Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
01/08 12:01
 

Жалал-Абад шаарында үйү күйүп кеткен жарандардан 182 арыз түшүп, божомолдуу жалпы суммасы 128 млн 914 миң 874 сомду түздү

Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучунун орун басары Абдималик Элеманов шаардагы капиталдык курулуш, коммуналдык чарбанын аткарган иштери боюнча кабарчыбызга  айтып берди.

 - Ушул жылдын жарым жыл ичинде капиталдык салымдын шаар боюнча аткарылышынын жыйынтыгы –58157,3 миң сомду түзүп,  өткөн жылга салыштырмалуу – 59 пайызга барабар болду. 

Жеке менчик эсебинен иштетилген капиталдык салымдар  58157,3 миң сомду  түздү. Анын ичинен «Жалал-Абад электро» акционердик коому – 579,9 миң сом, Борбордук Азиядагы таш иштетүүчү заводдун Жалал-Абаддагы филиалы – 293,8  миң сом, «Роза Парк» Жабык Акционердик Коому-2598,1 миң сом, «Кыргызтелеком» Ачык Акционердик Коому-2322,5 сомду түздү.

Азыркы күндө үйү күйүп кеткен жарандардан келип түшкөн арыздын негизинде түзүлгөн актылардын саны 182 болуп, божомолдуу жалпы суммасы 128 млн 914 миң 874сомду түздү.

- Шаардыктарды таза суу менен камсыз кылуу кандай жолго коюлган?

- Шаардын калкына жана экономика тармактарына жетиштүү өлчөмдө суу жеткирип берүүдө үстүбүздөгү жылдын жарым жыл ичинде бир топ иш-чаралар аткарылды. Азыркы мезгилде шаарга суу жеткирип берүүчү 15 насостук станциясынын кубаттуулугу 52 миң куб. суткасына суу берүүчү тереңдик скаважиналарынан камсыз кылынат.

Жарым жыл ичинде борбордук суу берүү тармагында 300 авария токтотулду, 19 задвижкалар жана 560 метр түтүктөр алмашылды, 39 суу кудуктары тазаланды, алты суу тереңдик насостор оңдолду, 75 метрдик кабелдик линиялар алмаштырылып, 5 трансформатордук станция ремонттон чыгарылды.

Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинен эсебинен Х. Абдушаит көчөсүнө 445 метр 605,0 миң сом, Победа көчөсүнө 1550 метр 1280,0 миң сомдук акча каражаты жумшалып суу түтүктөрү орнотулду.

- Шаардагы жылуулук менен камсыздоочу ишкананын жана санитардык тазалоочу атайын автобазанын иши кандай болуп жатат?

- Жалал-Абад шаарынын «Жылуулук менен камсыздоочу» ишканасында  17 жылуулук берүүчү от-казаны иштейт. Бүгүнкү күндө 15 жаратылыш газында, бирөө  мазут менен, бирөө көмүр менен иштейт. 2010-2011-жылдарга «Жылуулук менен камсыздоочу» ишканасы жылуулук берүү сезонун сапаттуу өткөрүү үчүн керектүү болгон күйүүчү май (мазут) жана көмүр, отун менен камсыздоо боюнча иш алып барууда. 

         Таштандыларды ташып чыгуу проблемаларын чечуу жана бул жумушту  жолго салуу максатында санитардык тазалоочу атайын автобазасын шаар мэриясы тарабынан материалдык техникалык базасын өнүктүрүүгө көңүл бурулган.

Таштандыларды ташуу боюнча абоненттерден топтолгон акча         болжолдуу эсеп менен 2 млн. 200 миң 459 сом болду. Квартал ичинде шаарыбыздын жашоочуларына 14 техника менен кызмат көрсөтүп жалпысынан алганда 5451 рейс, 21804 тонна таштандылар   ташылып чыгарылды.

 -Шаардагы байланыш тармагына да токтолсоңуз

 -«Кыргызтелеком» акционердик коомунун Жалал-Абад шаардык ишканасында 2010-жылдын жарым жыл ичинде белгиленген пландын негизинде иш жүргүзүлдү. Анын ичинен байланыш кызматын көрсөтүү планы 100,1%га аткарылып, тарифтик киреше пландаштырылган 21 млн. 91 миң сомдун ордуна 21 млн. 93 миң сом өлчөмүндө акча жыйналды. Ал эми калкка байланыш кызматын көрсөтүү планы 100,4 пайызга аткарылды. Пландагы 8 млн. 8 миң сомдун ордуна, 8 млн. 11 миң сом болду. Ошондой эле шаарыбыздын жашоочуларына 159 телефон аппараттары пайдаланууга берилди, мындан сырткары Интеллектуалдык карта менен телефонго чалуулар 110,3 пайызга өстү. Интернеттин тарифтик кирешеси 105,3 пайызды түздү.  Ушул жылдын 12-13 –июнунда баш аламандыктан «Кыргызтелеком» Ачык Акционердик Коомуна  540 миң 563 сом зыян келтирилди. (Маектешкен А. Жаңыбаева)

 

 

 

 


Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу