Интервью

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
28/07 08:33
 

Акын К. Урманбетов: Ыр жазбаган кыргыз болбойт

БИШКЕК, 27-июль. (КАБАР). Бүгүнкү күндө Кыргызстанда искусство адамдары аз акча менен жашап, театрларда актерлор жарыбаган айлыкка иштеп келет. Бирок бизде таланты барына да, жогуна да «жол ачкан», табигат үн тартуулабаса да, «иштин» ыгын тапкандарга чоң киреше алып келе турган шоу-бизнес бар. Бул «бизнесте» от болуп күйгөндөр да, жалыны жок түтөгөндөр да, аптабы күчтүү чоктой жанганы да бар. Кыргыздар учурда «жылдыздарга» бай. Жылына, же айына бир жолу эмес, күн сайын «жылдыздардын» катары толукталып, алгылыктуу иш кыла билгени да, акча менен «эптегени» да болууда. Орус эстрадасынын дөө-шаасы болгон Алла Пугачева айтмакчы, «калк таланттарга муктаж». Ал эми эзелтен сөз багып, күү сырына баткан кыргыз калкы таланттарга бай. Алардын маарыганы да, «сырын» ичке катканы да жок эмес. Бүгүнкү кыргыз эстрадасынында обон менен сөзү төп келген ырлар аз. Маани-маңызы жок, көчүрмө ырлардан баш адашат. Нукура кыргыз сөзү катылган, мактанаарлык ырлардын көпчүлүгү КР маданиятына эмгек сиңирген кызматкер, акын Кыялбек Урманбетовдун калемине таандык. Акын жаңы чыккан “Сүйүүзар” обондуу ырлар жыйнагы жана эстраданын күңгөй-тескейи жөнүндө “КАБАР” агенттигинин суроолоруна жооп берди.

- Агай, сиздин “Сүйүүзар” аттуу обондуу ырлар жыйнагыңыз чыгыптыр, жыйнак тууралуу айтып берсеңиз? Негизинен эле буга чейин канча обондуу ырлардын сөзүн жазыптырсыз?

- Бул жыйнакка нотасын тапкан гана обондуу ырлар киргизилди. Ал эми нотасы табылбай калган далай ырлар кирбей калды. Негизинен буга чейин сөзүн жазган обондуу ырларымдын 80 пайызы кирди десем болот. Мындан тышкары жыйнакта котормолор да бар. Ырлардын нотасын топтоо деген азап экен, бул жыйнакты өткөн жылы эле чыгарам дедим элем, кармалып отуруп эми чыгып жатат. Ал эми канча ырга сөз жазганымды эсептеп көрбөптүрмүн.

- Алдыда дагы китеп чыгарууну пландап жатасызбы?

- Мен 1990-жылдан бери бир да китеп чыгарбаптырмын. Ошондон берки эмгегимдин ары жак, бери жагын карап көрсөм, 5 китеп чыгарыш керек экен. Обондуу ырлар жыйнагым чыкты. Андан тышкары чыгыш жылдыздарынын чыгармаларын которуп жүргөм. 24 чыгыш жылдыздарын, анын ичинде Омар Хаям, Абулхасан Рудаки, Абдуррахман Жами сыяктуу авторлордун рубаилерин которуп бүтүп, китеп болуп жарыкка чыкканы турат. Мен алардын жалаң төрт саптан турган рубаилерин котордум. Анткени бүгүнкү күндө эл узун ырларды окубай деле калды. Ал эми маңызы терең төрт сап ырларды жаттап алышып, той-топурда тост кылып айтса деле жарайт экен. Андыктан бул китептин элге өтүмү мыкты болот деп ойлоп жатам.

- Бүгүнкү күндө ансыз да ыркы кетип турган кыргыз тилинин кадыр-баркын кайсы бир деңгээлде ырчылар да бузуп жатат. Мааниси жок сөздөр менен тилден «кем» болуп жаткан жаштардын таптакыр башы айланууда. Азыркы айрым ырлардын сөзүнө кандай баа берет элеңиз?

- Бул өтө татаал маселе. Ар ким эле өзүнүн көкүрөгүндөгүнү айтып атат. Эми ыр жазбаган кыргыз болбойт. Анан “ар кимдики өзүнө ай көрүнөт көзүнө” болуп кетип жатат да. Ал эми ыр болсо өзүнчө бир өмүрдү талап кылат. Керек болсо бүт өмүрүндү арнап коюп ыр жаратышың керек. Жөн эле ары-бери чампалай салып жазганда элге өтүмү да жок болуп, музыканын күчү менен эле убактылуу жаштардын көңүлүн алып жүрүшөт.

- Ошондой маңызы жок ырларды тескеп турууга болобу?

- Мурда көркөм кеңеш деген болчу эле. Учурда да ошондой кеңеш зарыл. Ошол аркылуу талдап, анан радио, телеберүүлөргө чыгаруу керек. Атүгүл филармония сыяктуу концерт өткөрө турган жайларда да өзүнчө адабий бөлүм башчы болоор эле. Алар ар бир ырды карап, начарын өткөрбөй койчу. Азыр баары ижарага берилип атат. Мисалы, филармонияны концерт берүү үчүн ижарага алган ырчы кайсы ырды ырдасам өзүм билем дейт.

- Азыркы шартта жаш таланттар акчасы жок «ачыла» албасы белгилүү иш. Сизден жардам сурап кайрылган жаштар болобу? Ошондой учурда колдоо көрсөтүүгө даярсызбы?

- Кайрылгандар көп эле. Мен ырга жараша жардам берем. Обону кандай экенине карата. Эң биринчи заказ алганымда обонун укмайын сөзүн жазуу кыйын. Анткени бүгүнкү күндө биринчи ырчылар обонун жаратып алып анан келишет. Мен обонун угуп, ошого карата сөзүн жазам. Жаштар кайрылган учурда обону жакса жардам беришим ыктымал.

- Сыр болбосо, бир ырды канча сомго жазасыз?

- Мурда мен канча берсе ошончого эле жазчумун. Өз көңүлүңө кара деп. Бирок кийинки кезде андай болуш кыйын экен. Себеби баары эле алып келе берет. Баарына жалгыз жаным түтпөйт экен. “Башка акындар деле бар, башкаларга да кайрылгыла” дейм. Ал эми мен обондуу ырга сөз жазуу боюнча чек койгом, бир ырды 100 долларга жазам.

- Кайсы ырчылар, обончулар менен иштешкенден ырахат алып, талантына баа бересиз?

- Ырчылардан алганда Гулнур Сатылганова, Гулнара Тойгонбаева, Актан Исабаев, Ырыскелди Осмонкуловдор менен иштеген жагат. Анткени алар менен  талашып-тартышып иштейбиз. Айрыкча, Гулнур менен. Кээ бир ырчыларга обонун угуп текст жазып берип койсоң, “аа, жазып берди” деп эле айрым жерлери жакпаса деле кетип калышат. Кээде ырдабай да коюшат. Чыгарма деген андай болбойт. Бул жерде талаш-тартыш болушу керек. Мисалы, Гулнур “байке, бул жериңиз жаккан жок, мындай болсо болмок” деп өз оюн айтат. Себеби ал өзү ырдай турган болгондон кийин өзүнүн жүрөгүнө жете тургандай сап керек да. Ошентип, бир ырдын эки-үч вариантын жазууга туура келет. Обончулардан болсо көбүрөөк Бакыт Алишеров, Эркин Мээрканов, Камчыбек Букалаевдер менен иштешем.

- Эл арасында «таш ыргытсаң, ырчынын башына тиет» деп айтылып келет. Ушундай сапатынан саны көп болгон «жылдыздар», жалпы эле эстрадага кандай баа берет элеңиз? Сиздин көз карашыңызда, биздин эстрада эмнеден аксап, эмнеден утуп жатат?

- Азыркы эстраданын “жайыты” таар болуп атат. Алсак, Кыргызстан анчалык деле чоң эмес. Ырчы-чоорчулар бир сыйра Кыргызстанды кыдырып келишет да, анан болду отуруп калышат. Ал эми эл аралык аренага чыккандары болбой жатат. Азыркы жаштар эптеп эле эл алдына, сахнага чыгып, эптеп эле акча табуунун аракетинде жүргөндөй. Себеби эч бири репертуар даярдайын дебейт. Ар ким өзүнүн үнүнө ылайык репертуар даярдап чыгышы керек. Эгерде жаңы ыр жаздырууга каражаты жетпесе, кыргыздын эски мыкты ырлары бар, аны иштеп чыгып, өзүнүн жүзү менен алып чыкса сонун эле болбойт беле. Биздин эстрадада чыгармачылык изденүү аз. (даярдаган Мээрим Ибраева)


Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу