Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
22/07 18:06
 

С. Бакиров: “Жалал-Абадда тополоң кайталанат деп, тынчсызданууга негиз жок”

Жалал-Абад 22-июль (КАБАР) Жалал-Абад облусунун коменданты, облустук ички иштер башкармасынын башчысы, милициянын полковниги Сталбек Бакиров кабарчыбыздын суроолоруна жооп берген.

- Сталбек Нурдинович, азыркы мезгилде облуста кырдаал кандай болуп калды жана каза болгондордун кыркылыгы өткөндөн кийин тополоң кайра дагы кайталанат деген ушак айың болгон.

- Облустун аймагында бүгүнкү күндө коомдук-саясий абал стабилдүү жана күч органдары тарабынан көзөмөлгө алынууда. Буга чейин ар кандай ушак-айың сөздөр айтылды. Чынында кыркылык өткөндөн кийин дагы тополоң кайталанат экен. Бул жактан чыгат экен, тиги жактан чыгат экен, деген суук сөздөр болду. Ошону менен бирге эле, Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында кичи, тар көчөлөрүнүн кээ бир үйлөрүнө крест коюп кетиптир. Бул эмне деген белги? - деген маалымат түшкөн. Облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан жана жер-жерлердеги шаардык- райондук ИИБ тарабынан ар бир маалыматка тезинен маани берип текшерүүдөбүз. Бүгүнкү күндө бул маалыматтардын бири да ырасталган жок жана кооптонууга негиз жок.

- Облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыштуулуктун бетин ачуу боюнча кандай иштер аткарылууда?

- Иш мурдагыдай эле өз нугунда баратат. Бир гана акыркы күндөрдөгү май-июнь айларында болгон коогалаңда гана оор жана өтө оор кылмыштардын саны көбөйүп кетти. Алардын да бүгүнкү күндө ачылуу деңгээли жогору десем болот. Мисалы, Сузак районундагы "Санпа" ишканасынын жанында болгон окуядан тез аралыкта 13 кишини өлтүрүүнүн, Сузак районунун кире бериш жериндеги Арканын жанынан 2 адамды, "Асыл" кафесинде 2 адамды, ЖТРдин имаратынын ичинде 2 адамды өлтүрүп кеткендиги боюнча кылмыш иштеринин бетин ачтык. Азыркы күндө дагы мындай өтө оор кылмыштардын бетин ачуунун үстүндө иштеп жатабыз. Алдыда дагы аткарыла турган иштер көп.
- Май-июнь айларындагы коогала
ңдарда канча адам шектүү деп кармалды?

-Бүгүнкү күндө 67 киши кармалды.
-Калктан канча курал алынды?

- 300 дөн ашык курал алынды. Анын ичинен тактап айта турган болсок, мыйзамсыз сактаган эки даана станковый гранатомёт. Алар 58 даана снаряды менен кошо алынды. Андан сырткары, АКМ, АКС үлгүсүндөгү автоматтар, ПМ, ТТ, Байкал үлгүсүндөгү тапанчалар алынды. (аңгемелешкен А.Жаңыбаева)


Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу