Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
04/08 15:47
 

Алмазбек Атамбаев: “Аман болсун алакандай кыргыз жерим...”


Кыргызстанда  саясый кырдаал дымуу  абалында тургандай туюлат. Баары - калк да, саясый күчтөр да парламенттик жарыш качан жарыяланат деп кулак түрүп турган чагы. Ал ортодо депутаттык мандат дегенде ак эткенден так эткен эрендер менен партиялардын саны тынымсыз өсүүдө. Ал эми айрым шашмалары шайлоо ырасмий жарыялана электе эле эл—журтту түрө кыдырып, үгүт иштерин баштап жиберишти. Алды алтурсун калкынан кагуу жегенге да үлгүрдү. Азыркы кырдаал, алдыдагы саясый жарыш, ынтымак–ырашкерликтин аба менен суудай зарылдыгы өңдүү күндүн олуттуу маселелери тууралу Кыргызстан Социал-демократтык партиясынын жолбашчысы Алмазбек Атамбаев менен маектештик.

- Азыркы кырдаалды, ачык айтап коёюн, бир беткей баалоого болбойт. Элдин көпчүлүгү жайдын аптабына талыкшып, магдырап тургандай туюлат, - деп баштады маегин СДП жолбашчысы. – Бирок ар бирибиздин жан–дүйнөбүздү апрелдеги жана июндагы оор жоготуулардан алган жара тынымсыз өйкөп турбайбы.  Өзүбүздү да, өңгөнү да алдап эмне кылабыз, ал жара далайда барып айыгат. Азыр эл аралык донорлор, КМШ боюнча өнөктөштөрүбүз, калкыбыз туш–туштан колдоо көрсөтүп жатышат. Мунун баары жакшы дечи, бирок бул жараны сакайта турган бир гана даба бар – ал элибиздин сабырдуулугу, айкөлдүгү жана өзара түтүмдүүлүгү. Аларсыз миллиарддаган акча да даба боло албайт. Буга кошумча алдыдагы шайлоо арты эмне болуп кетер экен деген сарсанаа басып турган кези. Азыркы абалыбызды кыскача ушундай сүрөттөсөк туура болор.

Кабарчы: Шайлоо демекчи, али жарыялана электе эле чуу түшүп баштадык окшойбуз. Партиялардын баары “тирилип”, кээси өзара биригип, айтор, катуу камданып жатышат. Айрымдары азыркы бийликтеги партиялар администрациялык ресурсту колдонуп жеңгени жатат десе, кээси шайлоо арты жарандык кагылыштарга апкелет деп да билдирип жиберишти. Сиз алдыдагы шайлоонун арты кандай бүтөт деп болжоп жатасыз?

Атамбаев: Шайлоо өтө айыгышкан абалда өтөрү бештен белгилүү болуп калды. Эң башкы себеби: эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу ачык жана акыйкат шайлоо өткөрүүгө шарт түздүк. Элде жана саясатчыларда көз будамайлабаган, накта жарыш болот турбайбы деген ишеним пайда болду. Ал эми администрациялык ресурс тууралу илгертен келаткан көндүм адаттан улам айтылып жатса керек. Же болбосо утарына көзү жетпегендер алдын–ала жарыялап жатышы да ыктымал.

Ал эми  партиялардын жамырап пайда болгону  бир чети калкыбыздын саясый жактан активдүүлүгүн күбөлөйт. Бирок парламентте болгону 120 гана орун бар, баарына жетпейт. Ошондуктан, жагдайды туура салмактаган партиялар күчтөрүн бириктирип башташты, менимче, бул – мыйзам ченемдүү процесс.

Кабарчы: Шайлоо ырасмий жарыялана электе эле бир катар партия лидерлери эл–жер кыдырып кетишти. Барган жерлеринде азыркы бийликти, башка атаандаш партиялардын башчыларын жамандап жатышат дешет, өздөрүнө таандык гезиттер аркылуу да бири–бирин “шыбамай” өнөкөтү уланууда... Эмитен ушундай болуп жатсак, шайлоо кызыган маалда эмне болор экенбиз?

Атамбаев: Социологияда да, философияда да кызылжаян канды көргөндөн кийин адам болобу, коом болобу, “селт” этип, өз жашоо–турмушуна бир сыйра сереп таштап, жаңыча көз менен карап калат деген түшүнүк боло турган. Мени күнү–түнү санаага бөлөп турган нерсе: апрель менен июндагы төгүлгөн кан баарыбызга сабак болор бекен деген ой. Бир карасам, баарыбыз – оңубуз да, солубуз да, тентегибиз да, жөнтөгүбүз да сабак албагандай туюлуп кетет, аттиң! Баарыбыз эсибизге келиш үчүн дагы эмне керек болду экен?

Ооба, биздин айрым тыңчыкма саясатчыларыбызды кубалап чыккан, ачуу сөздөр менен узаткан окуяларды уктум. Керек болсо өч душманын да айкөлдүк менен тосуп, жол–жобосу менен узатчу Манастын тукумдарына эмне болду? Өткөн–кеткен бийлик айласы кеткенде оппозицияга каршы ойлоп тапкан бул жосун эми демократтык жана адептүү коом курууга бет алып турганда бизге абийир алып келбейт, агайын–туугандар! Жакшы көрөбүзбү, жаман көрөбүзбү, журтуна төбөсү көрүнүп калган уул–кыздарыбызды кадырлап күтүп алууга чакырат элем. Барган жерибизде бири–бирибизди итерип эшиктен түртүп чыгарып отурсак, арты эмне кесепеттерге алып келерин мектеп окуучусу деле айталса керек.

Азыр саясатчыга баа берүүнүн эң эле цивилизациялуу амалы бар эмеспи, ал деген – шайлоо. Биз добушубуз аркылуу гана саясатчыларга мамилебизди билдиргенге көнүүгө тийишпиз. Биз Кыргызстанды же кыргыздарды Ооганстан же дагы Африка өлкөсү деп табалап тургандардын чырагына май тамызууга акыбыз жок. Абийирсиз жана алдым–жуттум бийликке жалтанбай каршы турарын, эркиндик үчүн кан–жанын аябасын даңазалаган кыргыз калкы демократиянын да мыкты өрнөгүн көрсөтүүгө тийиш. Ичара тебишип-–кажышып, бири—бирибизди жеп тынгыдай, биз өтө деле көп калк эмеспиз.

Кабарчы: Бардык партиялар жанданып жатканда СДП менен анын жолбашчысы унчукпайт го?..

Атамбаев: Азыр эле айткандай, мени азыр көбүрөөк түйшөлткөн нерсе: бул тынччылык, ынтымак маселеси, бүлгүнгө учураган Ош менен Жалалабадды кантип суук кирип келе электе калыбына келтиребиз деген санаа. Биз – Кыргызстандын тагдырына жоопкер саясатчылар – ичара ынтымак болгондо гана, Түштүктө эрегишкен тараптарды элдештиргенде гана, кыргызбы, өзбегиби, кооптонуу сезиминен арыла баштаганда гана өнүгүүгө бет аларыбызды аңдоого тийишпиз.

 


Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу