Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
30/07 09:26
 

Cелдин кесепетинен Жалал-Абад облустук архиви зыянга учурады (фотосу менен)

Облустагы өз кабарчыбыз Анархан Жаңыбаева облустук мамлекеттик архивдин директору Максутали Көчөков менен маектешкен.

- Максутали Салиевич, июнь айындагы болгон селден облустук архив жабыр тартыптыр. Ошол боюнча айтып берсеңиз?

- Бул табигый кырсык ушул жылдын 3-июнунда кечинде саат 21.де нөшөрлөп катуу жааган жамгырдан улам болду. Сел ушуну менен үчүнчү жолу кайталанышы. Бул жолу сел аябай катуу болду чынын айтканда. Жертөлөдөгү суунун тереңдиги 1,5 метрге жетти.

Ошол жерде илгертен жайгашып калган биздин секреттик деген документтерибиз бар эле. Биринчи жана экинчи текчесинде жайгашкан документтердин бардыгы суунун алдында калды. Бул суу тунук суу эмес, бизге чейин бир топ үйлөрдүн ажаатканаларын бузуп келген, ошол булганыч суу толду.

- Сел кырсыгы облустук архивке кандай кесепеттерди алып келди?
- Кырсыктын кесепеттери бир топ зыян алып келди. Бул селден облустук архив баа жеткис зыянга учурады. Аны жоюу үчүн 4-июнда 17-буйрук менен ыкчам комиссия түзүлүп, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт коопсуздугун сактоо кызматынын кызматкерлеринин жардамы менен жертөлөдөгү 200 литр суу сорулуп чыгарылды. Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча аскердик бөлүктөрдүн жоокерлери жардам беришти.

Анын ичинде мекеме-уюмдардын убактылуу сакталган документтер да бар болчу. Азыркы учурда бардыгын тактап, комиссия иштеп жатат. Бүтөйүн деп калдык. Мунун баарын бүткөндөн кийин кайсы мекеменин документтери жабыркаган болсо, аларга биз маалымат беребиз. Алардын өкүлдөрү менен келип документти көрүп, же списание кылабыз, убактылуу сактай турган болсо башка иштерди жүргүзөбүз. Андан кийин түбөлүккө сактай турган 15 миңден ашык документтерди убактылуу сыртка чыгарып кургатып жатабыз.

Эми ошол күндөн баштап облус губернаторунун биринчи орун басары Жумагүл Эгембердиева, өзгөчө кырдаал башкармалыгынын жана өзүбүздүн агентствонун кызматкерлери келип, көрүп кетишти. Акыбалыбыз оор экендиги түшүнүктүү болду. Азыркы күндө түбөлүккө сактай турган документтерди түбөлүккө сакташыбыз керек. Жетекчилериме да айттым, бул ишти кандай болсо дагы кайрадан калыбына келтирели деп аракет кылдык. Ошон үчүн биз беш штаттык бирдик сурадык эле, үчөөнү берди. Июлдан баштап үч бөлүм ачылды. Эми бул бир жылда эмес, 10 жылдап калыбына келтирүү иштерин жүргүзөбүз. Биринчи кургатуу иштери жүрүп жатат. Экинчи этап, сырткы мукабаларын алмаштырып, жаңылайбыз. Анан ички өчүп бараткан, сууда булганып калган сөздөрдүн бардыгын калыбына келтиришибиз керек. Бул биздин келечек муундарыбызга кала турган тарыхыбыз ошонун ичинде жатат. .

- Түбөлүккө сакталуучу архивдик документтер боюнча токтолуп өтсөңүз?

- Облустук мамлекеттик архивде 1916-жылдан 2008-жылга чейинки документтер сакталат. Бул биздин облустун тарыхы. Тилсиз кырсыктын айынан жертөлөдөгү коробкаларда жайгашкан 307 архивдик казынадагы түбөлүккө сакталуучу 34883 сактоо бирдигинен 186 казына, 15 миң 701 сактоо бирдиги (1212 коробка) жабыр тартты.
Негизинен бул бөлмөдө жоюлган мекемелердин жана мурдагы жашыруун 43 "Жалал-Абад облустук аткаруу комитетинин" казынасынын 1939-1959-жж. документтери, ошондой эле Сумсар рудобашкармалыгынын пайдалануу укугу чектелген техникалык документтери - 654 дело, анын ичинде карталары, Кант руднигинин 235 делосу жана облустун токой чарбаларынын документтери жайгашкан эле.

- Эл аралык уюмдарга да жардам сурап кайрылдыңызбы?
- Мен бүгүнкү мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Эл аралык уюмдарга кайрылгым келет. Бизге көңүл буруп, жардам берем деген уюмдар болсо, аябай жакшы болот эле. Тарыхты сактап калыш үчүн бир топ жумуштарды аткарат элек. Биздин төмөнкү электрондук дарекке: djal.2010@mail.ru кат жазышса.
(А. Жаңыбаева, фотосу автордуку)



Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу