Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
10/07 14:27
 

М.Турганбаев: Жалал-Абадда бирин-бири барымтага алган фактылар болгон жок

Жалал-Абад, 10-июль (КАБАР).  Кыргызстандын түштүк жергесинде июнь айындагы каргашалуу окуялардан кийин кыргыз-үзбек улутундагы мусулмандардын жарашуу иш-чаралары Жалал-Абад облусунун коогалаң болгон аймактарында байма-бай өтүп жатат. Ошондой иш-чаралардын бири жакында Сузак районунун «Күмүш-Азиз» айылындагы «Имам-Азам» медресе - мечитинде 1,5 миңге жакын мусулмандардын катышуусунда болуп өттү. Бул жарашуу түлөөсүнө КР ички иштер министринин биринчи орун басары Мелис Турганбаев да катышып, эки элди ынтымакка чакыруу менен куралдарды өз эрки менен өткөрүп берүүсүн суранды. Биз да мүмкүнчүлүктүн пайдаланып, жаңы гана генералдык наамды алган ИИМдин биринчи орун басары М.Турганбаевке кыскача суроолор менен кайрылган элек.

    - Мелис Токтомамбетович, акыркы мезгилдерде элди ынтымакка келтирип, коомду тынчтандыруу боюнча Сиздер тарабынан кандай иштер жүргүзүлүп жатат?

    - Туура суроо берип жатасыз.  Биз эки элди ынтымакка чакыруу  боюнча Жалал-Абад шаарында, Сузакта,  Базар-Коргондо атайын чай үстүндү жарашуу иш-чараларын өткөрүп жатабыз. Аксакалдар өздөрү уюштуруп, бизди мечитке чакырып, ошол жерлерде жакшы сөздөр айтылып, кыргыз-өзбек болуп мындан ары курал көтөрүп алып урушууну токтотуу керектиги боюнча сөздөр айтылып жатат.

    Каргашалуу  окуя болуп кеткенден кийин, ушул Жалал-Абад жергесинде бир ок атуу болбосун, бир эненин, атанын көз жашы төгүлбөсүн деп, ар кайсы жерлерге барып элдер менен сүйлөшүп, куралдарды тапшыргыла, баррикадаларды ачкыла деген сүйлөшүүлөрдүн негизинде, бардык жолдорду ачып жатабыз. Бүгүнкү күндө Сузакта элдер өз эрки менен 210 куралын тапшырды. Облус боюнча 300дөн ашык курал-жарактарды алдык. Бүгүнкүдүй болуп, эки элдин ынтымагы, биримдиги мындан ары да бекемдей берсин. Жана бир аксакал жакшы сөздү айтты, кыргыз-өзбек болуп бири-бирибиз менен куда бололу деп жатат.

    Эки жумадан бери үйлөнүү тойлору  болуп жатат. Өзүмдүн балдарым, өзүмдүн туугандарым үйлөнүп жаткандай сүйүндүм. Себеби, той болгон жерде ынтымак бар, эч кандай коркунуч жок деп ойлойм. Мындан ары, жакшынакай Жалал-Абад ыйык жеринде мындай каргашалуу окуялар болбойт деп биз ойлойбуз.

    - Эл арасында чагымчылык кылып жүргөндөрдүн кармалгандары болуп жатабы?

    - Бүгүнкү күндү 60тан ашык инсан  кармалып олтурат. Бул жерде  оор кылмыштардын көбү ачылды. Адам өлтүрүү, тоноп кетүү, биринин мүлкүн бири тартып алуу боюнча кылмыштардын баары ачылып жатат.

    - Оштогудай болуп  адамдарды уурдап  кетүү, жоголуп  кеткендер бизде  да барбы?

    - Биздин милицияга келип «жоголуп  кетти» деп, алты киши кайрылды эле. Анын экөө иш сапар менен келгендер, төртөө жергиликтүү тургундар болчу. Алардын ичинен бирөө жакында табылды. Кечээ Базар-Коргондон бир аялдын күйгөн өлүк денеси табылды. Издөөдө жүргөн кыздын денеси болуш керек деп, ДНКсын текшергенге жибердик. Ошондо төртөө издөөдө, дагы төртөө калып жатат. Издөөлөр күчөтүлүп жүргүзүлүп жатат. Биз ойлойбуз, алар деле тирүү болуш керек. Бир жерлерде жүрүт го деп ойлоп жатабыз, жакшылыктан үмүт кылып. Атайын топ түзүлүп, издөө иштери уланууда. Анан жанагындай барымтада кармап, же болбосо бирин-бири жер төлөөлөрдө кармап алды деген фактысы Жалал-Абадда болгон жок.  

    Анархан Жаңыбаева,

Жалал-Абад шаары


Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу