Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
27/07 12:03
 

Дөөлөтбек Шадыбеков: Ыйык Рамазан айында баардык жамандыктарды унутушубуз керек


Учурда республикабыздын түштүгүндө июнь айында болгон улуттар аралык жаңжалдын кесепеттерин жоюу, эки элдин ынтымагын калыбына келтирүү боюнча коомубузда ар тараптуу иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Биз бул багытта улуу муундун өкүлдөрү тарабынан кандай жумуштар аткарылып жаткандыгы тууралуу республикалык Аксакалдар кеңешинин төрагасы Дөөлөтбек Шадыбековго кайрылдык.

-          Дөөлөтбек агай, республикалык Аксакалдар кеңеши коогалаңдуу түштүк окуяларынын алгачкы күндөрү улуттар аралык жаңжалды ооздуктоо боюнча кандай иштерди жасады?

-          Мен эң оболу республикалык Аксакалдар кеңешинин атынан ошол коогалаңдуу күндөрү бир туугандарынан, жакындарынан ажырагандарга көңүл айтып, кайрат кылуусун суранам. Алардын баары шейит кетишти, жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Ооба, бир үй-бүлөбү же мамлекет болобу, ортодо чыр чыгып, ынтымагына доо кетсе аксакалдардын акыл айтып, туура жолго салары улууну урматтаган чыгыш элдеринде эзелтен келаткан салт. Биз, апрель революциясынан кийин түзүлгөн республикалык Аксакалдар кеңеши да өлкөбүздүн түштүгүндө  базары да, мазары да бир эки элдин ортосуна чагымчылар от койгон коогалаңдуу күндөрү четте туруп калганыбыз жок.

Республикалык Аксакалдар кеңешинин ар бир облуста жетекчилери бар. Ош облусу боюнча өкүлүбүз Ильяз Жусубалиев акскал аркылуу иш жүргүздүк. Ошол учурда ал өзүнүн үйү күйүп жатса да эки элдин кадыр-барктуу аксакалдарын чогултуп, кызуу кандуулукка алдырган жаштарды акыл-эстүүлүккө чакырып жүрдү. Ал эми Баткен облусунун төрагасы Мамат Айбалаев орун басары Карим Ташбалтаев менен биргеликте өз алдынча райондук Аксакалдар кеңештеринин жетекчилери менен түшүндүрүү, алдын алуу аракеттерин көрдү. Өзүңөр билесиңер, ошол күндөрү Ноокатта, Өзгөндө, Кадамжайда кырдаал өтө курчуп турду. Аксакалдарыбыздын элдик дипломатиянын жолу менен күнү-түнү чуркап иштегендигинин натыйжасында бул аймактардагы чагымчылардын мизи кайтып, тополоңду токтотуп калууга мүмкүн болду.

-          Дөөлөтбек агай, Ош окуясы туура жыйырма жылдан кийин экинчи ирет кайталанып отурат. Андыктан материалдык чыгымды айтпаганда да орду толгус моралдык жоготууга учурадык, бейкүнөө адамдардын өмүрү кыйылды. Сиздин баамыңызда улуттар ортосундагы чыр-чатактын артында кимдер турат?

-          Албетте, бул суроого А.Эркебаев башында турган Улуттук комиссия жана тиешелүү укук коргоо, сот органдары жооп бериш керек. Анткен менен кимдер экендиги ачыкка чыгып деле калды. Алар өлкөбүздөгү апрель революциясынан кийин убактылуу жаралган башаламандыктан пайдалангысы келген диний экстремисттик уюмдар, бийлигинен кол жууп, жаңы бийликтен өч алгысы келген бакиевчилер, үчүнчү күч деп аталган бийлик талашкандар, мурдатан үчүнчү расмий тил, автономия маселесин көтөрүп элдин башын апийимдей маң кылып, котур ташын койнуна катып жүргөндөр кошулуп отуруп эле эки баланын чатагынан алаамат чыгып кетти да. Болбосо карапайым кыргыз менен өзбек калкы эч качан бири-бирине кол көтөрмөк турсун, “сен” деп айта турган эл эмес. Кайра миңдеген жылдар боюу чогуу жашап, куда-сөөк болуп, каныбыз да, аң-сезимибиз да сиңишип калган.

Чет жактан  көзгө атарлар келиптир деп айтылып жатпайбы. Менимче аларды жанагы күчтөр акчага жалдап алышса керек. Тилекке каршы эч жамандыктан кабары жок жарандарыбыздын бейкүнөө өмүрү кыйылып, миңдеген турак-жайлар, коомдук имараттар талкаланды, жеке менчик мүлктөр талоонго учурады. Анткен менен учурдан пайдаланып айтып кетишим керек, Алайдан, Кара-Кулжадан келген жаштар алдын ала даярданган, автомат менен куралданган жалданма бандиттерге Чолпонбайдай көкүрөгүн тосуп, таяк, таш менен уруп кууп чыгарышты. Мындай баатырдык мүнөз, мекен үчүн жанын да аябаган эр жүрөктүүлүк Манас бабабыздан калган. Алар чыныгы баатырдыкты көргөзүп, душмандын мизин кайтарышты.

-          1990-жылы Ош окуясынын учурунда раматылык Чыңгыз Айтматов Өзбекстандын президенти И.Каримов менен Ташкенде жолугуп, андан сырткары өзбекстандык жазуучу досторун Ошко жетелеп алып келип, эки элди жараштырууга бир топ салым кошту эле. Эмнегедир азыр андай деңгээлдеги иш чаралар байкалбайт...

-          Туура айтасың иним, ал кезде Чыкем СССРдин президенти М.Горбачевдун кеңешчиси эмес беле. Ал киши самолету менен түз эле Ташкенге учуп барып, И.Каримов менен тең катар сүйлөшкөндүгү ошол учурдагы алоолонгон Ош окуясына суу сээп өчүргөндөй болгон. Чындыгында Ч.Айтматов ошол учурда маселеге калыс карап, кызуу кандуулукка алдыргандардын демин бир топ баскан. Бул ал кишинин улуулугунун, акылмандуулугунун дагы бир далили болуп саналат. Бирок бүгүнкү күндө кыргыздарда да, өзбектерде да андай дүйнөлүк атак-даңкы бар адам жок. Анткен менен И.Каримовдун эмоцияга алдырбай, маселеге калыс карагандыгы жана ошол 11-июнь күнү Ташкентте өтүп жаткан ЕврАзЕстин жыйынында ош окуясынын чыгып кетишине өтө өкүнө тургандыгын айтты. Ал Кыргызстандын ички иши экендигин жана сырттан байкоочу катары карап турбай, колдон келген баардык жардамын берерин ачык айтышы туура саясат болду. Андан соң мамлекет башчыбыз Роза Отунбаева менен да телефон аркылуу сүйлөшүп, колдоо көрсөтүп жатат.

-          Учурда миңдеген качкындар Өзбекстандан, республикабыздын ар кайсы айылдарынан кайра келип жашап жатышат. Азыр алардын ар биринин жүрөгүндө “Мындан ары эмне болот, кантип жашайбыз?” деген суроо турат...

-          Себеби алардын баары мекени Кыргызстан, жашай турган жери Ош экендигин түшүнүштү. Демек, баардыгыбыздын алдыбызда бир гана жол бар – ал ынтымакта жашоо, мындан ары эч кандай чагымчылыкка жол бербөөбүз керек. Өзбекстандын президенти И.Каримов да сабырдуулук, акылмандуулук кылып опурталдуу күндөрү качкындарды кабыл алып, кайра чыгарды. Акыл-эсти, бабалардын  мурастарын туу туткан кыргыз, өзбек элинде не деген жакшы салттар бар. Алардын бири – Ыйык Рамазан айында өткөн-кеткен таарынычтарды кечирүү, жан-дүйнөнү тазартуу, кечиримдүү болуу. Ошондуктан ар бир мусулман өзгөчө намаз окуганда эки элдин ынтымагын, достугун тилеш керек. Өз кезегинде республикалык Аксакалдар кеңеши да жер-жерлерде жогоруда айтылган облустук жана райондук өкүлчүлүктөрүбүз аркылуу элдештирүү иш чараларын жүргүзүүнү уланта бермекчибиз.

Маектешкен Эмилбек МОМУНОВ


Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу