этникалык өзгөчөлүгүнө карабастан, байыртан бери кыргыз жеринде жашашкан. Мен адамдар бири-бири тууралуу өңү-түсүнө, улутуна карап баа бербеш керектигин эл түшүнөрүнө ишенем. Сиздерде жарымэтникалык мамлекет, бизде дагы ушундай. Баардык улуттар, тынчтыкта, достукта жашап, бири-бирине көбүрөөк жардам бериш керек. Кандайдыр бир чагымчылыкты уюштурган күчтөр улуттар ортосундагы касташууну курчутуп, чоң кылмыш жасашат, аны баарыбыз айыпташыбыз керек.

КАБАР: Борбордо жана түштүктөгү саясый толкундоолордон кийин Кытайдын бизнесмендеринин бир бөлүгү республикадан чыгып кетти. Айтыңызчы, алардын кайра келип, өздөрүнүн бизнесин улантууга ниети барбы?
  Ван Кайвэнь: Ооба, ушул окуялардын учурунда, өзгөчө түштүктөгү тополоңдон кийин кытайлык ишкерлер Кыргызстандан кетип калышты. Ал эми кырдаалдын турукташуусуна карап алардын бир бөлүгү кайтып келүүдө. Баардыгы өлкөнүн кандай багытта өнүгө башташына байланышкан ички кырдаалдан көз каранды. Эгер мындан ары да туруктуу кырдаал сакталса, көпчүлүк бизнесмендер келишет. Бул жерде алардын иш тажрыйбасы бар жана жергиликтүү керектөөчүлөр жана өнөктөштөр менен жакшы мамиле түзүлгөн. Дагы бир ирет кайталаймын, баардыгы кырдаалга жараша болот.

КАБАР: Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин КЭРге расмий иш сапары белгиленүүдө. Бул боюнча сиздин оюңуз.

Ван Кайвэнь: Бул министр мырзанын апрель окуясынан кийин жана дегеле анын ушул кызматка дайындалгандыгынан кийинки биринчи расмий иш сапары. Ал кыргыз өкмөтүнүн биздин өлкө менен достук, кошуналык мамилени мындан ары да тереңдетүүгө жакшы ниети бар экендигин далилдеп турат. Иш сапар маанилүү жана пайдалуу, анын жүрүшүндө маселелерди кеңири талкуулаган пикир алышуулар болот. Р.Казакбаев кытайлык кесиптештерин көрөт, ал эми келечекте алар эки тараптуу кызматташтыктын пайдасына жемиштүү байланыштарды колго алат деп ишенем.

КАБАР: Сиз Кыргызстандын келечегин кандай элестетесиз?

Ван Кайвэнь: Кыргызстан кандай гана болбосун өнүккөн өлкө болот. Мамлекетиңердин байыркы тарыхы, эң сонун табигый шарты, меймандос эли, кызыктуу геосаясый орду бар. Бекеринен бабаларыбыз Улуу жибек жолун Кыргызстан аркылуу курган эмес. Кыргызстандын эли - акылдуу эл, алар дүйнөнүн баардык мамлекеттери менен мамиле түзө алат. Республика өнүккөн туризми жана билим берүү тармагы менен өнүгүп - өсөт. Биздин каалообуз ушундай, ошондой эле кыргызстандыктарга ачык асман, бейпил заман, күчтүү экономиканы жана айтылып жүргөндөй жакшы турмуш каалайбыз. (которгон Э.Момунов)  

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу