Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
04/08 13:35
 

Т.Тургуналиев: “Революциянын Жеңишин коргоо, Мамлекеттик бийликти тазалоо” кыймылы бийлик менен кошо коомду да тазалоону көздөйт”

31-июлда Бишкектеги Тарых музейинин имаратында 50гө жакын элдик кыймылдар жана 5-6 саясый партиялардын башын бириктирген “Революциянын Жеңишин коргоо, Мамлекеттик бийликти тазалоо” элдик кыймылынын алгачкы курултайы болуп өттү. Биз бул кыймылдын кандай жагдайда түзүлгөндүгү, максаты жана мамлекеттик бийликти тазалоо жолдору жөнүндө айтып берүүсүн өтүнүп, анын лидери Топчубек Тургуналиевге кайрылдык.

- Топчубек агай, аталган кыймыл кандай максатта түзүлдү жана Элдик революциянын Жеңишин кантип коргоп, мамлекеттик бийликти кандай жолдор менен тазалоону көздөйт?

- Биринчиден, апрель революциясынын тарыхый максаттарын биз толук аткара элекпиз. Бул жагдай кайрадан эле мамлекеттик бийликте кимдер отуруп, элди кимдер башкарып жатат деген суроону пайда кылат. Мамлекеттик бийликтин үч тепкичи бар да: жогорку, ортоңку жана төмөнкү. Ошол жогоркуларынын анабашылары кетти, атты, качты. Бирок алардын көпчүлүгүнүн ордуна кечээ эле оппозициядан качып кеткен, бийлик тарапка өтүп кеткен же Акаевдер менен Бакиевдердин тегерегинде отургандар келип калды.Ошондуктан карапайым эл тарабынан аларга карата абдан көп нааразычылыктар болуп жатат.

Экинчиден, 2005-жылы да, быйылкы элдик революцияга да чоң салым кошуп, опол тоодой салым кошкон жүздөгөн, миңдеген адамдар көчөдө калып калды. Алардын баарына эле эң жогорку бийликти берүү керек деп айта албаймын. Бирок ар бирине жараша кызмат бергенде абдан жакшы болор эле. Ошентип жогорку бийликке мурдагылар эле кайра келип калышы ортодогулар менен төмөнкүлөрдүн нааразычылыгын жаратып жатат.

Үчүнчүдөн, шайлоо күнү тактала элек, Декрет чыга элек болсо да күздөгү парламенттик шайлоого карата он чакты партиянын даярдыгы кызуу жүрүп жатат. Бул көрүнүштүн артында өтө сестенте турган маселелер бар. Анткени алар кечээ күнү эле диктатуралык бийликтин жандоочулары, көмөкчүлөрү, ыйык жерлерибиздин башка мамлекеттерге өтүп кетишине түздөн-түз катышкан, коррупциянын баткагына Кыргызстанды чөктүрүп койгондор, бүтүндөй элге саясый репрессия салгандар азыр деле бийликте же кайсы бир партия аркылуу шайлоого катышып, бийликке келебиз деп чамгарактап жүрүшөт. Алардын бир өзгөчөлүгү – абдан акчалуу. Кээ бир маалыматтар боюнча, республикабызга алдыдагы парламенттик шайлоодо кимдир-бирөөлөрдү колдоо үчүн 90 миллион доллар келиптир. Ал акча бийликке келбейт да. Тескерисинче бүгүнкү бийликти оодарып, кайрадан бийликтин кыр чокусуна чыгууну көздөп жаткандарга берилген акча.

- Топчуке, Сиз “Мамлекеттик бийликти тазалоо (Люстрация) жөнүндө” мыйзам долбоорун жаздыңыз эле. Ал мыйзамдын зарылчылыгы жана ишке ашыруунун жолдору тууралуу айтып берсеңиз.

- Мен быйылкы жылдагы апрель революциясы жеңишке жетишкен алгачкы күндөрдөн кийин эле “Мамлекеттик бийликти тазалоо (Люстрация) жөнүндө” мыйзамдын долбоорун жаздым. Себеби революцияны колдоонун бирден-бир жолу ушул жогорку деңгээлдеги эски бийликтин жетекчилерин тазалоодо болуп турат. Ошондуктан 31-июлда элүүгө жакын кыймылдар, коомдук уюмдар, анын ичинде беш-алты саясый партиялар биригип курултай өткөрдүк. Биз уставда жазгандай, бул кыймылга Кыргызстандын эртеңки тагдырына кош көңүл мамиле кылбаган жеке инсандар, ар кандай жамаатык топтор, мекенчил инсандар мүчө боло алышат. Менимче курултай өтө жогорку деңгээлде өтүп, отузга жакын адамдар чыгып сүйлөштү. Абдан кызуу талкуу жүрүп, эч кандай чектөө болбоду. Алардын көйгөйү – 2005-жылдагы элдик революциянын жеңиши уурдалып кетти, быйылкы революция да чала ишке ашып жатат, ушул бойдон калып кетеби деген сөздөр болду. Көпчүлүгү бийликти тазалоо боюнча сунуштарын айтышты. Мен мыйзам долбоорунда кечирилгис кылмыштардын 12 түрүн жаздым эле. Алардын эң негизгилери демократиялык жолдон тайып, авторитардык башкарууга өтүп, андан ары үй-бүлөлүк диктатураны орноткондор, Кыргызстандын байлыгын чет мамлекеттерге саткандар, коррупциянын деңгээли боюнча бизди дүйнөдө төртүнчү орунга жеткиргендер, Гуревич сыяктуу эл аралык шылуундарды алып келип, мамлекеттик байлыкты талап-тоногондорду кечирилгис күнөө деп таап, өмүр боюу шайланууга жана мамлекеттик кызматтарга иштөөгө тыюу салынсын деп сунуш киргиздим. Бул биринчи топтогу түздөн-түз күнөөсү барлар. Андан тышкары буларга көмөк көрсөткөндөр, жандоочулар беш жылдан он жылга чейин укугунан ажырайт. Үчүнчүсү, укук коргоо органдарынан комиссия түзүлүп, тигил же бул мурдагы жетекчилердин кылмышы тууралуу маалымат беришсе, ошонун негизинде күнөөсү далилденсе гана шайлануу, жогорку бийлик бутагында иштөө укугунан ажырайт. Баса, бизде “карга карганын көзүн чукубайт” деген, пара ала коймой адат бар эмеспи. Ошондуктан эгер комиссия мүчөлөрү атайлап бирөөнүн кылмышын жашырып койсо, анда өздөрү жазаланат. Негизи бийликти тазалоо эки, үч тепкич менен ишке ашса деген сунушту киргизип жатам.

- Ушул Сиз сунуш кылып жаткан мыйзам долбоору аткарылып калса, каршылык көрсөткөндөр болбойбу? Бизде азыр күнөөсүн моюнга албай эле үркөрдөй жактоочуларын митингге чыгаруу мода болуп калгандыгын өзүңүз деле башыңыздан өткөрбөдүңүзбү...

- Чындыгында эгер булардын баарын жазага тартсак, анда миңдеген адамдар болуп кетет. Алардын акчасы да көп болгондуктан, өткөндө Тургуналивди кызматтан алгандай жөн эле көчөдө жүргөндөр да акчага жалданышы мүмкүн. Ошондуктан шайлоого чейин чакчелекей түшүп калбаш үчүн он чакты адамды, анын ичинен Бакиевдердин бешөөсүн (Курманбек, Жаныш, Акмат, Максим, Марат (баласы)), мындан тышкары Кыргызстандын ыйык жерлерин Кытайга, Казакстанга өткөрүп жиберүүгө салым кошкондор болуп он мурдагы бийликтин жетекчилерин жоопко тартуу зарыл. Кеп санында эмес, менимче аң-сезимде революциялык төңкөрүш жасалып, коомго таасири жогору болор эле. Ошондо “Бакиевдерди эмнеге кармаган жоксуңар?” деген сөдөр азайып, эл ыраазы болот. Себеби эл ууруларды, шүмшүктөрдү бийлик качан укугунан ажыратат деп күтүп жатат.

- Дегеле бийликти тазалоо дүйнөлүк практикада барбы?

- Ооба, бул мыйзам долбоорун даярдап жатканым тууралуу айтылганда эле жүздөгөн адамдар телефон чалып, жолдо-белде жолукканда колдоо көргөзүп жатышат. Дегеле кереги жок деген бир сөздү уга элекмин. Каршымын деген сөз болушу мүмкүн эмес. Эгер саясатчылардын арасынан бирөө-жарымы каршы чыкса, анда саясый өлүк болуп чыга келет. Себеби бийликти тазаламайынча алдыга жыла албайт экенбиз. Бул бийликти тазалоо байыркы дүйнөдөн бери келаткан салт. Керек болсо Манас бабабыз деле өзүнө каршы чыккан алты ханды чөгөлөткөндө алар ит болдук, куш болдук, мындан ары кыргыз элинин биримдигин бузбайбыз деп кечирим сураган жагы бар. Гректерде деле “Авдийдин атканасын тазалоо” деген түшүнүк бийликти тазалоо менен байланышкан. Андан кийин СССР жоюлгандан кийин Чыгыш Европа, Балтика боюндагы жана Украина мамлекеттеринде “Люстрация” мыйзамы кабыл алынган. Ал тургай Союздун учурунда деле Н.Хрущев бийликке келгенде Каганович, Маленков, Жуковдорду кызматтан алган. Андан кийин Хрущевдун өзүн бийликтен тазалашты. Ошондуктан бул дүйнөлүк тажрыйбада жаңылык эмес. Демек, тарыхый зарылчылык келгенде сөзсүз жасай турган иш экен.

- Топчуке, Сиз көп жыйындарда бийликтен тышкары коомдун өзүн да тазалаш керек деп айтып жүрөсүз. Коомубуз да тазаланууга муктажбы?

- Тилекке каршы бүгүнкү коомубуздун да быт-чыты чыгып кеткен. Мындай көрүнүш коммунисттик доордо башталган. Жанагы маңкурттар, киргиздер, кошоматчылар, ляппайчылар, андан кийин оомалар деп коёлу Усубалиевден баштап, кийин Масалиевдин жан жолдошу болуп, андан соң Акаевге, Бакиевге өтүп кеткендер кимдер экендигин эл өзү жакшы билет. Алар үчүн бийликтин кыр чокусунда кимдер болбосун акчасы менен, дагы башка жолдор аркылуу бийликтен түшпөй, отко күйбөй, сууга чөкпөй жүрө беришет экен. Тилекке каршы ушундайлар коомубузда катмар болуп кетти. Булардын кесепетинен ыйман маселеси да тебеленип-тепселди. Анткен менен жалпы элибиздин өзөгүн түзгөн карапайым эл абийирин сактап турат. Бирок ыйманы кеткендер, уурулар, шылуундар, шүмшүктөр менен шумпайлар, кыргыз элинин байлыгын талап-тоногондор бийликтин башында болуп келди. Ошондуктан менин оюмча бийликти тазалоо тарыхый жоопкерчилик жана коомдун милдети болуп калды. Аң-сезимдеги революция жасоо ниети бар экендигин 31-июлдагы курултайда байкадым, башталды десек да болот. Буюрса, бул демилгени коомчулук менен жалпыга маалымдоо каражаттары жабыла колдоп берсе, апрель революциясынын максаты толук ишке ашат деп ишенем. Анткени апрель революциясы диктатурадан кайра демократияга өткөн бир бийликти экинчиси менен алмаштыруу болуп, президенттик башкаруудан парламенттик жолго түштүк. Эми мындан ары аң-сезимибизде чоң өзгөрүү жасашыбыз керек.
 

- Сиздин бул демилгеңизди жер жерлерде карапайым адамдар колдойбу?
 

- Жогоруда айтып өтпөдүмбү, бул мыйзам долбоорун жазып жатканымды уккан адамдар мага күн сайын жүздөгөн телефон чалуулар аркылуу, жолдо-белде жолукканда колдоп жатышат. Анын далили катары 31-июлдагы курултайга жети аймак, эки борбордон өкүлдөр толук катышты. Менин таң калганым, элүүгө жакын партиялардын, коомдук уюмдардын эң алдыңкы күжүрмөн катмары болду. Чындыгында бул Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү эле чогула калып кабыл ала койбостон, жалпы коомчулуктун колдоосуна ээ болгон мыйзам болуш керек. Баарыбыз билебиз, азыр кечээ эле Акаевдин, Бакиевдин коюн-колтугунда жүргөндөр партия түзө коюп, парламенттик шайлоого катуу даярдык көрүп, төңкөрүш жасасак деп жатышат. Кокус алар реванш алып, бийликке кайра келе турган болсо, анда өтө опурталдуу жагдай жаралат. Кыскасы, алдыдагы парламенттик шайлоо өтө опурталдуу, кооптуу болчудай, эгерде эле Убактылуу өкмөт чечкиндүү кадамдарды жасабаса. Бул жерде эки түрдүү чечкиндүү кадам болуш керек. Эң негизгиси бийликти тазалоону баштасак, ошондо эл түшүнөт, колдойт. Экинчиси, коопсуздук органдары тикесинен тик туруп июндагы өлкөбүздүн түштүгүндө болгон окуяга кыргыздар күнөөлүү, кыргыздар баштады деген дүйнөгө тарап кеткен маалымат айдыңындагы калпыстыктарды далилдүү фактылар менен кеч болсо да жокко чыгарып, жеңип чыгышыбыз керек деп ойлоймун.
 

- Бул кыймылдын иши канчага чейин созулат?
 

- Кыймылдын иши көпкө чейин созулат. Себеби бир эле силкип, бир кадам менен эле бийликкке тамыры терең жайылып кеткен эскилерди тазалай албайбыз. Тилекке каршы башка партиялардын Устав, Программаларынан окуй албадым. Ал эми биздин “Эркиндик” партиясынын Уставында мамлекетти төмөндөгү торт сапатка ээ болгондор башкарыш керек деп жазылган: ыймандуу, иш билги (орусчасы профессионал), мекенчил жана чечкиндүү. Бул касиеттер бекеринен тандалып алынган жок. Биздин бабаларыбыз башкаруунун ыйык принциби тууралуу эбак эле “Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок” деп айтып коюшкан. Демек, ыймандуу жетекчи элдин энчисине кол салбайт, уурдабайт, тонобойт. Тилекке каршы биз аны аткарбай келатабыз, аткарбасак алга жыла албайбыз. Ал эми иш билгилик боюнча да кыргыздар тээ байыркы доордо эле “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” деп айтып салышкан. Аларды “Иш билги, майын чыгара иштейт” деп коюшат. Үчүнчү мекенчилдикти “Башын канжыгага байлап, эл үчүн канын, жанын аябаган кыраандар” деп аташкан. Кыргызстандын келечеги үчүн канын, жанын аябагандарды апрель окуясында көрдүк го. Алар эң ыйык өлүм менен о дүйнөгө кетишти. Андан башка май, июнь окуяларында деле түштүк тараптагы азаматтарыбыз кыргыздын келечегин, намысын коргошту. Алардын баарын эле өрттөп салды, өлтүрүп койду деп күнөөлөш туура болбойт. Булар Бакиевдердин Кыргызстанды Түштүк Кыргызстан республикасы кылабыз деген оюна каршы туруп, 1990-жылдан бери өзүнчө автономия болууну эңсеп жүргөндөрдүн арам оюн өрттөдү, өлтүрдү. Алардын ана башчыларынын баары азыр Европада качып жүрүшөт. Төртөнчүсү мейли ыймандуу болсун, мейли иш билги, мекенчил болсун, бирок жумшак, чечкинсиз же одоно айтканда былжыр болсочу? Ошондуктан чечкиндүү, кайратуу, тарыхый жоопкерчиликти моюнга ала турган сапат болуш керек экен. Деги эле тазалануу эмнеге алып барыш керек? Эмне Бакиевдерди бийликтен кулатсак эле баары сопсонун болуп калдыбы? Калгандарыбызчы? Биз деле кечээтен бери келатабыз да. Өзгөчө элибиз менен мамлекетибиздин тагдыры чечиле турган шайлоодо эл жетекчилерди болобу, саясый партиялардыбы ушул төрт сапатына карап туура шайлап алса, мындан ары адашпайт элек. Эң оболу карапайым эл добушун акчага сатпаш керек. Андан башка бизде кайдыгерлер да бар. Аларга Кыргызстан өрттөнүп жатабы, кан төгүлүп жатабы баарыбир. Андан башка дүжүр чалдар, балдар жоюлуп кеттиби, кошоматчылар токтоп калдыбы? Ошондуктан эки тарапты – мамлекеттик бийлик менен коомду кошо тазалоо керек. Мамлекеттик бийлик узун-туурасынан, укук коргоо, сот органдарынан тартып, эң жогорку тепкичине чейин тазаланууга муктаж. Бул иш көпкө созулат. Мына өзүң көрдүң, мен токойду канабайрам кылып, кыйып, талкалагандарды кызматтан алдым эле... Күрөш деген ушундай болот, кээде жеңебиз, жеңилебиз дегендей. Ал эми менин ордума биротоло эле табиятка жакшылык жасабаган Аманкулов дегенди коюшуп, кайра төрт күндөн кийин алып коюшту. Тилекке каршы ушундай күрөштөр көпкө созулат. Себеби алардын тамыры коммунисттик доордон бери өтө тереңдеп кеткен. Качан гана Швейцария, Финляндиядагыдай адилет шайлоо өткөндө алардагыдай коорупция жоюлуп, экономикабыз өнүгөт. Экинчиси бүтүндөй коомду тазалоо. Аның үчүн Төрөбек төрөлгөндөн баштап, бала бакчада, мектепте чоңдор үлгү көрсөтүп туруш керек. Мына азыр биздин көпчүлүк атуулдарыбыз алкаш болуп кеткен, далайлар наркоман болуп, сайынып, жанагы айыкпас оорууга чалдыккан. Кыскасы, кыргыздын улуттук тукум сапаты өтө төмөнкү деңгээлде. Ушунун баары бир түйүнгө чырмалган. Айрымдар айтышат, экономика өссө эле оңолуп кетебиз деп, экономиканы фашисттер деле өстүргөн. Анын аягы эмне менен бүттү? Ошондуктан И.Раззаков бабабыз “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот!” деп айткандай, бийлик башына таза адамдар келгенде гана оңолобуз.

Маектешкен Эмилбек МОМУНОВ

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу