Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
13/07 18:50
 

“Шоро” компаниясынын башкы директору Ж. Эгембердиев: Ар бир адам өзүнүн ишин билүүгө тийиш

БИШКЕК, 13-июль. (“КАБАР”). – Жумадил Бердигулович, соңку жолу, сиз менен маектешкен кезде, сиз бүткүл дүйнөлүк финансы каатчылыгынын шартында кампанияңыз үмүттү үзбөй тургандыгын жана жакшы нерселерге ишене тургандыгын айттыңыз эле. Ошондо бир нече айдан кийин эле өлкөбүздө төңкөрүлүш, андан кийин түштүктө кайгылуу окуялар болуп кете тургандыгын эч ким түкшүмөлдөгөн эмес. Балким, азыркы убакта сиздин позицияңыз түп-тамырынан өзгөрүлүп кеткен чыгар?

-Андай эмес. Азыр дендароо болуу жана бул өлкөдө бизнес жүргүзүү пайдасыз деп айтуу бардыгынан жеңил. Биздин компаниябыз да ушул окуялардын убагында кыйла зыян тартып калды, бирок мен өз позициямда турууну улантып келатамын. Мамлекеттин калыптанышындагы каатчылыктардын, төңкөрүлүштөрдүн жана башка ушулар сыяктуу жагымсыз учурлардын убагында ишти алга жылдырып кетүү татаал, бирок чындыгында күчтүү команда үчүн эч кандай тоскоолдуктар жок.

-Жалпысынан өлкөдөгү кырдаалга карата сиздин пикириңиз кандай?

-Соңку убакта мага ушундай суроону көп беришип, кандайдыр-бир ток-шоуга чакырышып, интервью алууга аракеттенип жатышкандыгын билесизби... Мен, эгерде чынымды айтсам, мунун эмне кереги бар экендигине такыр түшүнбөймүн. Мен саясаттан алыс адаммын, саясий ишмер да, бул чөйрөдө кесипкөй да эмесмин. Мындай учурда менин пикирим кимге кызыктуу? Мен өзүм териштире биле турган темада оюмду курсанттык менен айта аламын. Ар бир адам өз иши менен алакеттенүүгө тийиш деп эсептеймин. Мен сыяктуу эле саясаттан алыс адамдардын калк алдында сүйлөгөндөрүн дайыма көрөм, билесизби, муну туура эмес деп эсептеймин. Өзүнүн дилетанттык пикирин өзүндө эле калтырышы керек. Анткени байкоосуздан ооздон чыгып кеткен ар бир сөз, ар бир кесипкөйсүз пикир өлкөдөгү туруксуз кырдаалдын жалпы казанына түшө турган кезектеги тамчы болуп калышы мүмкүн.

-Өзүңүз эмне үчүн саясатчы болууга эч качан умтулган жоксуз?

-Анткени ар бир адам өмүр бою алакеттене турган нерсени тандап алат жана андан эч бурулбастан ошол жол менен барышы керек. Эгерде бардыгына асыла берсең, андан пайдалуу эч нерсе чыкпайт. Саясат деген саясат, бизнес деген бизнес. Менин өзүмдүн милдеттерим бар, мисалы, мен чоң компанияны башкарамын, бир күндүк пиар үчүн, шектүү атак-даңк үчүн бардыгын сайып койгум келбейт. Менин компаниямда 500дөн ашуун кызматкерлер бар, алардын алдында жеке жоопкерчилик тартамын. Өз кезегинде алар, кызматкерлер, мени менен кошо эбегейсиз зор сандагы керектөөчүлөрдүн алдында жоопкерчилик тартышат. Бул жоопкерчилик эч нерсеге карабастан ишти уланта берүүдө гана эмес. Өзүбүздүн бардык ишибиз менен өлкөнү, улуттук маданиятты, кылымдар бою калыптанып келген, ал эми азыр акырындык менен унутулуп бараткан салтыбызды колдоо маанилүү. Биздин компаниябыздын иштеп жатканына быйыл 18 жыл толот. Ушул жолду бардыгыбыз чогуубуз менен басып өттүк, ошондуктан өзүмдүн кызматкерлеримди уятка калтырууга же алдап кетүүгө укугум жок. Ошентип өлкөбүзгө башкасы эмес, дал өзүм азыр турган ролдо көбүрөөк пайда алып келүүдөмүн.

-Сиздин оюңузча, патриотизм деген барбы?

-Мен патриотизм деген түшүнүк азыркы убакта бир азыраак бурмаланып кеткен деп эсептеймин. Жаштар, мисалы, КР желеги тартылган көйнөк кийүү жетиштүү, ошондо сен өзүңдөн өзүң эле патриот болуп каласың деп ойлошот. Бул туура эмес позиция. Патриотизм - бул ар бир адамдын терең ички туюму, кандайдыр-бир дин сыяктуу өтө жекече нерсе. Патриотизм кичине нерселерден, майда-чүйдөлөрдөн көрүнөт: көчөгө акыр-чикирлерди ыргытпагын, булгабагын, өзүңдүн эмгегиңди жана башка бирөөнүн эмгегин баала. Биз эмне үчүн ушул кезге чейин үчүнчү дүйнөнүн өлкөсү болуп келатабыз, ал эми бизде өнүгүү үчүн бардык ресурстар бар эмеспи? Анткени жаштардын башында туура эмес түшүнүктөр куюндап жүрөт – алар өзүлөрүн гана ойлошот, өз турмушун “мен” деген эсептөөгө негиздөө менен курушат. Ал эми “менин өлкөм” деген көз карашка негиздениши жана өзүнө: мен бул өлкө үчүн эмне жасадым?, - деген суроо бериши керек.

-Эгерде сиздин жекече көз карашыңыз компаниянын саясатына төп келип калса, “Шоро” эсептөөнүн кайсы көз карашына негизденет?

-Ошол эле көз карашка негизденет. Өзүңдү өнүктүрүү менен, өзүңдүн өлкөңдү өнүктүр. Жардам бере турган жериңе жардамдашкын, өзүңө тиешеси жок ишке кийлигишпегин. Биздин компаниябыз - өлкөдөгү чет өлкөлүк активдери жок бир азыраак компаниялардын бири. Биз азыркы кырдаалда биз тараптан патриотизм алкоголдук ичимдиктерди, тамеки буюмдарын эмес, улуттук суусундуктарды чыгарып жаткандыгыбыздан көрүнөт деп эсептейбиз. Биз өзүбүздүн азыгыбыз менен жергиликтүү өндүрүштү колдоп жатабыз. Биз өзүбүздүн азыгыбыздын жана өзүбүздүн компаниябыздын бөтөнчөлүгүн сактап калууну каалайбыз, мында бизге биринчи кезекте жарандарыбыздын колдоосу керек. Кандайдыр-бир ачык маркетингдик жана бизнестик түшүнүктөрдөн тышкары биздин компаниябызда моралдык принциптер күчтүү. Бул улуттук азыктарды өнүктүрүүдөн жана кайрымдуулуктан көрүнүп турат.

-Сиздин компанияңыз кайрымдуулуктун кандай түрлөрү менен иш жүргүзөт?

-Муну айтып олтуруунун кереги жок деп ойлоймун, бул кайрымдуулуктун бардыгы эле билүүгө тийиш болгон түрү эмес. Пиар-кайрымдуулук деген бар, жөн эле жардам деген бар. Мен соңку убакта өлкөбүздө болуп жаткандардан сыртта калгандар аз экендигине ишенемин. Дегинкисинде, мен бул адамдар өзүлөрүн кандайча алып жүрүшүн байкап жаткандыгымды билесизби. Бул таң каларлык: жаш жигиттер ыктыярдуу башталыштарда түнкүсүн шаарга патрулдук кылышып, гуманитардык жардамдын эң оор мүшөктөрүн жүктөшүүдө. Айрымдары кандайдыр-бир буюмдарды, кийим-кечелерди, дары-дармектерди чогултушуп, түнкүсүн уктабай чыгышат, мунун бардыгы зор күч-аракеттерди талап кылат. Көбү качкындардын үй-бүлөлөрүн өзүлөрүнүн үйлөрүндө батырышып, кимдир-бирөө жөн эле психологиялык жардам берүүдө... бардыгыбызды кайгы бириктиргендигин карагылачы, сенин улутуң кайсы экендигинин мааниси жок. Биздин адамдарыбыз канчалык кайрымдуу, боорукер жана таң каларлыктай ынтымактуу экендигин карап көргүлөчү. Мындай адамдар менен өлкө чындыгында улуу өлкө болууга тийиш.

-Сиз саясаттан алысмын деп ырастасаңыз да, сиз жарандык активдүү позициядагы адамсыз. Өлкөнүн азыркы лидерлерине байланыштуу эмнелерди ойлоносуз?

-Мен компаниянын жетекчиси катары, бийликке тигил же бул адамдын келгендигине, оңчул же солчул экендигине, ичкилик же аркалык экендигине кызыкпаймын. Мен өкмөттө бир же жүз жетекчи болобу, алар биринчи кезекте мага жана менин кызматкерлериме туруктуу ишти жана толук ыңгайлуу шартты камсыз кылып беришине кызыгамын. Менде тигил же бул лидерди эч кандай ачык-айкын жактыруу деген жок, мен бардыгын сыйлаймын жана туруктуулук – бул биз, Кыргызстандын эли дегеле өлкөнү башкарып жатышкан адамдарга кое турган жападан-жалгыз талап деп ойлоймун.

Ишенимин жана таянычын жоготкондорго биз татаал мезгилде жашап жатабыз деп айткым келет. Бирок кимге көбүрөөк берилсе, ошондон көбүрөөк сурашат деп жатышпайбы, ошондуктан бул дал балдарыбыздын келечеги үчүн төлөөгө тийиш болгон баа. Ишеним укмуштарды жаратат, бирок жалгыз ишеним аз. Иштөө, көбүрөөк иштөө жана ишиңе курсант болуу керек. Бул өлкөбүз үчүн жасай ала турган жалгыз нерсе. Түздөн-түз өзүбүздүн компаниябызга келсек, биз иштөөнү улантуудабыз, өнүгүүнү жана өнүктүрүүнү улантып жатабыз, ошондуктан өлкөбүз тилектерибизде көргүбүз келген өлкө болушу үчүн колубуздан келгендердин бардыгын жасай тургандыгыбызга ишенип койгула. (которгон ЖТынаев “24 kg”ден алынды)


Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу