Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
12/07 16:37
 

Мамлекеттик кинематография агенттиги кыргыз киносун өнүктүрө алабы?

БИШКЕК, 12-июль. (КАБАР). Бир кезде кыргыз киносунун гүлдөгөн доорунда тартылган тасмалар күнү бүгүн өзүнүн салмагын жоготпой келет. Кайра кайталап “Бакайдын жайыты”, “Уркуя”, “Ак кеме”, “Эрте келген Турналар”, “Караш-караш окуясы”, “Бөрү зындан”, “Фудзиямадагы кадыр түн”, “Көк серек”, “Жамийла”, “Махабат дастаны” жана башка тасманы көрбөйлү бийиктик менен кайталангыс чеберчилик, өнөр табабыз. Көз карандысыздыкка ээ болуу менен кыргыз кинематографиясы үчүн оор мезгил башталган. Бирок бардык кризисти жеңүүгө болот эмеспи. Кыргыз киносу да оор мезгилди артка калтырды деп айтууга негиз бардай. Себеби акыркы учурдагы жаралып жаткан фильмдер азбы-көппү, жакшыбы-жаманбы кино дүйнөсүндөгү жылыштан кабар берет. Буга кошумча жаңы бийлик кинону өнүктүрүүнү колго алып, департаменттин ордуна Мамлекеттик кинематография агенттигин түздү. Бул агенттик кинону өнүктүрүүгө кандай салым кошо алаарын “кино деп кыйноо тартып жүргөн” адамдардан сурадык.

Эрнест Абдыжапаров, кинорежиссер:

- Кинонун өнүгүшү кинематография багытында мамлекеттик агенттик болобу же департаментпи анын статусунан эмес, ким жетектеп, башына кандай киши келээринен көз каранды. Ошентсе да, Мамлекеттик кинематография агенттиги түзүлгөн соң өзгөрүү болот деген үмүт бар. Акыркы жыйырма жылдан бери мамлекеттин колун карабай өз алдыбызча кино жаратып келатабыз. Үмүт үзүлбөйт эмеспи. Мамлекеттик агенттик түзүлгөн соң кино тартууга акча бөлүү жагы да жолго салынат деп ишенем.

Улан Исабеков, “Кинематографияны өнүктүрүү ” коомдук фондунун директору:

- Өкмөт алдында жаңы түзүлгөн Мамлекеттик кинематография агенттигинин жетекчилигине мыкты менеджерди алып келүү зарыл. Ал эми анын орун басары чыгармачыл чөйрөдөгү адам болуусу керек. Анткени биздин кинематографияны өнүктүрүү багытында бирдиктүү менеджмент жок. Бирок, кыргыз керемети өз таасирин жоготту деп айтууга болбойт, тескерисинче, биздин режиссерлор жараткан фильмдер дүйнөлүк аренада ийгиликке жетишүүдө.

Өздүк бюджети жана мыкты жетекчиликтен турган агенттик бүтүндөй республиканын чыгармачыл адамдарын бириктирет деп ишенем.

Садык Шер-Нияз, кинорежиссер, “Айтыш” коомдук фондунун негиздөөчүсү:

- Кинонун өнүгүшү структураны өзгөртүүдөн көз каранды эмес. Бирок кинематография багытында өзүнчө агенттиктин ачылышы мыйзамдуу кадам болду. Анткени буга чейин кинематография боюнча мыйзам бузулуп келген. Ага ылайык кинематография багытындагы ведомство түздөн-түз Өкмөткө караган түзүм болушу керек эле. Эми гана ошол мыйзамдуу жолуна түштү.

Учурда кыргыз киносу акыйкаттык менен тең кароодон аксап келатат. Учурда негизинен чакан, жеке менчик киностудияда тартылган фильмдер гана эл аралык кинофестивалдарга катышып, Кыргызстандын жүзүн көрсөтүп келүүдө. Ал эми мамлекет “Кыргызфильмди” гана каржылап, кинонун өнүгүшүнө салымын кошо алган жок. Бизде кинону өнүктүрүүгө зор мүмкүнчүлүк, мыкты жаш режиссерлор бар. Бүткүл дүйнөгө кыргыз киносун таанытууга дараметибиз жетет. Буга мисал катары “Кыргызстан – кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү” долбоорунун эл аралык брэндге айланып бараткандыгын айтууга болот.

Негизгиси Мамлекеттик кинематография агенттигинин башына кино тартуу түйшүгүнөн кабары бар, кино жаратуу азабын билген киши келиши керек. Буга кошумча мыкты уюштуруучу, менеджер болсо анда кинонун өнүгүшүнө жол ачылат эле.

Наргиза Маматкулова, жаш режиссер:

- Мамлекеттик кинематография агенттигин түзүү аркылуу кинонун өнүгүшүнө мамлекеттин көңүл буруусу жакшы көрүнүш. Негизинен кинону өнүктүрүү үчүн жакшы кадрларды даярдоо керек. Аларга ар тараптан колдоо көрсөтүп туруу зарыл. Мамлекет акча жагынан дүйнөлүк деңгээлдеги фильмдерди тартууга жете турган каражат бербесе да, кинематографияны өнүктүрүү үчүн мындай көңүл бургандыгы чоң жетишкендик. Департаменттен агенттикке көтөрүлгөндөн кийин жоопкерчилик да жогорулайт деп ойлойм. (даярдаган Мээрим Ибраева)


Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу