Интервью

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
13/08 15:24
 

Ж. Кадыралиев: Миң кыргыз бир кыргызды ойлой турган учур келди


-Жоомарт агай, Ала-Тоо-Алтай: Манас жүрүшүн Сиз кандай кабыл алдыңыз?
-Алтайдагы Чамалган деген жерде Манас атабыздын киндик каны тамган.
Биздин Кара-Балтада Сары-Булак деген айылда тоонун күңгөй тарабында аскалуу кокту бар, ошол жерди да Чамалган дешет. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин туулган айылы да Чамалган экен. Мына Чамалган деген байыркы сөз бүгүнкү күнгө чейин өзгөрбөй келет.

Ала-Тоо менен Алтай жергебиз, Манас атабыз мен үчүн ыйык. Мен чыдамсыздык менен күткөн күндөр келди. Аны аңгеме-дүкөндүн жүрүшүндө баяндайлы.
Эми Алтайга кеткен 40 жигитибиздин сапары байсалдуу болсун. Манастын руху колдосун. Атабыз Манас, Бакай баба, Кошой баба, Алмамбет, Чубак, Сыргак, Серек, керек болсо кырктын башы Кыргыл чал буларды колдоп, жол ээси Жоламан колдоп, кыдыр жылоолоп аман-эсен барып келишсин. Быйыл кыргыз эли үчүн коогалаңдуу жыл болду. Жамандыктын артынан жакшылык башталат.

-Түрк, алтай тилдүү элдер деп айтышат. Түбү бир эле болсо керек?
-Түрк тилдүү элдер деп келишет. Чын-чынына келгенде түрк тилдүү элдер эмес, алтай тилдүү элдер деген илимде жаңы аныктама бар. Алтай тилинин негизин кыргыз элинин тили түзгөн, кыргыз тили түрк тилдүү элдерге эне тили катары белгилүү. Ошондон торолуп өсүп, бутактап келген. Буга чейин атайын арамзалык иштер менен орус падышачылыгы, Европа центризми ошол кыргыз тили ана башы, эне тили экендигин, тилдердин атасы экенин жашырып келген.
Бул дагы буюрса жакында ачылат.

-Алтай, алты ай деген сөздү чечмелеп көрсөк...
-Эми алты айга, алты айда көчүп, малын жылдырып багып, ушул алты айдын ичинде ошол жакка жайлап, кыштап келген деген сөздүн өзү айтып турбайбы. Ошол Чамалганга барыш үчүн азыркы биз турган Кыргызстандан чыгып журт которуп, малын жылдырып, бул тарапта кургакчылык болуп чөп болбой калса, анда ошол Алтайга барышкан. Алтайда кургакчылык болсо бул жакка келишкен. Ушинтип журт которуп алты айдын ичиндеги кыргыз элинин жашоосунан кийин алты ай деген сөз калган.

-Мына ушул жүрүш тууралуу элде ар кандай пикир бар. Акай Кине деген жигитти мурда таанычу белеңиз?

-Азыркы жүрүштү уюштурган ана башы Акай Кине деген жигит. 2005-жылы Кыргызстанга келип биз менен таанышып жүргөндө эле ушул ойду айтып жүргөн. Ушул ойду айткан жигитке жараткан эге кудуреттен, көкө теңирден ошонун пейилине шооланы салган окшойт. 2005-жылы К.Бакиев президент катары такка олтуруп жатканда, ошол кездеги мамкатчы Д.Сарыгуловдон чакыруу кагазын мен алып Акай Кине менен ошол аземге чогуу катышканбыз. Ал 2006-жылы да келген.

-Сиз Алтайда сүрөт тартып жүргөнсүз да?

-Алтайлыктар, хакастар, шор деген элдер бар, булардын баары кыргыз элинен бутактап өсүп чыккан элдер. Муну тарыхчылар танбастыр. Муну айтып жатканым 1995-жылы ошол Алтай тарапта 4 ай жүрүп калдым. Менимче каны кыргыз адамга Алтай тарапка каттоо милдет деп ойлоймун. Себеби дегенде ата-бабаларыбыздын сөөктөрү ошол жакта. Алтай менен Жети Суунун ортосунда кыргыз эли көчүп жүргөндөн кийин демек, кыргыздын жери болгон.
Улуу кыргыз каганаты 842-жылы уйгурларды жеңгенден кийин, бөлөк бир таасирлерден улам миң жылдай сыноодо жашап келген. Оомат элге, жерге миң жылда бир келет дейт. Ооматыбыз мына эми келди окшойт. Ошон үчүн, ооматтын төлгөсү катары 40 жигитибиздин Алтайга аттанганы, барганы, келгени, көргөнү, укканы, байкаганы, билгени, сезгени, дээрине, дилине молекулярдык деңгээлге чейин маалымат кетет. Жигиттерибиз, делегациябыз кайра келгенден кийин ойлор, тилектер, түшүнүктөр элге жайылат. 40 жигит 40 түрдүү сонун акылды, сезимди айтса мунун баары маалымат катары кыргыз элинин акыл-эс, пейил тилегине, жаңы кыргыз дооруна оомат кайтып келгенин билдирет десек болот.

-Бирок, быйылкы жыл кайгылуу, кандуу жыл катары эсте калат эмеспи?

-Ооба. 7-апрелде мен ооруканада жаткам. Себеби ынтымак Курултайында мага сөз беришпей коюшту. Президиумда Аблесов, Абдуразаков, Казаков ж.б. олтурушту. Мен 4 жолу барсам да сөз бербей коюшту. Ошто Батыр Жалиев деген эл сүрөтчүсү бар, экөөбүз барсак да сөз беришпеди. Ошондон аябай капаланып ооруканага түшүп, 2-3 күн реанимацияга жатып калдым. 7-апрелде тарса-турс октор атыла баштаганда аянтка барып болгон окуяны өз көзүм менен көрдүм.
Кандуу окуяда 87 жигит шейит кетти. Кыргыз болуу бактысы үчүн жанагы Кудайбергенов деген жигиттин айткан сөзү эсте калды. Ал: "Качпагыла кыргыздар",-деп айтпадыбы. Себеби дегенде кыргыз элине гана энчилүү болгон сөз да. Бири миңге татыган деп коет. Бир кыргыздын баатырлыгы миң душманга тете экен. Баатыр кишиге бир душманбы, миң душманбы баары бир, качпагыла деп чакырып жүрдү.

Кыргыз кордукка, зомбулукка, алдаганга көнбөгөн эл. Мына элин ойлобогон эки падышаны айдап жиберди. Көрсө кыргыз өзүнүн көксөгөн канындагы өзүнө кандаш, кыял-жоругун түшүнгөн президентке муктаж экендигин эки жолку революция көрсөтүп койду. Ушуну биз сезе турган учур келди.

-Мына ушул жүрүшкө алтайлыктар кандай көз карашта болду экен?

-Алтайдагылар 70 миң киши түбүбүз кыргыз деп айтып жатышпайбы. Демек, Ала-Тоо-Алтай жүрүшү алардын да өмүрүндөгү бир чоң майрам, кут, келкели десек болот.

-Бул жүрүштү мурда уюштурса болбойт беле?

-Ушул жүрүш эмне себептен кыргыздын каны менен жанын ойготуп, ушунчалык жалпы элдик иш болуп калды? Көрсө, бул көкө теңирдин, эге кудуреттин иши экен. Эми буга анча сын көз менен эмес, жакшы тилек менен карайлы. Себеби сааты эми келди. Алтайга бир барып келген кыргыз кайра баргысы келет. Себеби жер тартат. Көптөгөн кыргыздын сөөгү Алтайда жатат.

Бир кезде Алтай цивилизациясы күчөп, эл батпай кеткенде япондор менен корейлер да ушул жерден журт которуп кеткени айтылат. Япондор менен кыргыздардын сөздөрүнүн ортосунда көп окшоштуктар бар.

-Алтайга барган жигиттерибиз кырк куржунга топурак, суу алып келишет. Минип келген жылкылардан аргындаштырылып "Аккула" сымал аттар алынышы керек экен...

-Аккула Алтайда жаралган. Бүбүмайрамдын жазганы боюнча Аккуланы Кытайдан Эсенкандардан алып жатпайбы, дагы бир вариант боюнча Алоокенин Коңурбайынын аты "Алгара", "Аккула", "Ачбудан" бир бээнин кулундары болуп жатпайбы. Эми аны көрүп келген киши жок. Эмнеси болсо да жылкы кыргыз элинин канаты. "Ат адамдын канаты" деп бекеринен айтылган эмес. Ошондуктан аргындашып жатканынын өзү да жаман эмес. Алтайдан алып келишкен топуракты чачышса бул да аргындашуу, аралашып жатпайбы. Кеп тонна, тонна топуракта эмес, бир канча куржун келсе да анда эс, касиет бар деп ойлойм. Анткени биз да топурактан жаралганбыз. Топурактан нан, ун, гүл да, баары жаралат. Мында суунун, топурактын, жылкылардын аргындашканы, акыл-эстин да аралашканы болуп жатпайбы. Кырк жигитибиз Алтайдан келгичекти бизде да бир канча иш-чаралар өтөт.

Көпчүлүк билбейт. Бизде 40 кыз деген да бар. Былтыр уюшулуп баштаган, кыргыздын тың чыкма акыл-эстүү кыздары бар. Кырк кыз деген уюму далай иштерди жасап жатышат.

-Баарын коюп, Манасты айт деген ыйык сөз бар да?
-Албетте, Соң-Көлдө 41 күн Манас айтылды. Бул да тегин иш эмес. Мына мен кесибиме байланыштуу Манас ата багытында аз болсо да сүрөттөрдү тарттым, жараттым. Маңдайыма жазган экен. Таластагы музейине сүрөтүн тартып бердим. Манас атабыздын айкели Москвага коюлат деп, 2006-жылы конкурс болгондо да менин эскизим утуп жатпайбы.
Ошонун негизинде Манас атабыздын элеси кең Москвага да барып калды.

-Эстелиги коюлганбы?

-Жок. Коюла элек. Мурдагы жылы биз 4 сүрөтчү чоңойтуп, колодон куюлуп турат. Астыңкы постаментине акча жоктугунан эмки жылга калды.
Атабыз Манас менин түшүмө 3-4 жолу кирди. Элесин тартууга аракет кылдым. Ортодо талаш-тартыш болду. Алтайга быйыл 40 жигитибиз кетсе, эмки жылы 84 жигитибиз, аларга 40 кызыбыз кошулуп бараар. Ар бир кыргыз миллиондогон кыргызды ойлош керек. Миң кыргыз бир кыргызды ойлой турган учур келди. "Баарын коюп, Манасты айт" дегенди өмүр бою айтып жүрө берели.
- Маегиңиз үчүн ырахмат.(Эркин Тоо)


Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу