Интервью

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
06/08 17:55
 

Ө.Текебаев: Биздин максат - жаңы, таза системаны түзүү

-Алло, бул "Эркин Тоо" гезитинин "түз байланышыбы?"
Өмүрбек Текебаев: -Ооба, мен сизди угуп жатам.
-Саламатсызбы! Мен Абдрахман Исаев, Кант шаарынын тургуну болом. Суроомун башында айтайын дегеним бул: азыркы Конституциябыздын жалпы эл тарабынан кабыл алынышы - кыргыз тарыхындагы чоң окуя болду. Эми өлкөбүз парламенттик башкаруудагы мамлекетке айланмакчы. Мында сиздин көп салымыңыз бар. Деги кайсыл убактан бери өлкөбүздү парламенттик башкаруу системасына өткөрүүнү ойлоп жүрдүңүз эле?
-1993-жылы өлкөбүздүн жаңы Конституциясынын долбоорун ошол кездеги депутат катары "Ата Мекен" партиясынын - оппозициянын атынан легендарлуу парламенттин кароосуна киргизгемин. Мында биринчи долбоор ал кездеги өлкө башчысы Аскар Акаев тарабынан киргизилген болчу. Ошондо эле биз парламенттик башкаруу системасын Кыргызстанга сунуштаганбыз.
Советтик түзүлүш адегенде негизинен парламенттик түзүлүш болгон. "Бардык бийлик Советтерге!"-деген ураан астында жалпы өлкө боюнча кеңештердин бийлик системасы түзүлгөн. Мен андан алыс кетпей, советтик түзүлүшкө ошол кездеги демократиялык өзгөртүүлөрдү кошумчалап, заманбап парламенттик башкаруу формасына акырындап өтүшүбүз зарыл,-деген сунушту киргизген элем. Тилекке каршы, мындай сунуш ишке ашпай калды. Өлкөнү конституциялык органдар - Жогорку Кеңеш жана Өкмөт эмес, Кыргызстан компартиясынын биринчи секретарынын ордуна келген президент жана анын борбордук башкаруу органдарынын жетекчи кызматтарына келген "бөлө, жээн, бажалары" (а кийинчерээк бул көрүнүш "ака-үкөлөргө" алмашпадыбы) башкарып калышты. Ошентсе да, 2002-жылы А.Акаевди кайра парламенттик башкаруу системасына өтүүгө ынандырып, көндүргөнбүз. Бирок ал акыркы убактарда айнып кетип, референдумга башка Конституция долбоорун алып чыккан.
Ал эми 2005-жылы 24-марттан кийин бийликке келген Курманбек Бакиевди "берген убадаңды аткар"-деп демократиялык, ошонун ичинде парламенттик башкаруу формасына өтүүгө катуу аракет жасадык. Ал макул болуп, бир эмес эки жолу кол коюп, убадасын берип, бирок, аягында айнып кетти. 2006-жылы ноябрь айында он миңдеген адамдардын басымы менен жаңы Конституция кабыл алынып, суук түшөөрү менен декабрь айында "парламент депутаттарын таратам" деп коркутуп, өзү каалаган Баш мыйзамды кабыл алдырып алды. Кыскасы, Бакиев дагы жеке өзүнүн үй-бүлөсүнүн бийлигин күчөтүү жолуна түштү. Ошонун кесепетинен 2010-жылдын апрель айында элдик көтөрүлүш болду. Биз кайра мурунку эле сунушубузду алып чыктык. Бирок бул "Ата Мекен" социалисттик партиясынын эле сунушу болгон жок. Анткени, мындан 2 жыл мурун Орус драма театрында бүт оппозициялык күчтөр биригип, Кыргызстандын саясий системасынын жаңы концепциясын "Акыйкатка карай жол"-деген ат менен кабыл алганбыз. Ошону эле толуктап, кайра иштеп чыгууга туура келди. Албетте, биз өтө кыйын мезгилде конституциялык реформа жүргүздүк. Т.а. ар жумада мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттер болуп жатты. Кыргызстанга саясий гана эмес, экономикалык да блокада болуп, "бүгүн-эртең Убактылуу өкмөт кыйрайт, алардын күнү бүттү"-деп жергиликтүү чиновниктер, милиция, прокуратуранын ж.б. органдардын айрым кызматкерлери мамлекеттик иштерге "саботаж" кылып жатканда иштедик.
Бакиевдер жана аларды колдоочулардын "төңкөрүш пландары" ишке ашпагандан кийин мурунку режимдин адамдары өлкөдөгү кырдаалды курчутуу, саясий абалды дестабилдештирүү менен Убактылуу өкмөт-түн дарамет-шайын оодарып, бийликтен кетирүү амалын ойлошкон. Ушундай кыйды максатта Токмокто, Маевкада, Ала-Букада, Жалал-Абадда, Базар-Коргондо бир нече жолу улут аралык жаңжал чыгарууга аракет жасашты. Түштүктөгү июнь айында болгон коогалаң бир күндө эле чыга калбады. Кыргызстандын бардык жеринде атайын багытталган масштабдуу бузуку иштер жүргүзүлүп, акыры ушундай чоң жаңжалга алып келди.
Түштүктөгү коогалаң болуп жаткан күндөрү дагы айрым адамдар: "Референдумуңарды токтоткула, бул Баш мыйзамдын долбоору жарабайт, башка Конституция кабыл алыш керек. Убактылуу өкмөттүн кетишине саналуу күндөр гана калды",-дешип тескери талаптарын коюп турушту. Бир гана алар эмес, чет жактардан да "референдумуңарды токтоткула!"-деген шарттар болду. Ошого карабастан биз референдумду өткөрдүк. Эл колдоп берди. Жалпы калайык калк добуш берүүгө болуп көрбө-гөндөй көп катышты.
"Мурунку референдумдарда мынчалык адамдар келген эмес",-деп жергиликтүү жана эл аралык байкоочулар, биздин достор жана оппоненттердин баары тегиз моюндарына алышты. Чындыгында эле бул элдин үмүтү байланган жаңы Конституция болду. Ошон үчүн да биз "Конституция -менин тилегим!"-деген ураанды алып чыктык.

Айгүл АБДЫКЕРИМОВА,
Бишкек:
-Мен сиздин саясий ишмердүүлүгүңүзгө дайыма байкоо жүр-гүзүп, карап жүрөм. Акыркы убактарда чыгып сүйлөгөн сөздөрүңүздөрдүн биринен мисал келтирейин. Маселен, Бакиевдин убагындагы "Ак Жол" партиясынын мүчөлөрү бүгүнкү күндө башка партия түзүшүп же бөлөк партияларга кирүү менен активдүү иштеп жатышат. Сиз ушуларга кичине келишпестик маанайда "алар кайрадан эле өңдөрүн өзгөртүп шайлоого катышканы жатышат" дегендей пикир айттыңыз. Мен ушуга анча-мынча кошулбайт элем. Себеби, алар деле Кыргызстандын жарандары, шайланууга укуктары бар да. Буга карата эмне деп жооп берээр элеңиз?

-Туура, алардын шайлоого катышууга толук укуктары бар. Биз мына ушундай системаны түздүк. Келечектеги оппозицияга: алар ким болбосун (же биз болобузбу), "алдына мамык төшөп" жатабыз. Эл аралык эксперттер дагы, биздин байкоочулар да: "Өмүрбек, сен оппозиция үчүн Конституция жазып койгон турбайсыңбы",-деп жатышат. Оппозициянын болушу биз үчүн шарт. Бирок оппозиция - татыктуу оппозиция болуш керек. Алардын тагдырын эл чечет. Мына, бүгүн Бакиев бечара өзү эле жалгыз күнөөлүү болуп калды. Анын жанында жүрүп, "бөрк ал десе, баш алгандары" "биз Бакиевге айтканбыз, ал укпай койгон, ал күнөөлүү"-дешип четке чыга беришти. Анысы аз келгенсип, аш-тойлорунда кыйкырып, "патриот болушуп" жүргөндөр кечээги эле өз сөздөрүнө каршы сүйлөшүп, теңирден тескери иштерди жасап жатышат. Мына ушундай учурда элге кимдин-ким экенин айтып коюу маанилүү. Эл ар бир саясатчынын тарыхына карап баа берет.
Ушундай оппоненттердин бирөөсү жакында ММКга маек берди. Ал "биз күздө утуп келебиз, азыркы Конституциянын ташын талкан кылабыз. Эски президенттик башкаруу системасын кайра алып келебиз. Анткени, биз коңшуларды карап жашашыбыз керек. Коңшуларга жага турган бийлик системасын орнотушубуз зарыл" - дейт. Бул деген эмнени түшүндүрөт?
Анын айтымы боюнча, Кыргызстанда Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстандагыдай режимди түзүү керек экен. Бул бирөөнүн эшигин сагалап жагынуу саясатын жүргүзүү эмеспи?! Алар ошол эле кезде "биз патриотпуз" дешип, ЕККУнун (ОБСЕ) 52 куралсыз полициясы кирбесин, кокустан кирип калышса, биз өз алдынчалыгыбызды жоготобуз,-дешип кыйкырып жатышат.
Ушундай аракетте, кеп-сөздөрдө бир логика барбы? Жок. Саясий системаны элдин эрки менен эмес, коңшу лидерлерге жагынуу, жасакерленүү менен түзөлү, - деп жатышпайбы... Мында биздин элдин тагдырын коңшу өлкөлөрдүн лидерлеринин мүнөзүнө, алардын амбициясына байлап, курмандыкка чалууга бет алуу жатат.
Ал эми коңшу өлкөлөрдүн лидерлери - акылман, даанышман. Алар биздин "патриот" саясатчылар ойлогондой эмес. Дүйнөдө биринчи болуп референдумдун жыйынтыгын коңшу өлкөлөр тааныды. Коңшуөлкөлөрдүн жетекчилери Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаеваны алгачкылардан болуп куттукташты. Аны кабыл алышып, жеке сүйлөшүштү. Ошондон кийин бүткүл дүйнө Кыргызстанда өткөн референдумдун жыйынтыгын таанышып, Роза Исаковнаны да өлкө президенти катары кабыл алды. Кыргыз эли жаңы, демократиялуу, тез өнүгө турган системага карай бет алды. Ушундай шарт түзүлгөн учурда "коңшуларга карайлы" дегендин өзү эң уяттуу нерсе. Мен мындай багытка каршымын. Биздин максат - Кыргызстанда жаңы, таза система куруу. Аны эл колдоду. Ошондуктан алган багытыбыз эң туура деп ойлойм.
Азыр кечээ эле Бакиевдин тегерегинде жүргөн "ура патриоттор" Кыргызстанды түндүк-түштүккө, ал эми Түштүктү үчкө бөлүп жатышат. Ичкилик, ичкилик эместер, кыргыз, өзбек деп араны ачууга аракет кылышууда. Ошондойлорду колдош керекпи? Жок! Алардын максаты - эптеп парламенттен орун алуу. А биз болсо, кыргыздар, өлкөбүздөгү бардык жарандары ынтымакта болуп, күчтүү, өнүккөн өлкө курсак дейбиз.

Жыргал АЖЫМАТОВ,
Кара-Суу району:
-Конституцияда басма сөз эркиндигине кеңири жол ачылды. Эгерде гезитке кайсы бир кишилер караланып, мазакталып жазылса да, автор кылмыш жообуна тартылбайт. Муну менен сөз эркиндиги абсолюттук болуп кеткен жокпу?

-Ооба, биз "адамдын кадыр-баркына шек келтирген, чындыкка сыйбаган маалыматтарды тараткандыгы үчүн ошол киши кылмыш жообуна тартылбайт"-деген жобону Конституцияга киргиздик. Бул массалык маалымат каражаттарын, жалпы эле сөз эркиндигин колдогон бүгүнкү Өкмөттүн эрки, анын позициясы. Мына, мен жөнүндө ММКда акыркы кездерде эмне деп гана жазышпады... Маселен, "кыргыз, өзбек деп бөлүп, Текебаев жаңжал чыгарды. Миңдеген адамдардын убалына калды. Өзбек автономиясын беребиз деп, өзбектерге жан тартты",-дегендей не деген оор айыптарды тагып жазышты. Жаңы Конституция боюнча алар кылмыш жообуна тартылбайт. Бирок, сот жообу деген бар. Ошонун негизинде жарандар өз ар-намысын коргогонго, курулай жалаа жапкандарды айыпка жыкканга, жаза тарттырганга ж.б. укуктары сакталат.

Өмүрбүбү БЕГАЛИЕВА,
акын:
- Конституцияны эмне үчүн өзбек тилине которттуңуз? Ал эми экинчи суроом бул: Кадыржан Батыровду калкалаганыңызды Жалал-Абад облусу жана бүт кыргыз эли билишет. Аны кантип танасыз?
-Ырас, Конституция долбоору өзбек тилинде 10 миң нуска менен басылып чыкты. Аны жеке адамдар өз демилгеси менен котортуп, эл аралык уюмдар каржылады. Мен муну туура деп эсептейм. Эгер кыргыз Конституциясын өлкөбүздө жашап жаткан башка улуттун өкүлдөрү, маселен, дунган, уйгур ж.б. элдер өз тилдерине которушуп окуйбуз дешсе, бул алардын эрки. Биз, кыргыз мамлекеттүүлүгү-нүн келечектүүлүгүн ойлосок, муну колдошубуз керек. Мындан мурда деле (Акаев жана Бакиевдин бийликтери убагында) кыргыз Конституциясы орус, өзбек, тажик, дунган, уйгур тилдеринде эл аралык уюмдар же жеке адамдар тарабынан басылып, таратылып жүргөн.
"10 миң нуска менен кыргыз Конституциясын өзбек тилине которуудан жаңжал чыкты. Анын себепкери Өмүрбек Текебаев"-дегендер бул логикага сыйбаган, таракандын деңгээлинде ой жүгүрткөн адамдарга эсептелинген каралоо, ушак. Кыргыз мамлекетин тааныган өзбектер - бул Кыргызстандын жарандары болуп саналат. Түштүктө болуп өткөн жаңжалдын себепкерлери - бул, бакиевдер жана бакиевчилер. Алар кызматтарынан түшкөндөн кийин тагдырларына моюн сунуп, "кой эми, болбой калыптыр" дешкендин ордуна, курал колдонуп, "Кыргызстанды канга чөгөрөбүз, кетпейбиз"-деп күрөшүштү. Аларга каршы чыккан куралсыз ондогон, жүздөгөн адамдарды Бишкекте, кийин Жалал-Абадда атып өлтүрүштү. Ошто канчалаган адамдар өлүшүп жарадар болушту, дайынсыз кетишти. Мына, себеби кайда жатат! Маселен, май айындагы окуяда бир топ адамдар барып бакиевдердин үйлөрүн өрттөштү. Муну да "Текебаевдин буйругу менен Кадыржандын жигиттери өрттөшүптүр"-деп жүрүшөт. Калп! Бакиевдердин үйлөрү жакка "Ата Мекен" партиясынын бир дагы мүчөсү барган эмес. Ошол күнү Бакиевдин күйгөн үйүнүн чогу өчө электе УТРКдан чыгып, "бул туура эмес, мыйзамсыз иш, үйлөрдү күйгүзгөн адамдар жоопко тартылышат",-дегемин. Бул ишти укук коргоо органдары, табыш керек болчу. Бүгүнгө чейин алар табылган жок.
Бир окуяны эске сала кетейин. Мындан 5 жыл мурда Жалал-Абадда үй эмес, адам өрттөнгөн. Маркум Баяманды Бакиевчилер өлтүрдү, инимдин убалына ошолор калды. Күнөөлүүлөрдү таап бергиле,-деп Баяман Эркинбаевдин агасы өзүнө-өзү бензин куюп өрттөнгөн. Мындай окуя ага чейин Кыргызстанда болгон эмес эле. Ошондо үй эмес, адам өрттөндү! Ага окшогон миңдеген адамдар 5 жылда "күйүштү". Менчигин алдырышты, балдарынан ажырашты, камалышты. Бакиевдердин артынан Убактылуу өкмөт гана атайын сыйлык коюп аң уулаган жок, алардын артынан мурда кордук көргөндөр, ал тургай, кылмышкерлер да кууп жүрүшөт. Бүгүн да кууйт, кийин да кууйт. Анткени кан кууйт. Эгерде мыйзамдык чекте сот болбосо, жеке адамдар өз билгениндей өч алышат. Бул бакиевчилерге эле эмес, аларды бүгүн колдоп, жалпы элди түндүк-түштүккө, кыргыз-өзбекке бөлүп, адамдардын убалына калып жаткандарга да тиешелүү. Аларды сиз да, бүткүл калк да билишет. Акыры чындык жеңет. Күнөөлүүлөр эртеби-кечпи өз жазаларын алышат.

Айтаажы НУРБЕРДИЕВА,
Бишкек шаарынан:
-Күзүндө өтүүчү шайлоодо сиздин партияңыз жеңишке жетишип калса, ишти эмнеден баштайсыз жана Кыргызстанда накта адилеттик орнош үчүн кандай жумуштарды аткаруу керек?

-Жеңишке жетүүнүн эки түрү бар. Биринчиси - парламентте депутаттык мандаттын жарымынан көбүн алсак, анда жоопкерчиликтин баары биздин партияга жүктөлөт. Экинчиси, эптеп Жогорку Кеңешке илешип, башка партиялар менен жармакташып коалициялык Өкмөт түзүү. Анда, өлкө саясаты бир партиянын программасы менен эмес, шериктеш партиялардын да ой-пикири, көз караштары менен жүрөт. Мында бардык иштер кеңешип жасалат. Эгерде "Ата Мекен" социалисттик партиясы парламентте жарымынан көп депутаттык орунду алып калса, анда өлкөнү өнүктүрүү боюнча негизги саясатты биздин партия аныктайт. Албетте, мында деле кээ бир партиялар менен иштешишибиз мүмкүн. Ушундай болгондо биз толук жоопкерчилик менен Кыргызстандагы өзгөртүүлөрдү баштайбыз. Биз бийликтеги адамдарды жана саясий системаны гана өзгөртүү эмес, жалпы коомдук-саясий мамилелерди өзгөртсөк дейбиз. "Ата Мекен" партиясынын күчтүү, өнүккөн өлкө курсак деген чоң планы бар. Ал эми жаңы өлкөнү жаңы адамды түзүү жолу менен гана курууга болот. Ошондуктан биздин негизги максатыбыз - жаңы адамды калыптандыруу болуп саналат. Бул көп жылга созула турган иш. Жаңы адамды мыкты үлгү, өрнөктөр менен гана тарбиялайсың. Ал үчүн бийликтегилер, бийлик үчүн күрөшкөндөр биринчи өрнөк көргөзүүгө тийиш. Ушуга карай бир мисал келтирейин. Маселен, Убактылуу өкмөт 7-апрелден кийин бийликке келдик. Анда: "Бир гана максатыбыз бар. Биз бийлик үчүн келгенибиз жок, бийликти элге өткөрүп бериш үчүн келдик. Биз жакында Конституция кабыл алабыз, андан кийин кызматтан кетебиз да, күзүндө адилеттүү шайлоо өткөрөбүз",-деп айттык. Баш мыйзам долбоорун референдумда эл колдоп берди. Анан кызматтан кеттик. Ушул кезге чейин мамлекеттик кызматтардан шайлоо алдында кеткен өрнөктүү учур болду беле? Албетте, жок. Мына, биринчи жолу биз өрнөк көргөздүк.
-Жообуңузга чоң рахмат.
-Шайлоого сөзсүз келиңиз.
- Мен канча жылдан бери шайлоолорго катышкан эмесмин. Бирок өткөндөгү референдумга бардым. Күз-дөгү шайлоого да сөзсүз барам.

Султанбек ЖАЙЧЫБАЕВ,
Токтогул районунан:
-Жарандар каттоосуна карап эмес, кайсыл жерде жүргөнүнө карай добуш берүүсүнө сиздин пикириңиз кандай? Мында мурункудай добуш уурдоолор, шайлоо эрежелерин бузуу көрүнүштөрү орун албайбы?

-Жакшы суроо бердиңиз. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү шайлоодон кетээрдин алдында Шайлоо кодексине бир топ өзгөртүүлөрдү киргиздик. Анын бири - жарандар каттоодо болгон жеринен гана эмес, иш жүзүндө жашаган жеринен да шайлоого кепилдик алышы керек. Ал үчүн "Жергиликтүү бийликтин тастыктаган документи жетиштүү болот"-деген жобону кабыл алдык.
Азыр Бишкек шаарында, анын тегерек-четинде жана Чүй облусунда жүз миңден ашык ички мигранттар жашашат. Алар Кыргызстандын бардык жактарынан келишкен. Ушул кезге чейин алардын шайлоого болгон жарандык укуктары сакталбай калган. Эски советтик доордон калган каттоо деген тартип алардын толук укугун камсыз кылбайт. Мына ушул суроо боюнча жакында мага "5-каналдын" эки журналисти кайрылды. Алар менин сунушумду жактырбагандай, "бул туура эмес болот го, добуштарды уурдоолор орун албайбы?" деген маанайда суроо беришти. Бирөө өзгөндүк жаш жигит, бирөө көлдүк кыз экен. Мен өзгөндүк жигиттин өзүнө: "Журналисттик айлыгыңа 30 жылда Бишкектен бардык шарты бар батир ала аласыңбы же жер үй сала аласыңбы?"-десем, ал: "Байке, мен ал айлыгыма 50 жылда дагы үй салмак турсун, батир сатып ала албаймын",-деп жооп берди. Ошондо көлдүк жаш кызга кайрылып: "Сенин жолуң болуп, бардар жердин баласына турмушка чыксаң каттооң болот. Ал эми кесиптешиң – өзгөндүк жигиттей бирөөгө турмушка чыксаң, 50 жылда да Бишкектен үй алып, каттоого туура албайсыңар. Силер прогрессивдүү жаш адамсыңар. Анда эмне үчүн силердин жарандык укугуңарды бүгүнкү система толугу менен камсыз кыла албайт? Эмне үчүн силер шайлоодо добуш берүү укугунан ажырагансыңар?"-десем, "байке, сиздин сунушуңуз туура экен"-дешти. Маселен, Ош базарында тачка түртүп жүргөн, башка базарларда эптеп нан, семичке ж.б. сатып күн көрүп жүргөн, чүйлүк бай дыйкандарда жалчы болуп иштеп жүргөн биздин жарандар бар. Алар адамдык көп укуктарынан, ошонун эң негизгиси - Кыргызстандын кожоюну, жараны, шайлоочусу болгон укуктарынан ажырап жатышпайбы. Мейли, алар кандай гана жумуштарды аткарышпасын, алдыларына бир күн кыргыздын менменсиген саясатчылары мусапыр болуп, дубана болуп, "добушуңду берип койчу, сен айткандай заман курам"-деп барышы керек. Ошол бечара жок дегенде бир күн өзүн Кыргызстандын кожоюну катары сезсин. Биздин коюп жаткан сунуштун маңызы ушул.
Азыр Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы баш болуп (буга президенттик администрациянын кээ бир чиновниктери да аралашууда), "бул жобо туура эмес, эгер баткендик жигитти Бишкектеги шайлоо тизмесине киргизип койсок, анда Баткенден да, борбордон дагы добуш берилип кетет"-деп жатышат. Бул жерде логика жок. Эгерде ал Бишкекте кошумча тизмеге кирбесе эле, Баткендеги добушун эч ким уурдабай коёбу?
Бүгүнкү күндөгү Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Техникалык өкмөттүн жана Президенттин милдети - шайлоонун адилет, таза, мыйзамдуу өтүшүн камсыз кылуу, "уурулукту" жоготуу болуп саналат. Ошондуктан курулай талаш-тартышка аралашпай, өз жумуштарын аткарыш керек.
(Уландысы бар)
Даярдаган
Азизбек ЧАМАШЕВ,
Жаныбек КАЗЫБОЛОТОВ (фото), "Эркин Тоо"


ТЕКЕБАЕВ Өмүрбек Чиркешович 1958-жылы 22-декабрда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман айылында туулган. 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультетин аяктаган. Өзүнүн туулуп-өскөн айылында физика мугалими, андан соң ОМПИде ага лаборант болуп иштеген. 1990-жылы Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
1991-жылдын февраль айында "Эркин Кыргызстан" улуттук демократиялык партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. Апрель айында Жалал-Абад облусундагы Антимонополиялык саясат жана ишкердикти колдоо башкармалыгынын начальниги, областтык эл депутаттар кеңешинин президиумунун мүчөсү.
1991-жылы СССР Жогорку Советинин мүчөлүгүнө шайланган. 1992-жылы "Ата Мекен" социалисттик партиясын түзгөн.
1992-1994-жылдары Жалал-Абад облусунун губернаторунун орун басары кызматында иштеген. 1994-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУнун юридикалык факультетин бүтүрүп, экинчи кесипке ээ болгон.
1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышынын депутаты, мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук боюнча комитеттин төрагасы. 2000- 2001-жылдары ЖКнын төрагасынын орун басары, 2000-жылы октябрь айында президенттикке талапкер катары шайлоого катышкан. Анда элдин 15% добушун алып, Акаевден кийинки экинчи орунду ээлеген. Көпчүлүктүн баасы боюнча Текебаевдин реалдуу алган добушу алда канча көп болуп, утуп чыкмак.
2000-2005-жылдары Жогорку Кеңештин экинчи чакырылышынын депутаты.
2005-жылдын март айында "жоогазын революциясынан" кийин ЖКнын төрагасы болгон. 2006-жылдын февраль айында президент К.Бакиев менен чатакташып, төрагалык орунду өз арызы менен таштап кеткен.
Жүгүнөн 600 граммга жакын героин табылып, 2006-жылдын сентябрь айында Варшава шаарынын аэропортунан кармалган. Бирок Польша соту наркотикти "Манас" аэропортунан атайын коштурулуп коюлган деп чечип, бошоткон. Бир нече күндөн кийин К.Бакиев улуттук коопсуздук кызматынын жетекчилерин отставкага кетирген.
Ө.Текебаев 2007-жылдын аягында Конституциянын жаңы редакциясынын долбоорун даярдоого катышкан. Анда башкаруунун парламенттик формасына өтүү каралган болчу. Бирок ал Конституция 2 ай гана иштеген. 2007-жылдагы парламенттик шайлоодо Текебаевдин партиясы ошол кездеги Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча "бир да мандатты жеңе албаган имиш". Эл аралык коомчулуктун чоң бөлүгүнүн нааразылыгына карабастан, ошол шайлоонун жыйынтыктары жарыяланган эмес. "Ата Мекен" социалисттик партиясы 2007-жылкы парламенттик шайлоонун күмөндүү жыйынтыктарынан кийин ЖКнын сыртында калып, Бакиевдин режимине оппозицияда активдүү иштеген.
Ө.Текебаев 2010-жылдын 7-апрелинен кийин Убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басары болуп үч ай иштеген соң, алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштуу отставкага кетти.
КРнын эмгек сиңирген юристи.
Үй-бүлөлүү, 2 кыз, 2 уулдун атасы.

Жума, 6 - август, 2010 ж. 16:06:42


Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу