Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
17/08 17:11
 

Жалал-Абад аймагында апрель-июндагы баш аламандыктар боюнча 18 кылмыш иши сотко өттү


  Жалал-Абад, 17-август. (КАБАР). Кечээ, 16-август күнү Жалал-Абад облусттук мамлекеттик администрациясында облусттун прокурору Каныбек Турдумамбетов журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, ушул жылдын апрель-июнь айларындагы окуялар боюнча маалымат берди.

- Каныбек Жолдошбекович, июнь айындагы каргашалуу окуялар боюнча облус боюнча канча кылмыш иши козголду жана канча адам жабыр тартты?

  - Жалал-Абад аймагында 12-15-июнга чейин адам өлтүрүү, улуттар арасындагы жаңжалды козутуу, башаламандыктарды уюштуруу жана курал-жарак, ок-дарыларды уурдоо сыяктуу өтө оор жана оор кылмыштар жасалып, массалык тартипсиздиктер болуп өткөн. Бул окуялар боюнча 16-августка карата укук коргоо органдары тарабынан 797 кылмыш иши козголуп, анын ичинен адам өлтүрүү боюнча 33 иш, адамды уурдоо боюнча бир иш, мыйзамсыз адамды кармап туруу боюнча бир иш, массалык тартипсиздик боюнча эки иш, мүлк уурдоо боюнча 114 иш, мал уурдоо боюнча эки иш, каракчылык-тоноо боюнча 19 иш, унааларды алып кетүү боюнча 71 иш, үй-мүлктү өрттөө боюнча 546 иш, хулиганчылык менен төрт иш, мыйзамсыз курал сактоо боюнча эки иш козголуп жана тергөөлөрү бүтүп жатат.
  Акыркы такталган маалыматтар боюнча, ошол окуяларда облус аймагында адам колдуу болуп 65 киши кайтыш болду. Анын 54 курал-жарактын кесепетинен, калгандары башка ар кандай куралдардан каза болушту. Каза болгон 69 адамдын ичинен бүгүнкү күндө бир гана адамдын өлүгү таанылбай турат.Себеби, ал толугу менен өрттөлүп кеткен. Анын жынысы, жашы да такталбай жатат. Биз азыр ал боюнча генетикалык ДНК экспертиза дайындадык. Мындан сырткары, Бишкекте атайын физика-техникалык, медициналык-криминалисттик экспертиза дайындоо жүрүп жатат. Ошол кишинин өздүгүн аныктоо боюнча.

Жоопко тартылгандардан, ошол жабыр тарткандардан биздин облустта башка өлкөлөрдүн жарандыгы жок. Бүгүнкү күндө медициналык жардам алуу боюнча 550 киши кайрылып, анын 192си жаткырылып, 358и амбулатродук жардам алган. Тергөө органдары тарабынан жалпы иштер боюнча 574 киши жабырлануучу деп табылып, 588 кыймылсыз мүлк өрттөлгөн. Анын ичинен 398 жашаган үйлөр, 189 соода-сатык, тамак-аш жана башка имараттар, 61 автотранспорт каражаттары өрттөлүп жокко чыгарылган. Мындан сырткары, тергөө жана укук коргоо органдары тарабынан 30 курал-жарак, бир топ ок-дарылар жана башка колдо жасалган куралдар алынган. Бүгүнкү күнгө тергелип жаткан кылмыш иштер боюнча 74 шектүү адам кармалып, жоопко тартылып жатат. Ошонун 63нө баш коргоо чарасы катары-камакка алуу тандалган. Калгандарына үй камак, башка жакка кетпөө баш коргоо чарасы тандалып алынган.
  Базар-Коргон району менен Жалал-Абад шаарында 13-14-июнь коогалаңында болуп өткөн улуттар аралык араздашуу боюнча сотко жиберилген кылмыш иштерге байланыштуу 69 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылып, 300 адам жабырлануучу деп табылган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 260 миң 500 сомдук материалдык зыян такталып, анын 256 миң сому кайра калыбына келтирилген.

- Козголгон кылмыш иштеринин канчасы сотко өткөрүлдү?

- Жазык-процецуалдык Кодексте көрсөтүлгөн эки айлык мөөнөттө бүтүрүү боюнча тергөөчүлөр күнү-түнү иштешип, ушул иштерде көрсөтүлгөн жоопко тартыла турган адамдардын баарынын кылмыш иштери сотко кеткен. Базар-Коргондогу болгон массалык тартипсиздик, анын ичинен өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жергиликтүү милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун өлүмү боюнча, ошол жердеги жети өздүк курамдын жабыр тарткан иши боюнча 7 киши жоопко тартылып, 11-августта тергөөсү бүтүп, Базар-Коргон райондук сотуна жөнөтүлгөн. Алар: Азимжан Аскаров, Ш.Мирзалимов, М.Мамадалиева, Э.Расулов, Д.Розубаев, М.Кочкаров жана С.Мулавхуновдор. Аларга тергөө тарабынан Базар-Коргон районунда массалык тартипсиздикти уюштуруу, адам өлтүрүү, ага катышы бар, улуттар аралык араздашууну жандандыруу жана ошондой беренелер боюнча айыптары угузулган.

Мындан сырткары, Жалал-Абад шаарында Бишкектен келген эки кызматкердин өлүмү жана 16 кызматкердин жабыр тарткандыгы боюнча кылмыш иштери аяктап, азырынча тергөөдө аныкталган: А.Хайдаров, Р.Тешебаев, С.Хусанов, Д.Базарбаев, Ф.Бегматовдордун иши Жалал-Абад шаардык сотуна өттү. Бул кылмышта бир топ адам катышкан. Тергөө тарабынан иштин материалдары бөлүнүп калып, улантылып жатат. Бирок, бүткөн беш адамдын кылмыш иши сотко өттү.
  Ал эми ЖТРдин имаратынын жанында табылган С.Исаковдун өлүмү боюнча дагы кылмыш ишинин тергөөсү аяктап, ал иш боюнча жоопко Икрамжан Нарматов, Мойдинжон Абдуманапов, Бахрам Кунаковдор жоопко тартылып, бул иш да сотко 13-августта өттү. Мындан сырткары, Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районундагы "Асыл" кафесинин жанындагы Ш.Абдуллаев жана Х.Ташматовдордун өлүмүнө байланыштуу Ч.Алжанов, М.Мамазакиров, Т.Мамарасулов, Р.Жээнбековдор адам өлтүрүү боюнча жоопко тартылып, бул иштердин тергөөсү бүтүп, сотко өткөрүлдү.

Мына өткөн жума 14-август күнү эң оорчундуу болгон, Бишкек-Ош автожолунун "Топурак-Бел" участогунун "Санпа" пахта тазалоочу заводунун жанындагы окуялар боюнча жалпы жонунан 19 киши жоопко тартылган. Бирок, тергөө амалдары 14 кишиники бүтүп, бул иш да бүгүн бекитилип, Сузак райондук сотуна өттү. Ал жерде 10 киши каза болуп, 41 киши жабыр тартып, өтө курчуп кеткен мезгилде мыкаачылык менен ушундай оор кылмыштар болгон. Тергөө тарабынан бул иш боюнча жөнөкөй эле аткарган эмес, ошол чогулган 500-1000 элди башкарган, уюштурган, ошонун ичинде милицияда иштеп кеткен кызматкерлер, мурда чарбачылык жетекчиликте иштеп жүргөн адамдар да кармалып, булардын да жоопкерчилиги чечилип, 19 киши тең камакта. Ошол 19 кишинин 14 тергөө амалдары бүтүп, сотко өткөн. Ал эми кийинки кармалган бешөөнүкү жакын арада экспертизасы, башка тергөө амалдары бүтсө сотко өткөрүлөт. Булардын баардыгы камакта.
  - Июнь окуяларынан мурун облус аймагында апрель, май айларында да массалык тартипсиздиктер болуп өткөн. Ошол боюнча да айтып өтсөңүз?
  - Ага чейин өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Жалал-Абад облусунда июнь окуяларынан мурун апрель, май айларында үч жолу ушундай массалык тартипсиздиктер болгон. Ушул жылдын 19-апрель жана 14-май күндөрү Жалал-Абад шаарында болгон массалык тартипсиздиктин натыйжасында 5 адам өлүп, 88 адам денесинен ар кандай жаракаттарды алышкан. Бул кылмыш иштер боюнча да, тергөө амалдары аяктап, эки кылмыш иши сотко өткөрүлдү. Аталган кылмыш иши боюнча 17 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Алардын арасында 13-14-майдагы массалык тартипсиздиктерди уюштуруп, анын башында турган мурдагы губернатор Кошбай Масиров, анын орун басарлары: Айбек Акбаров, Дамира Алимжановалар, “ОБОН” деген аталышка конгон аялдар тобу жоопко тартылып, азыр Жалал-Абад шаардык сотунда иш каралып жатат.

Ал эми Кадыржан Батыров боюнча айта турган болсом, ал киши азыр издөөдө. Анын жанындагы У.Абдусаламов, М.Ахмедов, А.Акбаров жана О.Караматовдордун да бир жуманын ичинде тергөөсү аяктап, алардын да иши сотко ашырылат.

Ошондой эле, тергөөнүн жыйынтыктары боюнча толуктап кетсек, апрель-июнь окуяларында болгон окуялар боюнча 18 кылмыш ишинин ичинде 86 адам жоопко тартылып, иштери сотко өттү. Мына эми соттук кароолор башталды, кийинкилери жакында башталат. Соттук териштирүүлөр болот. Биз ойлойбуз, тергөө учурунда бул адамдардын күнөөлөрүн далилдегенге бир топ далилдер бар. Соттун чечимин күтөбүз. Угузулган беренелер боюнча күнөөлүү адамдар мыйзам чегинде, ар кимдин өзүнүн кыймыл аракетине жараша жазасын алышат. Адам өлтүрүү, оор кылмыштар боюнча соттун калыс жана адилет чечимдери чыгыш керек. Биз ошол себептен, мыйзам чегинде талапты коюп, күнөөлөрүн далилдегенге аракет кылабыз.

Анархан ЖАҢЫБАЕВА,

Жалал-Абад шаары.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу