Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
13/07 15:15
 

А. Исаев: Башкаруу системасы туура жолго түшсө, мамлекетибиз оңолот

Кыргызстан 27-июндагы референдумдан кийин башкаруунун парламенттик жолуна түштү. Андыктан учурда саясый партиялар күзгө белгиленген парламенттик шайлоого кызуу даярдыктарды көрүшүүдө. Биз баарыбыздын алдыбызда турган бул саясый өнөктүк, жаштардын мамлекетти башкаруудагы орду, түштүктөгү өткөн айда болгон кайгылуу окуялар жана башка суроолордун тегерегинде Ош облусттук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү жамааттар менен иштешүү бөлүмүнүн башчысы Исаев Айбек Назирбаевич менен маектештик.

- Айбек мырза, 27-июндагы референдум биз баарыбыз күткөндөгүдөн да жогорку деңгээлде өтүп, мамлекет башчыбызды шайлап алдык жана башкаруунун парламенттик жолуна түштүк. Азыр ар бир кыргызстандыктын алдында “Эмне кылуу керек?” деген суроо турат. Сиз социал-демократтар партиясынын Ош облусундагы жаштар канатынын лидери катары бул суроого кандай жооп берет элеңиз?

- Эгер тарыхка көз жүгүртсөк, кыргыздар бир гана меймандос, баатыр, чыдамкай, катылгандын катыгын берген намыскөй калк болбостон, ошол эле учурда эркиндикти сүйгөн, адилетсиз башкарууга моюн сунбаган да эл болгон. Бирок акыркы жыйырма жылдагы эки экс-президенттер Акаев менен Бакиевдин кыргыздардын мындай табияты менен өзгөчөлүгүн эске албай, үй-бүлөлүк, диктатуралык башкарууну орноткусу келген саясый түркөйлүгүнүн кесепетинен эки ирет революция болду. Ошол эле учурда айрым саясатчылардын элди бөлүп-жарган пессимистик божомолуна, жалпы кыргыз эли кан жутуп турган Ош окуясына карабастан, 27-июнда да биримдигибизди көрсөтүп, референдумду жогорку деңгээлде өткөрүп алдык. Чындыгында ошол күндөрү бүтүндөй дүйнөлүк коомчулук кыргыздар эми кантер экен, дегеле Кыргызстан деген мамлекет мындан ары болобу деп баам салып турушкан болчу.

- Айрым республикабыздын эле атуулдары кечээки күнгө чейин Кыргызстан мамлекет болбойт, бизде табыгый байлыктар да жок деген тескери пикирлерди айтып келишти. Сиз мамлекетибиздин келечегин кандай элестетесиз?

- Менимче тигил же бул мамлекеттин келечеги анын табигый байлыгына карап аныкталбайт. Тескерисинче табигый байлыгы жок туруп, интеллект, новаторлук жана илимий-техникалык жактан өнүккөн мамлекеттер дүйнөдө экономикалык да лидер боло аларын Япониянын, Малайзиянын мисалы далилдеп турат. Мына боордош Түркияда деле бизге окшоп газы, мунайы кала берсе көмүрү, ташы менен темири жок. Анткен менен экономикасы өтө жогору. Башкасын кой, дүйнө жүзүнүн бештен бир бөлүгүн ээлеген, баардык табигый байлыктардын эбегейсиз кору бар Россия деле газына же мунайына ишенбей, алдыңкы технологияны өнүктүрүүгө басым жасоодо. Бул жаш муундун өкүлү болгон орус лидери Д.Медведевдин жаңыча саясаты, өз элин ойлогон, келечекти көрө билгендиги.

Мындай мисалдарды жөн гана айтып жатканым жок. Анткени биздин саясатчылар да өмүр боюу эле кызматты менчиктеп алгансып отура бербей, жаштарга – жаңы идея менен демилгеге орун бошотуш керек. Бул жагынан мен жакында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү А.Бекназаровдун “Мындан ары жаштарга орун бошотушубуз керек” деген сөзүнө ыраазы болдум. Антпесе канчалаган талантуу жаштарыбыз чет өлкөлөрдө мигрант болуп жүрүшөт. Ал эми керек болсо бизде газыбыз деле, мунайыбыз деле бар. Болгону аларды иштетиш керек. Көмүрүбүз миңдеген жылдарга жетет. Тоолорубуз менен андагы суубуз, арча, карагай, алтын, кала берсе түркүн түстүү таштарыбыз эмне деген байлык. Болгону мындан ары ушул табият тартуулаган байлыгыбызды экс-президенттердей эл аралык шылуундарга талатпай, Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштетип алсак.

- Кыргызстан буюрса КМШ аймагында биринчи болуп парламенттик башкарууга өткөнү турабыз. Бийликтин бул формасы элдин үмүтүн актайт, эски бийликтин тушундагы үй-бүлөлүк, кландык, уруулук башкаруу жоюлат деп ишенесизби?

- Туура, КМШ өлкөлөрүндө биринчи болуп биз парламенттик башкаруу системасына өтүп жатабыз. Дүйнөдө ошол эле Түркия, Европанын бир катар парламенттик жол менен өнүгүп келаткан мамлекеттери бар. Бирок башкаруунун мындай жолу биздин ата-бабаларыбыздан эле колдонулуп келген. Уруу башчылары чогулуп, ар кандай маселелерди кеңешип чечишкен.Элдин тандоосунан өткөн чечим жок. Ошондуктан мындан ары шайлоо таза, адилет өтүп, татыктуу партиялар тандалып келсе, адилет башкаруу болоруна ишеним бар. Балким, президенттик башкаруу деле жаман эместир. Бирок өткөн жыйырма жылдык тарыхыбызда эки президентибиздин мисалы көрсөткөндөй, башкаруунун президенттик жолу Кыргызстанды паракорчулук менен коррупциянын сазына белчебизден батырып, мамлекетибизди жакырга, жерибизди такырга айлантып, далай кыргыз жаштары ар кайсы мамлекеттерде тентип жүрүшөт.

- Айбек мырза, жаштар бийликке келиш керек деген пикирге альтернатива жок. Кеп ошол жаштардын бийликке кандай жол менен келеринде болуп жатат. Анткени буга чейин айрым жаштар уюмдары жаштарга парламенттен жеңилдик берилиш керек деген талапты коюшкан. Бул талап канчалык деңгээлде туура деп ойлойсуз?

- 11-апрелдеги окуядан кийин Кыргызстанда жаштар уюмдары жамгырдан кийинки козу карындай эле жайнап кетти. Алар бийликке ар кандай социалдык маселелерден баштап, саясый талаптарга чейин коюшту. Анын натыйжасында жаштар министрлиги түзүлдү. Мен ошол жаштар тигил же бул кызматта иштегенге даярбы, билими, тажрыйбасы жетеби деген суроону коёр элем. Тилекке каршы көпчүлүк жаштарыбыз мамлекеттик кызматта иштегенге даяр эмес, аны моюнга алышыбыз керек. Убактылуу өкмөттүн чечими менен жаштарга Президенттин алдындагы башкаруу академиясында кошумча билим берүү, мамлекеттик кызматка даярдоо маселеси чечилди. Бул кадам ушул айтылган кенемтени толуктайт деп ойлоймун.

- Жаштардын негизги маселеси жумушсуздук экендиги белгилүү. Бул көйгөйдү чечүү үчүн кандай иштер жасалыш керек?

- Эң оболу атамекендик өндүрүштү жандандыруу зарыл. Туризм тармагын өнүктүрсөк эле канчалаган жумуш орундар түзүлөт. Мына, түштүктөгү бузулган имараттарды калыбына келтирүүгө, үйлөрдү салууга куруучулар керек. Андыктан ар кайсы мамлекеттерде кыйналып жүргөн жаштарыбызды чакыруу зарыл. Ооба, бүгүнкү күндө көпчүлүк кыргыз жаштарынын бизнес жасоого, ишкерчилик менен алектенүүгө ниети болгон менен мүмкүнчүлүгү жок. Аларга мамлекет жеңилдетилген кредиттерди берип, үй менен камсыз кылууга жардам берүүнү колго алса. Мындан тышкары билим берүү, жеңил өнөржай, медицина тармагына жаштар тартылбаса, көпчүлүк учурда пенсия жашындагылар иштеп калууда.

- Сиз Ош шаарынын тургуну катары бир нече бейкүнөө жаштардын өмүрүн алган кайгылуу окуя эмне себептен чыкты деп ойлойсуз?

- Ошол каргашалуу 11-июнга караган түнү үйдө элем. Аңгыча эле түн ортосуна жакын 300 - 400гө жакын жаштар топ - топко бөлүнүп алып, четтен эле мекеме, ишканаларды талкалап, өрттөп, адамдарды өлтүрүп жатат деген каргашалуу кабарды угуп калдык. Менин жеке көз карашымда бул каргаша сырттан кайсы бир күч тарабынан уюштурулуп, ошол күнү эки улуттун ортосуна от таштаган соң, чагымчылар кайра чыгып кетишти. Ошол эле учурда айрым өзбек улутундагы улутчул өздөрүн лидербиз деп санаган адамдардын сырткы күчтөр менен байланышы болгон деп эсептеймин. Мисалы, Кадыржан Батыровдун май айында чагымчылык мүнөздөгү кайрылуусу жана аны жергиликтүү телеканалдардан кайра – кайра көрсөтүлүшүн бул даярдыктын бир далили катары караса болот. Бир чети алар ири өлчөмдөгү курал-жарактарды Ошко алып киришип, “махаллаларга” жайгаштырышкан. Бул жерде карапайым кыргыз же өзбек улутундагылардын күнөөсү жок. Алар эки оттун ортосунда эле жабыр тартып калышты. Ал эми “махаллалар” жашоочулар тарабынан жеке коопсуздугун камсыз кылуу максатында тосулуп, бир нече күн баррикадага айланды. Айрым мыкаачылык менен адам өлтүрүүлөр да элдин үрөйүн учуруу, кайраштыруу максатында атайын даярдыктагы жалданма киши өлтүргүчтөр тарабынан жасалышы да эки элди кайраштырууну көздөгөн.

- Айбек мырза, ушул жерде мамлекеттик идеология жөнүндө сөз кылууга туура келүүдө. Дегеле бизге мамлекеттик идеология керекпи? Өзүңүз айткандай К. Батыров эки улуттун ортосуна от жагып, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө коркунуч келтиришине айрым жеке менчик телеканалдар шарт түзүп жаткан жокпу?

- Туура айтасыз, Ош окуясы бизге мамлекеттик идеология керектигин жана сөз эркиндиги менен демократияга чек коюу зарылдыгын дагы бир жолу далилдеп койду. Анын оозуна кирген сөздү айта берүүсүнө жол бербеш керек болчу. Мындан ары Кыргызстанда эч кандай автономия, расмий тил маселеси көтөрүлбөш керек. Мурда улам айтылып келген бул маселелер айланып келип бейкүнөө адамдардын өмүрүн кыйып отурат.

- Бүгүнкү күндө түштүктө, айрыкча тополоң болгон Ош шаарында адамдар бири-бирине этият мамиле жасап, “Мындан ары кантип жашайбыз?” деген суроонун тегерегинде ой жүгүртүп калышты...

- Чындап эле өтө оор болду. 1990-жылы болгон Ош окуясынын жараты бүтүп, ошол кайгы эми гана унутулуп, кыргыз-өзбек куда-сөөк болуп катташып калдык эле. Бирок турмуш токтоп калбагандай эле, биз чогуу, ынтымакта жашаганга милдетүүбүз. Анткен менен карапайым кыргыз менен өзбек адамдарында күнөө жок. Азыр баарыбыз кайгы тартып турган учурубуз, бул күндөр да унутулар. Ошондуктан арканды узун таштап, дале болсо карым-катынашты күчөтүшүбүз зарыл. Эң негизгиси бири-бирибизди, каада-салтыбызды сыйлап, куда-сөөк, дос, тууган болсок, улуттук айырмачылыгыбыз деле унутулуп калат. Кыргыз элинде “жамандыкты амандык жеңет” деп бекеринен айтылган эмес. Баардык жамандыкты амандыгыбыз жеңет.

Маектешкен Эмилбек МОМУНОВ,

Бишкек – Ош – Бишкек.


Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу