Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
26/07 11:04
 

К. Осмоналиев: Мен ушул кезге чейин Олимпиаданы түшүмдө көрөм

БИШКЕК, 26-июль. (“КАБАР”). Ушул күндөрдө дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө коомчулук Москвадагы Олимпиада-80дин 30 жылдыгын белгилеп, анын каармандарын эске түшүрүшүүдө. Ошондо биздин өлкөбүздүн 9 өкүлү катышып, алардын бешөө чемпион наамын жеңип алышкан. Азыркы убакта спортсмендердин ошол легендарлуу командасынан Кыргызстанда бир гана олимпиада чемпиону, дүйнөнүн оор атлетика боюнча үч жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев бар.

Мына эки күндөн бери ал ишине олимпиадалык оюндардын символикасы, чындыгында 2008-жылдан бери ак калпакчан барат. Анын кабинетинде гүлдөр турат, ал эми столдо фотосүрөттөр жатат. “Китеп чыгарсамбы деп жүрөм, ошондуктан сүрөт чогултуудамын”, - деп Каныбек Осмоналиев пландары менен ой бөлүшө кетти. Ал анын колун кысууга келишкен өзүнүн ынтызарларынын келишине кубанычтуу.

 

-Отуз жыл өттү, ал эми сиздин жеңишиңизди кыргызстандыктар али эстеринен чыгарыша элекпи?

 

 

-Албетте, үч күндөн бери телефонум тим эле жарылып кете жаздап жатат: досторум, тааныштарым, туугандарым жана спрортсмендер телефон чалышып, мени жеңишим менен куттукташууда. Азыр Израилге, машыктыруучум Семен Иткинге телефон чалсамбы деп жатамын. Азырынча болбой жатат, бирок мен өжөрмүн.

 

-Команданын калган катышуучуларыначы?

 

 

-Азыр эле Татьяна Колпакова менен сүйлөшсөмбү деп жаткамын. Мен медаль үчүн ат салышып, олимпиаданын мамалагын учуруп жаткан кезге кайрылып келгендей болуп жатам. Сиз ишенбестирсиз, ошондо бүткүл дүйнө кубанычтан ыйлаган! Мындай окуялар эсте өмүр бою калат. Мен ушул кезге чейин олимпиаданы түшүмдө көрөм.

 

-Сиз азыр отуз жыл мурдагыдай эле күйүп-жанып жатасызбы?

 

 

-Кечээ эртең мененки саат 6дан кечки саат 10го чейин өзүмдүн өлкөм үчүн алтын медалды жеңип алуу максатында кайрадан тактай секиге чыккандай болдум. Ал турсун, 1-июлдан тартып азыр мен үчүн даярдануунун татаал мезгили башталган кезди сезе баштадым: мен силкип көтөрүүдө 110 килограммды жана түртүп көтөрүүдө 135 килограммды алууга тийиш болгом. 30 жыл мурда мен буга жетиштим.

 

-Каныбек Осмоналиевич, көп медалдар татыксыз алынды деген пикир бар, анткени айрым өлкөлөр Олимпиада-80ге бойкот жасашпады беле. Сиз бул жагынан эмне дейсиз?

 

 

-Спорттун кээ бир түрлөрүндө ошондой болгон. Чындыгында АКШнын атлетчилери балким медаль алышмак, бирок күрөш негизинен Азия менен Европанын спортсмендеринин ортосунда жүрүп жаткан оор атлетикадан эмес. Бул жерде бардыгы калыс болду.

 

-Кыргызстанда Татьяна Колпакованын байгесине жана Сатымкул Жуманазаровдун эстелигине мелдештер өткөрүлүүдө, ал эми сиздин урматыңызга мелдештер жагы кандай?

 

 

-1986-жылдан бери оор атлетика боюнча үзгүлтүксүз мелдеш өткөрүп келатабыз, жыл сайын аларга катышкандардын саны өсүп баратат.

 

-Сиз турмушуңузга ыраазысызбы?

 

-Мен 57 жаштамын, олимпиада чемпионумун, ошондуктан турмушума даттана албаймын. Азыркы убакта Республикалык оор атлетиканы өнүктүрүү борборуна жетекчилик кылам. Ошол эң сонун командадан жалгыз калгандыгыма өкүнөмүн, мен үчүн марафон байгесинин ээси Сатымкул Жуманазаровдун өлүмү орду толгус жоготуу болду.

 

Маалымдама. Москвадагы Олимпиада-80де Кыргызстандын ар-намысын төмөнкүлөр коргошкон:

 

Александр Мелентьев (ок атуу, “алтын”),

 

Александр Блинов (ат спорту, СССР курама командасында “алтын” жана жеке эсепте “күмүш”),

 

Татьяна Колпакова (жеңил атлетика, “алтын”),

 

Каныбек Осмоналиев (оор атлетика, “алтын”),

 

Александр Абушахметов (найзалашуу, “коло”),

 

Николай Чернецкий (жеңил атлетика, “алтын”),

 

Марина Сысоева (жеңил атлетика, 5-орун),

 

Сатымкул Жуманазаров (жеңил атлетика, “коло”),

 

Леонид Дунаев (найзалашуу, “коло”). Ж.Тынаев


Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу