Интервью

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
23/07 14:27
 

Жыргалбек Касаболотов: Чет элдик журналисттер эл аралык стандарттарды одоно бузушту

БИШКЕК, 23-июль. (КАБАР). Журналисттерди “бардык балээ” багат деген кептин чындыгы бардай. Акыркы учурда Кыргызстанда болгон окуялар бир катар дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарын чогултуп, алар кырдаалга ар кандай көз караштагы сын айтышып, туура да, туура эмес да талдап, баалашууда. Жаркын келечек жөнүндө саясатчылар кам көрсө, өткөн доорду тарыхчылар тактап, ал эми бүгүнкүнүн кызыгын журналисттер жазат эмеспи. Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражатынын жеңиши жана жетишпестиктери тууралуу “КАБАР” агенттигинин суроолоруна белгилүү журналист Жыргалбек Касаболотов жооп берди.

- Журналисттер өлкөнүн түштүгүндө болгон кырдаалды туура эмес чагылдырууда деген дооматтар коюлуп жатат. Демек, кыргыз журналисттери мындай кырдаалда иштөө шартын билишпейби же даяр эмеспи?

- Түштүктөгү окуяларды эки башка журналисттер чагылдырды. Өлкөнүн тышындагылары өзбектерге жан тартып, кыргыздарды мокочо кылып көрсөттү. Өлкөнүн ичиндегилери ушак-айындарга жол берген учурлары болду. А негизи чыр-чатак абалында иштөөнүн өзүнчө эрежелери бар. Мисалы, өлүктөрдү көрсөткөнгө, кайсы тараптан көп өлгөнүн айтууга, зарылчылыгы жок болсо башка чыр-чатактарды улут аралык катары көрсөтүүгө болбойт. Бул эл аралык журналистиканын этикалык стандарттары боюнча. Бирок бизде журналистика жалаң эле маалымат жеткирүүнүн эмес, коомдук пикирди калыптандыруунун да куралы катары кызмат кылып келатат. Эмне болгон күндө да соттолуп кеткенге негиз бере турган нерселерди жазбаш керек. Эмне үчүн соттолуп кетээрин так билип алып, ошол нерселерден оолак болсо ошол жетиштүү.

- Акыркы учурда чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары Ош, Жалал-Абаддагы окуя боюнча бир жактуу маалымат берип жаткандыгы нааразычылыкты жаратууда. Бул көрүнүшкө кандай баа берет элеңиз?

- Биринчиден, алар окуя өрчүп, өзбектер кача баштаган учурга карата келип калышты. Чатактын эмнеден чыкканын көргөн жок. Экинчиден, алар жергиликтуу шарттарды билбейт. Үчүнчүдөн, жана эн негизгиси, чет элдик журналисттер эл аралык стандарттарды одоно бузушту. Бузганы атайын болушу да мүмкүн. Ошону менен катар батыш басылмаларына ишенич да кетти.

 

- Негизинен эле журналисттердин өлкөнүн саясий турмушундагы салмагы канчалык? Апрель окуяларынан кийинки жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын эмгегине кандай баа бересиз?

- Өлкөнүн саясый турмушунда салмагы аз. Азыр негизинен эле журналисттерге ишенич аз. Бирок эркиндик көп.

- Эркиндик көп дейсиз, ошол эле учурда  журналисттер бийликке “сөз эркиндигин муунттуңар, жок кылдыңар” деп доомат коюп келишет?

- Учурда сөз эркиндиги толтура. Кысым кылган эч ким жок. Бийлик күчтөнсө ошондо кайра кысым күчөшү мүмкүн.

- Кыргызстан эгемендуулукту алган жылдардан берки сөз эркиндигин абалы кандай болду?

- Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан берки сөз эркиндиги жакшы болуп турган үч этапты айтса болот.  Биринчиси,  Кыргызстан жаңыдан эркиндик алган кез. Экинчиси,  2005-жылдын окуяларынан кийинки, бийлик күчөгөнгө чейинки этап. Үчүнчүсү, азыркы этап. Бул убакыттын ортосундагы жылдары чынында эле сөз эркиндиги кысымга калган.

 

- Азыркы бийлик сунуштап жаткан саясий концепция үч эркиндикке негизделгендиги айтылып келди. Алардын бири  эркин массалык маалымат каражаттары. Бул саясий концепция ишке ашаарына ишенесизби?

- Ишенем.

- Кайсы негизде?

- Кыргыздар эми эч кайсы бийликке эркиндикти кысканга жол беришпейт деп ойлойм. Эл ойгонду. (даярдаган М. Ибраева)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу