Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
13/08 12:17
 

ЕККУнун Кыргызстандагы кеңеш берүүчү миссиясынын киргизилишине байланыштуу суроолорго жооптор

БИШКЕК, 13-август. (“КАБАР”). ЕККУнун Кыргызстандагы кеңеш берүүчү тобунун миссиясы боюнча көбүрөөк берилип жаткан суроолорго жоопторду окурмандардын назарына тартуулайбыз. Материалдар Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Маалыматтык-координациялык борбору тарабынан даярдалган.

Суроолор жана жооптор:

1.Кеңеш берүүчү - полициялар Кыргызстанга качан жана канчалык мөөнөткө келишет?

ЕККУнун Полициялык кеңеш берүүчү тобунун (ПКТ) келиши жөнүндө Кыргызстан Өкмөтү менен ЕККУнун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга али кол коюла элек. Азыр ПКТнын келишине даярдыктар көрүлүп жатат. ПКТнын ишинин башталышынын мөөнөтү даярдык этабынын бүтүшүнө жараша айкын болот. Кыргызстанда болуу мөөнөтү – 4 ай. Төрт айдын эсептелиши баардык 52 полиция Ош жана Жалал-Абад облустарында жайгаштырылган жана ишин баштай алыша турган учурда башталат. Мунун алдында топтун иштеши үчүн баардык шартты даярдап берүү үчүн алдыңкы топ келет. Топтун андан аркы болушу Кыргызстан менен ЕККУнун ортосунда аныкталат.

2.Калкта полиция-кеңеш берүүчүлөр жаңжалдын тараптарынын биринин позициясын ээлеп алыша тургандыгынан, өзүнүн миссиясы боюнча жыйынтыктоочу отчетту текшербестен эле даярдаша тургандыгынан чочулоолор бар. Бул Косоводо болгон сыяктуу, Кыргызстанда тыштан башкарууну киргизүү зарылдыгы жөнүндө эл аралык шериктештиктин чечимине таасирин тийгизбес бекен. Ушундай болушу мүмкүнбү?

ЕККУнун кеңеш берүүчүлөрү жаңжалдын тараптарынын кайсы биринин позициясын ээлешпейт, жаңжалдын тараптарынын бирине артыкчылык бербейт жана жан тартуучулук кылбайт. Кеңешчилер алардын этноско, динге жана башкаларга таандык экендигине карабастан, калктын баардык өкүлдөрүнө бейтарап болушат.

Кеңешчилердин келишинин максаты – тартипти жана коомдук коопсуздукту калыбына келтирүүдө Кыргызстанга жардамдашуу. ЕККУнун кеңешчилеринин ишин тынчтык жаратуучу миссиялардан так бөлүштүрүү керек. ПКТ тынчтык жаратуучу миссия болуп эсептелбейт, ал эми анын мүчөлөрү аткаруучу ыйгарым укуктарга ээ болушпайт жана куралданышпайт. Тиешелүү түрдө эч кандай Кыргызстандын көз карандысыздыгынын жана эгемендүүлүгүнүн маселелерине таасир тийгизе алышпайт. Ал турсун, полициялык кеңешчилердин турушу мамлекеттин бөлүнүп-жарылышына, тыштан башкаруунун киргизилишине жана башкаларга жардам бере тургандыгы жөнүндөгү далилдөөлөр негизсиз.

ЕККУ Кыргызстанды өз алдынча мамлекет катары тааныйт, 2010-жылдын 27-июнунда өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыктарын, демек азыркы бийликти жана Конституцияны тааныйт. Кыргызстан – ЕККУнун, БУУнун, көп башка эл аралык уюмдардын толук баалуу мүчөсү, анда ар бир мамлекеттин эгемендүүлүккө жана көз карандысыздыкка укугу сакталат.

3.Кеңешчи-полициялар ачык-айкын түрдө эмнелер менен иш жүргүзүшөт?

Алардын негизги максаты - өзгөчө абал колдонулган аймакта тартипти жана коопсуздукту калыбына келтирүүдө жергиликтүү милицияга жардамдашуу, калк менен милициянын ортосундагы диалогду бекемдөө. Алар милициянын жергиликтүү кызматкерлеринин ордунда иш аткарышпайт.

Кеңешчилер милициянын ишине байкоо жүргүзүшүп (мониторинг өткөрүшүп), аларга кеңеш беришет, жаңжалдардын зонасында иштөөгө үйрөтүшөт жана иш тажрыйбасын бөлүшөт. Алар адамдарды кармашпайт, камашпайт же кылмыштарды иликтешпейт. Долбоордун алкагында ошондой эле милициянын аймактык бөлүктөрүн материалдык-техникалык жактан чыңдоо каралган.

Полициялар жер-жерлерде жарандык бийликтердин өкүлдөрү, анын ичинде элдик кошуундардын жетекчилери жана жергиликтүү общиналардын өкүлдөрү менен байланыштарды жолго салышат. Бул иштин максаты – аймактагы укук коргоо органдары менен коомдук топтордун ортосундагы ишенимди бекемдөөгө жардамдашуу, ошондой эле жер-жердердеги кыргыз милициясын өркүндөтүү үчүн эмнелер жасалууга тийиш экендигин аныктоо.

4.ЕККУнун Кыргызстанга келе турган полициялык кеңешчилери кайсы мамлекеттерден?

Талапкерлерди тандоодо орус тилин билишкен кеңешчилерге артыкчылык берилет, алар Россиядан, Украинадан, Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнөн болушу мүмкүн. Кеңешчилерди тандоо конкурсуна ЕККУга кирген 55 мамлекет катышат.

5.ЕККУ мындай милдетти мурда аткарганбы?

ЕККУнун полиция тобу 1998-2000-жылдарда Хорватияда жергиликтүү полициянын жашаган жерин таштап кетишкен адамдардын кайтып келишине байланышкан ишине мониторинг жүргүзгөн.

Башка мисал – мурдагы югославиялык Македония Республикасын. 2001-жылдын сентябрында, өлкөнүн түндүгүндөгү жети айлык куралдуу жаңжалдан кийин, ЕККУнун Туруктуу кеңеши бул өлкөгө 60 полиция-кеңешчилерди жиберүүнү чечкен. Алар укук коргоо күчтөрүн кризистик райондорго кайрадан жайгаштыруу менен иш жүргүзүшкөн. 2002-жылы полиция-кеңешчилердин ордуна башка 20 кызматкер келип, алар полициянын жергиликтүү жетекчилигин окутушкан жана общиналардын өкүлдөрү менен иштешкен.

6.Чет өлкөлүк полиция-кеңешчилер жергиликтүү салттарды жана үрп-адаттарды билишпейт, бул алардын ишине кедергилик кылбайбы?

ЕККУнун кеңешчилеринин ишинде жергиликтүү социалдык жана маданий салттарды, өзгөчөлүктөрдү билүү жана урматтоо зарылдыгы дайыма эске алынат.

Кыргызстанга келише турган кеңешчилер ЕККУнун баардык стандарттары боюнча атайын даярдыктан өтүшөт: алар өлкөдөгү жергиликтүү үрп-адаттарды жана салттарды, коомдук-саясый кырдаалды, мыйзамдык базаны окуп чыгышат. Кеңешчилер жаңжалдуу кырдаалдарда иштөөнүн чоң практикалык тажрыйбасына ээ болушат. Андан тышкары, кеңешчи-полициялар тобунун курамында жергиликтүү кызматкерлер – ортомчулар да болушат, алар иштин баардык убагында кеңешчилер менен дайыма бирге болушат.

7.Кеңешчи-полициялар Кыргызстандын түштүгүндөгү июнь окуяларын иликтешеби?

Жок, бул милдет Полициялык кеңешчи топтун кызматына кирбейт.

8.Июнь окуяларын иликтөө менен ким иш жүргүзөт?

Ош жана Жалал-Абад облустарындагы окуяларды иликтөө боюнча ведомстволор аралык тергөө-ыкчам тобу иштейт, ага Кыргызстандын прокуратурасынын, милициясынын, МУККнын, финансы полициясынын адистери кирет.

Мындан тышкары июнь окуяларынын себептерин тастыктоо менен Улуттук комиссия иш жүргүзөт, ал Кыргызстанда түзүлгөн. Июнь окуяларына өз баасын Эл аралык комиссия берет. Эл аралык комиссия дүйнөлүк шериктештик Кыргызстандын бийликтеринин жана элинин тынчтыкка умтулгандыгына, Кыргызстанда жаңжалдын себептери жөнүндөгү чындыкты жаап-жашырып коюуга ниети жок экендигине ишенишине жардамдашууга тийиш.

9.Алар кайда иштешет?

ЕККУнун алты командадан турган кеңешчилер тобунун Ошто өзүнүн штаб-квартирасы болот. Ар бир команданын алдында ИИМдин өзүнчө аймактык бөлүмдөрүндө иштөө турат. Команда жетекчиден, полициянын эл аралык офицерлеринен (жети адамга чейин), жергиликтүү ортомчудан жана жергиликтүү котормочулардан турат.

10.Кеңешчи-полициялардын турушу боюнча чыгымдар кайсы каражаттардан төлөнөт?

Полициялык кеңешчи топтун турушу боюнча баардык чыгымдар ЕККУнун бюджетинен төлөнөт. Бул жардам жөнүндө эл аралык шериктештикке Кыргызстандын чакырыгына жооп болмокчу. Кыргызстан бул чыгымдарды ЕККУга кайтарып берүүгө тийиш эмес.

11.Полиция-кеңешчилердин өзүлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кандай чаралар каралган?

Кыргызстанда көп жылдардан бери чет өлкөлүк эксперттер жана ЕККУнун кеңешчилери иштешет. ЕККУнун кеңешчилеринин ар бири миссиянын башталышынын алдында келишимге кол коет, анда баардык шарттар, алардын иши менен байланышкан мүмкүн болуучу тобокелдиктер, коркунучтар макулдашылат. Башкача айтканда, алардын ар бири кайда жана эмне үчүн бараткандыгын баалайт. Кыргызстанда аларга ЕККУнун башка кеңешчилери сыяктуу эле, атайын сакчы бөлүнөт. КР ИИМи ПКТнын коопсуздугун реалдуу кырдаалга негизденүү менен камсыз кылат.

Чакырылган кеңешчи-полициялар жаңжал зоналарында иш тажрыйбасына ээ болушкан жогорку кесипкөй адистердин арасынан тандалып алынат. Алар тиешелүү түрдө атайын даярдыктан өтүшкөн жана опурталдуу шарттарда, өтө тобокелдик зоналарында иштөөнүн практикалык ыкмаларына ээ болушат. Алар Кыргызстанда бүгүнкү күндө орун алган кырдаалдын алкагында иштешет. ЖТ


Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу