Интервью

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
15/07 19:14
 

К. Ашыркулов: Бажы союзуна кирүүгө ашыкпай туруу керек

БИШКЕК, 15-июль. (КАБАР). Июль айынын башталышынан тартып Россия, Казакастан жана Беларусь республикаларын бириктирген Бажы союзу иштей баштады. Кыргызстан менен Тажикистан кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экендиги айтылууда. Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү болгон Кыргызстан үчүн Бажы союзуна кирүүнүн оң жана терс жактары боюнча “КАБАР” маалымат агенттигинин суроолоруна Эл аралык ишкер кеңештин аткаруучу директору Кубан Ашыркулов жооп берди.

- Бажы союзуна кирүү Кыргызстандын экономикасына кандай таасирин тийгизет?

- Бажы союзуна кирген Казакстан, Россия жана Беларустун экономикасын Кыргызстандын экономикасы менен салыштырып болбойт. Алардын деңгээли таптакыр башка. Биз географиялык абалга жараша Кытай товарларын коңшу өлкөлөргө тарата турган транзиттик өлкөбүз. Мына ушул абал өлкөнүн экономикасынын көп бөлүгүн камтыган. Ал эми Бажы союзуна киргенден кийин кайра экспорттоого тоскоолдуктар жаралат. Мындай жагдай Казакстан менен Россия үчүн өтө ыңгайлуу. Кыргызстан үчүн терс таасирин тийгизет. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын өзүнүн өндүрүшү дээрлик жок болсо, Казакстан менен Россияда өндүрүш жолго салынган. Ушундан улам эки өлкө кабыл алган шартты Кыргызстан кабыл ала албайт. Ошондуктан, Бажы союзуна кошулуу демилгесин дыккат талдап, ага кирген Казакстан, Россия жана Беларуска кандай таасири тийгендигин иликтеп, шашпай чечим чыгаруу керек. Азырынча Бажы союзунун Кыргызстан экономикасына тийгизе турган жаман жана жакшы жактарын айтууга мүмкүн эмес. Казакстан менен чек ара толук ачылып, Бажы союзунун эрежелери үч өлкөдө кандай ишке ашып жаткандыгын байкоо салып, анан гана тыянак чыгарууга болот.

- Казакстан чек араны толук ачкан күндө да Бажы союзунун эрежелерине ылайык, кытай товарларын кайра экспорттоого чектөө салат деп айтыңыз. Мындай шартта кыргыз экономикасына кедергиси тийеби?

- Туура, Бажы союзунун эрежелери боюнча кытай товарларын кайра экспорттоого чек коюлат. Бирок кайра экспорттоо же реэкспортко тыюу салынбайт, бажы пошлиналары жогорулайт. Тарифтердин кымбатташы менен кайра экспорттоодон пайда түшпөй калат. Мурдагы шарттарга ылайык кытай товарларын кайра экспорттоо бизнеси жолго салынган, эми ал өнүкпөй калышы мүмкүн.

- Алсак, бажы пошлиналары канчалык деңгээлде жогорулайт?

- Азырынча канча көтөрүлөөрү белгисиз. Аз күн мурун Кыргызстандагы Россия Бажы өкүлчүлүгү ишкерлерге ачык маалымат берди. Анда кайра экспорттоо багытында бажы пошлиналары сөзсүз өзгөрө тургандыгы айтылды. Бирок Кытайдан алынып келинген товар Кыргызстанда кайра иштетилип, продукция өндүрүлсө, мурунку шарт кала берет. Ошондуктан, тигүү тармагына терс таасирин тийгизбейт. Башка мисал, Россияда автомобиль өндүрүшү өнүккөн. Көп болбосо да саналуу ишканалары бар. Алар өздөрүндө өндүрүлгөн автоунааларды сатуу үчүн чет өлкөдөн киргизилип жаткан автоунааларды экспорттоо тарифин көбөйтүүдө. Бул тарифтер Бажы союзуна кирген өлкөлөргө да тиешелүү болот. Эгерде Кыргызстан да Бажы союзуна кирсе, бизге да тиешелүү болуп, таасирин тийгизет. Тарифтер болуп көрбөгөндөй көбөйүп, бул бизнес да токтоп калышы мүмкүн. Бул шарт Россия үчүн ыңгайлуу болгону менен биз үчүн жакшы жагы жок.

- Россия менен Казакстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (БДСУ) кирүү аракетин көрүүдө. Эгерде эки өлкө БДСУга кирсе, Кыргызстан үчүн Бажы союзунун эрежелери жеңилдейби?

- Ооба, эгерде Россия менен Казакстан БДСУга кирсе бизге жакшы болот. Алсак, ошол эле чек араны жабуу бир тараптуу чечим менен кабыл алынбайт. Казакстан чек араны коопсуздук маселесине шылтап гана жаап коё албай калат да, Кыргызстанга жеңилдиктер болот. Казакстандын БДСУга киришинин Кыргызстан үчүн дагы бир пайдасы кайсы бир товарга тарифти көтөрүүдө алдын-ала эскертилип, чукул чечим кабыл алынбайт. Мисалы, сүт азыктарын өндүрүүнү өздөрү колго алып, Кыргызстандан экспорттоого чектөө койгулары келсе, бир ай мурун эскертип, тарифтер көтөрүлөт деп айтышы керек. Кыргызстан ошондой шартка макулбу же жокпу өзүнүн оюн билдирип, кызыкчылыгын коргогонго укугу бар болот.

- Бажы союзуна кирүүнүн Кыргызстан үчүн зарылчылыгы барбы?

- Азырынча Бажы союзу пилоттук база деп айтсак болот. Ал жаңы гана ишке ашып баштады. Анын жакшы жана жаман жактары эми байкалып баштайт. Алсак, казак эксперттери Бажы союзу Казакстан үчүн “тузак” болгондугун айтышууда. Бул автоунааларды чет өлкөлөрдө экспорттоого байланыштуу. Бул эреже Россиянын экономикасына жол ачса, Казакстандын жолун бууп коюуда. Мунун таасири бизге да тиет. Ошол эле соода жүгүртүү, өндүрүшкө, тагыраак айтканда, тышкы соодага байланышы бар бардык багыттарга кедергисин тийгизет.

- Сиздин жеке пикириңизде Бажы союзуна кирүүгө шашылбай туруу керек?

- Албетте, шашылуунун зарылчылыгы жок. Бажы союзу бүгүн кабыл алган айрым эрежелер аз убакыттан кийин өзгөрүшү мүмкүн деп ойлойм. Буга кошумча Бажы союзуна кирүү бул экономикалык гана эмес, саясый да маселе. Албетте, союздун экономикалык шарттары кайра каралышы мүмкүн. Ал эми ага кирген өлкөлөр Кыргызстан менен алака түзүүнү кааласа, экономикалык шартынан мурда да саясый өңүттөгү чечим аркылуу киргизиши толук мүмкүн. (М. Ибраева)


Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу