Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
20/08 19:17
 

А. Пазылов: Чыңгыз Айтматов Нобель сыйлыгына бир эмес, бир нече жолу татыктуу болчу


БИШКЕК, 20-август. (КАБАР). Жакында Чыңгыз Айтматовдун “Тоолор кулаганда” (“Жаабарс”) китеби кыргыз тилинде жарык көрдү. Анын бет ачаары үстүбүздөгү жылдын сентябрында болмокчу. Бул багыттагы “КАБАР” маалымат агенттигинин суроолоруна аталган чыгарманы которгон публицист, жазуучу, Абибилла Пазылов жооп берди.

- Абибилла агай, Чыңгыз Айтматовдун “Жаабарс” китебин которууга канча убакыт кетти, эмнелер түрткү болду? Аны которууда кандай кыйынчылыктарга дуушар болдуңуз?

- Баардыгыбыз эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары менен чоңойбодукпу. Ал киши “Гүлсарат” чыгармасынан кийин жалаң орус тилинде жазып калганы белгилүү, ошондон кийин журналист, адабиятчы адам болгондуктан Чыңгыз Төрөкуловичтин чыгармаларынын бирин которсом деп кыялданчу элем. Менин бул кыялым 2003-жылы орундалды десем болот. Анткени азыр биз китеп кылып чыгарган “Жаабарс” чыгармасынын биринчи бабы колума тийди. Ал Беларусияда “Всемирная литература” деген журналга чыккан экен, ошону котордум. Жаңылбасам бул чыгарма 2003-2004-жылдары “Кыргыз Туусу” гезитине чыгып, Ч.Айтматовдун 75 жылдыгына арналган “Мир читает Айтматова” деген жыйнакка кирген. Ошондон кийин “Учур” жаштар театрында “Жаабарс” деп спектакль да койдук, ал менин пьесамдын негизинде коюлган.
  Мына ошентип ал чыгарма менен алпурушуп жүргөн учурда 2007-жылы Чыңгыз Айтматов “КАБАР” агенттигине журналисттерди, адабиятчыларды чогултуп “Тоолор кулаганда” (“Жаабарс”) деген романы “Дружба народов” деген журналга чыккан экен, ошонун бет ачаарын өткөргөн. Ага мен да катыштым эле, ошондо Чыңгыз Төрөкулович мага кайрылып, биринчи бабын өзүң котордуң эле мына бул ошонун уландысы деген. Ал киши бул чыгарманын уландысын силер койгон спектаклден кийин жаздым, 3-4 айдын ичинде эле бүттүм деген. Ошондо бул романды котор деп тапшырма берген десем болот.

Мен андан кийин ошол чыгарманы которууга кириштим. Бирок мамлекеттик иште иштеп жүргөндүктөн, мен ал кезде Улуттук киноконцернде иштечү элем. Ошондуктан жумушка чейин, жумуштан кийин которуп жүрдүм. Убакыт тар болгондуктан, бул чыгарманы которгонго бир жарым жыл убакыт кетти. Бирок айрым бир үзүндүлөрү ошол эле “Кыргыз туусу”, “Эркин Тоо”, “Жаңы Ордо” “Адабий гезит” сыяктуу басылмаларга чыгып атты. Айрымдарын мен Чыңгыз Төрөкулович баалап калса экен, көрүп оюн айтса экен деген ойдо көрсөтүп калдым. Бирок бир гана оюн айтты , которулганы жакшы, бирок батыраак котор деген. Эки-үч жолу дагы ошол роман тууралуу эмнени айткысы келет деген максатта кайрылып, Чыңгыз Төрөкуловичтин кеп-кеңешин, жардамын алып калдым. Ошентип “Жаабарс” китеби 2008-жылы Ч.Айтматовдун 8 томдугуна кирип, бирок өзүнчө китеп болуп чыкпай жүрдү. Андан соң Амангелди Муралиев ушул китеп чыкпай жүрөт деп демилге көтөрдү, себеби өзү да Чыңгыз Айтматовдун насаатын угуп, ыр жазып жүргөн киши эмеспи, каражат бөлдү. Мына минтип быйыл китеп 500 нускада жарыкка чыгып, эл арасына тарап жатат.
  - Сиз Чыңгыз Айтматов менен акыркы жылдары тыгыз кызматташып жүрдүңүз. Улуу жазуучунун акыркы чыгармалары кыргыз тилине которулганбы?
- Айтматовдун жалпы адабий мурасы толук кыргыз тилинде жок. Себеби ал киши эки тилде жазгандыктан, мен билгенден эле бир философиялык этюду, бир катар аңгемелери, мындан тышкары макалалары, чыгып сүйлөгөн сөздөрү, каттары, айтор көп нерселери азыр кыргызча жок. Ошол эле учурда кыргыз тилинде берген интервьюлары, кыргыз тилинде жазган айрым макалалары орус тилине которула элек. Бул боюнча да котормочулардын алдында көп иштер турат.

- Угушубузга караганда Ч.Айтматов акыркы чыгармаларын кыргыз тилинде жазган деген кептер бар. Бул чынбы?

- Менин оюмча, Чыңгыз Айтматовдун кыргыз тилинде жазылган, бирок бүтпөй калган эң чоң, бараандуу деп эсептелинген чыгармасы “Кайрылып куштар келгиче” деген романы. Ал 70-жылдары жазылган. Бул чыгарманы Чыңгыз Төрөкулович кыргызча жазган, ал азыр кичинекей китепче болуп чыгып жүрөт. Андан тышкары менин байкашымда, муну Айтматов таануучулар да тактап беришер. “Гүлсарат” повестинен кийин баардык чыгармалары биринчи орус тилинде жазылган. Ал чыгармаларды Ашым Жакыпбеков которуп жүрдү, ошондой эле Аман Токтогуловдун салымы бар, кийин Мырзаян Төлөмүшев “Кассандранын эн тамгасы” романын которду. Мына ошондой котормочулардын күчү менен чыгарамалары кыргыз тилине жетип турду.

- Чыңгыз Төрөкулович сиз менен баарлашып калган учурда дагы кандай темалар, маселелер тууралуу жазууну айтчу?

- Чыңгыз Төрөкулович жаштарга эмгектенгиле, жаныңарда болгон окуяларга көңүл бургула дегенин укчумун. Бир жолу детектив жазбайсыңарбы деген сунушун укканмын. Жаштарга “эне тил боюнча көп жазгыла, Манасты окугула” деп көп айтаар эле. Ал эми кийинчерээк сиз айткандай жакыныраак мамилелеш болуп калганда ал мага “кыргызча жазганың жакшы, ошону улант” деп айткан. Кээ бирде кинодон көрүп калган учурларда “сен бул жакта эмне кылып жүрөсүн, бул жакта режиссерлор жүрсө болот, а сен барып чыгарма жазбайсыңбы” деп айтып калаар эле.

- Агай, сиз улуу жазуучуну Нобель сыйлыгына татыктуу деп эсептейсизби?
  - Бул маселе боюнча чындыгында мен макала да жазган элем. Жазуучуларга токтолсок, ошол Нобель сыйлыгына татыктуулардын баардыгы эле бул жогорку сыйлыкты алышкан эмес. Ал эми алгандардын баардыгы эле ошол сый урматка татыктуу же улуу жазуучу эмес да. Албетте, Чыңгыз Айтматов Нобель сыйлыгына бир эмес, бир нече жолу татыктуу болчу, бирок ар кандай саясый, коомдук иштердин, замандын өзгөрүшүнө байланыштуу ал сыйлыкты албай калды. Чынында кыргыз катары, окурман катары менин ичим ачышат. Антени бул сыйлык Айтматовго керек болбосо да, кыргыз элине керек беле деп ойлом.

- Сиздин оюңузча, Ч.Айтматовдун чыгармалары көзү өткөн соң татыктуу бааланып жатабы?

- Чыңгыз Төрөкуловичтин калтырып кеткен мурастары, кыргыз тили өнүп-өсүп турганда анын чыгармалары кылымдар бою которулуп, демек окурмандары көбөйө берет. Кыргыз эли турганда, Кыргыз Республикасы турганда кыргыз элин түшүнөм дегендер, башка элдер да Айтматовдун чыгармаларына кайрыла берет. Биз азыр өзүбүздү өзүбүз кайра жаратып, башка заманга өтүп аткан учурда бир аз Айтматовго карай көңүлүбүз бурулуп, аны аздектеп, Айтматовдун мурдакы өзүнө ылайыктуу кадыр-баркын кайрадан калыбына келтирүүгө кичинекей болсо да аракеттер жасалып жаткандыгы мени кубандырат.

- Агай өзүңүз публицист, жазуучу, котормочу катары Ч.Айтматов жөнүндө пикириңизди айтып кетсеңиз
- Айтматов жөнүндө айтсам, Кудайга бир ыраазы болгонум, ушул кыргыз элине, өзгөчө кыргыз искусство адамдары үчүн жаратып койгону. Анын китептерин окуп, сөзүн угуп, ал киши менен замандаш болгонубузга ар бирибиз ыраазы болушубуз керек. Албетте, турмушта ар кандай болот, азыр да биздин арабызда Айтматовду ар түрдүү терс баалгандар да, оң баалагандар да бар. Бирок Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары мындан ары аны бийиктетип, ага карата ар кандай сын-пикирлер, сынтагуулар кандайдыр бир көрөалбастыктардан коргоп кетет деп ойлойм.

Маектешкен Нурзат ЖУМАЛИЕВА  

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу