Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
20/08 12:33
 

Т. Какчекеев: Келечекте ЖККУ НАТОго тете уюм болот


БИШКЕК, 20-август. (КАБАР). Бүгүн, 20-августта, Ереванда (Армения) Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) эки күндүк бейформал саммити башталат. ЖККУ КМШ өлкөлөрү тарабынан түзүлгөн аскердик-саясый союз болуп саналат. Учурда Уюмга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан кирет. Бул жолку жолугушуунун башкы маселеси катары Кыргызстандагы кырдаал талкууланмакчы. Бейформал жолугушууда кандайдыр бир маанилүү документтерге кол коюлбаса да, бүтүндөй Борбордук Азия аймагындагы абал, анын ичинде Кыргызстанда туруктуулукту камсыздоого көмөктөшүү багытында Уюмга мүчө-мамлекеттер тарабынан көрсөтүлө турган чаралар талкууланганы турат. Буга байланыштуу суроолорго Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн запастагы полковниги, саясат таануучу Токтогул Какчекеев жооп берди.

“КАБАР”: Айрым эксперттер 1992-жылы түзүлгөн ЖККУ акыркы жылдары гана жигердүү иштей баштагандыгын айтышууда. Сиз мындай пикирге кошуласызбы?

Т. Какчекеев: ЖККУ акыркы бир-эки жылда эле жигердүү иштей баштады деп айтууга болбойт. Эксперттер Уюмдун көзгө көрүнгөн ишин бетке кармап гана ушундай деп айтышууда. Ал эми чындыгында ЖККУ түзүлгөн күндөн тартып жасап жаткан иштери өтө көп. Уюм муну жасадык деп айгай салбай эле, жабык түрдө бир топ иштерди аткарды. Борбордук Азия чөлкөмүндө тынчтык, туруктуулукту камсыздоо, сепаратизм, терроризм сыяктуу жат көрүнүштөр менен күрөшүү, айрыкча, баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен каттуу күрөш жүргүзүүдө. Кыскасы, Борбордук Азияда тынчтык жана коопсуздуктун камсыздалышына салымы чоң. Бүгүнкү күндө аймакта дүйнөнүн башка булуң-бурчунда болуп жаткандай өтө олуттуу кагылышуулардын болбогондугу буга далил боло алат.

  “КАБАР”: Кыргызстандагы кырдаалды турукташтыруу багытында ЖККУ аракетин кандай баалайт элеңиз?

Т. Какчекеев: Ош жана Жалал-Абад облусттарында болгон каргашалуу жана кандуу окуянын кесепеттерин жоюуга ЖККУ да жардамын көрсөттү. ЖККУ жардам берген жок же жардам берүүдөн баш тартты деп айтуу саясый сабатсыздык болуп саналат. Уюм өлкөгө тынчтык орнотуучуларды киргизүүдөн баш тартып, укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген. Киргизбегендин себеби болгон. Уюмдун өзүнүн уставы бар, ага ылайык баардык мүчө-өлкөлөр бир добуш менен макулдугун бергенде гана тынчтык орнотуучулар киргизилиши ыктымал эле. Баардык тараптан макулдук жок болсо ЖККУнун аскерлери келмек турмак, чымын да учуп келбейт. Негизинен эле түштүктө болгон окуялар учурунда дүйнө элинен жардам сурап кайрылып жиберүү шашмалык болду деп ойлойм. Мындай аракет менен биздин укук коргоо органдарыбыздын тажрыйбасыздыгы, алсыздыгын көрсөтүп койдук.

“КАБАР”: Азыркы кырдаалда Кыргызстанга ЖККУнун кандай жардамы зарыл?

  Т. Какчекеев: Учурда ЖККУ Кыргызстанга криминалисттик экспертиза жүргүзгөнгө өздөрүнүн адистерин жөнөтсө жакшы жардам болмок. Анткени Уюмга мүчө болгон Тажикстандын тергөөчүлөрү ал жакта болгон жарандык согуш учурунда ушундай кылмыштарды тергешкен. Ал эми бул багытта өзбек тергөөчүлөрүнүн да Андижан окуясынан кийин тажрыйбалары бар. Россия болсо террористтик актыларды тергөө жаатында чоң жетишкендиктерге ээ. Ошондуктан, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) полиция күчтөрүн карап отурбай, ЖККУ тараптан жардам күтсөк болмок.

“КАБАР”: Сиздин оюңузча, ЕККУ тарабынан көрсөтүлө турган жардамга караганда ЖККУнун жардамы алгылыктуу болмок?

Т. Какчекеев: Туптуура.

“КАБАР”: Сиз ЖККУнун кайсы багыттагы ишин келечектүү деп айтат элеңиз? ЖККУнун аскердик курамынын өнүгүү келечеги кандай болушу мүмкүн?

Т. Какчекеев: ЖККУнун баардык багыттагы иши келечектүү деп айта алам. Ал гана эмес келечекте Уюм НАТО менен барабар болот. ЖККУнун өнүгүшү табигый жолдо турат. Анткени башка аймактарда коопсуздукту камсыздоо жаатында бир топ уюмдар күч алып келатат.

“КАБАР”: Аскер адамы катары Кыргызстан аскеринин абалына кандай баа берет элеңиз? Кандай реформаларды жүргүзүү зарыл?

Т. Какчекеев: Буга чейин кыргыз аскерине өз кокосуна ээ боло албагандар келип, аны тоноп, учактары, ок-дарыларын саткан, бронотехникаларды саткан. Реформа демиш болуп казактар чыгарган саймалуу погондорду тагынып, анын жээгине кыргыз түндүгүн чаптап коюу менен токтошту. Бул рефорома эмес. Эгерде аскерде алгылыктуу реформа болсо, түштүктөгү коогалаңдуу окуялар болбойт болчу. Анткени аскер күчтөрүндөгү чалгындоо башкармалыгы, андан тышкары ыкчам кызматтар бар, алар ошол жерде бышып жеткен окуяны, эртең жарылат деген абалды көрбөй калганы аскерибиздин “кыйындыгын” көрсөттү. Ошондуктан, акыркы 17 жылдан бери жасап келатабыз деген реформанын ишке ашпагандыгын айтсак болот. (Даярдаган Мээрим Ибраева)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу